Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 07:35

«Мекенге» сын же цензуранын илеби


«Мекен» тасмасынан скриншот.

“Мекен” аттуу көркөм тасманын бет ачары "YouTube" каналынан 31-июлда коюлат. Бир нече мекеменин өкүлүнөн турган комиссия көрүп чыккандан кийин сын айтылып, тасманын айрым жерлери кесилген.

Табият коюнунда үй-бүлөсү менен бейкапар өмүр сүрүп жаткан Бектемирдин тынч жашоосун жогору жактагы тоолорду жардырып, кен каза баштаган ишкана бузат. Окуянын башында бул жагдайга кайдыгер караган Бектемир кийин кендин залакасы анын үй-бүлөсүнө, мал-жандыгына тийгенде жоопкерчиликсиз иштеп жаткан ишканага каршы күрөшүн баштайт. Бектемирдин бул күрөшү бара-бара жалпы элдин коррупциялашкан системага каршы күрөшүнө айланат.

Мына ушундай мазмундагы тасма боюнча атайын комиссияны Маданият министрлиги тасма кино таануучу Гүлбара Төлөмүшеванын кызматтык катынын негизинде түзгөн. Тогуз кишиден турган комиссияга УКМКдан, Ички иштер министрлигинен, Дин иштери боюнча комиссиядан жана башка органдардан өкүлдөр кирген.

Маалымат министрлиги тасмалардын мыйзамга шайкеш келишин көзөмөлдөгөн комиссия 2016-жылдан бери иштеп келатканын, “Мекен” фильминдеги айрым жерлер боюнча гана бир-эки сын айтылып, жалпысынан колдоого алынганын билдирип жатат.

Кинематография департаментинин башчысынын орун басары Айзада Усупекова тасмага сынды цензура эмес, редактура катары түшүндүрдү:

«Кээ бир жерлеринде милициянын аброюна шек келтирген. Кыргыз аялы эч качан кара кийинип алып, жолдошун көмгөнгө мүрзөгө барбайт деген жерлери бар».

Жалилов: Түндүк Кореядагыдай каармандарды тартышыбыз керекпи?

Медербек Жалилов.
Медербек Жалилов.

Кен иштетүү тармагындагы коррупция жөнүндө тартылган “Мекен” тасмасы көрүүчүлөргө баштапкы версиясынан 20-30% өзгөртүлүп тартууланат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна фильмдин режиссеру Медербек Жалилов билдирди.

Режиссер Жалилов өзү маанилүү деп эсептеген кадрларды алып салууга мажбур болгонун, комедиялык каарман аркылуу чагылдырылган милициянын образы көп сын жаратканын айтып берди.

Ошондо биз кандай тасма тартышыбыз керек? Түптүз басып жүргөн, эч бир эмоциясы же жеке мүнөзү жок, Түндүк Кореядагыдай каармандарды тартышыбыз керекпи?
Медербек Жалилов.

- Негизинен “Милиция кызматкерлери мындай эмес” деп сын айтышты. Тасмада биздин бир да каарманыбыз адепке каршы эч нерсе жасабайт. Болгону, ошол милиционер каарманыбыздын мимикасы, эмоциялары күлкүлүү болчу. Аны таланттуу жигит жеткире аткарган. Биз “Силер өзүңөр Франциянын жандарм тууралуу комедиясын көрүп чоңойгонсуңар, Американын полициячысы жөнүндөгү тасмасын баарыбыз эле көрүп чоңойдук. Ал жерде ар кандай персонаждар бар. Бул көркөм тасма, ойдон чыгарылган образ” деп айттык. Комиссия мүчөлөрүнүн ой-жүгүртүүсү ушунчалык тар экендиги таң калтырды.

Аял мүрзөгө келген эпизод боюнча “Ал барбашы керек болчу” дешти. Ал жерде балдары миграцияга кеткен, өзүлөрү жалгыз жашаган кемпир-чал тууралуу баяндалат. Чалы каза болуп калып, сөөктү көмгөнү алып кетишсе аялы дагы бир жолу көрүп калуу ниетинде барган болот. Бул адамдык фактор. Мен ошол жерден мисал келтирип, вокзалдагы өзүм күбө болгон окуяны айтып бердим. Бир кезде биздин мигранттар темир жол аркылуу көп кете баштаган. Уулун Москвага узатып жаткан эне поезд жылганына карабастан чуркап баратты. Поездди кубалап жетпейт, андай ою деле жок, болгону, бир азга болсо да көрүп турайын деп чуркап баратат... Ошондой эле көрүнүш. Адамдын жеке трагедиясы.

Тасмадагы ар бир каармандын артында философиялык маани катылган.

Улуу эле адамдар, бирок алардын ушундай көз карашына таң калдык. Ошондо биз кандай тасма тартышыбыз керек? Түптүз басып жүргөн, эч бир эмоциясы же жеке мүнөзү жок, Түндүк Кореядагыдай каармандарды тартышыбыз керекпи?

- Канча жерин өзгөртүү сунуш кылынды? Силер макул болдуңарбы?

- Дагы бир сын пикир болгон. Биз аны такыр конструктивдүү эмес деп эсептейбиз. Чиновник каарман ишканадан пара алат. Эл менен сүйлөшүү жүргүзүп, компаниянын каталарын текшерүү ордуна акчасын алып, тигилерди да, буларды да мактап келе берет. Ошол жерди кесип салгыла дешти. Башкасына мейли, бирок ушуну такыр түшүнө алган жокпуз. Бул коррупцияны ачыктан ачык калкалоо болуп жатпайбы.

Кыскасы, айтылган сындан кийин жанагы милиционер каармандын бүт күлкүлүү образдарын кесип салдык. Болбосо, абдан таланттуу, потенциалы күчтүү жигит болчу. Кийин заман оңолсо, оригинал версиясын деле чыгарып калаттырбыз. Ал ролун аябай жакшы аткарган.

Мен эмне үчүн Сүймөнкул Чокморовдон кийин ошондой актерлер бизде чыкпай жатат деп таң кала берчүмүн. Көрсө бизде бүт баскан-турганына жанагыдай тосмо кое беришет экен бут тосуп. Адам өзүнүн ички дареметин колдоно албайт экен.

- Комиссия тасманын акыркы вариантын көрдүбү? Эмне деген жооп алдыңар?

Мен эмне үчүн Сүймөнкул Чокморовдон кийин ошондой актерлер бизде чыкпай жатат деп таң кала берчүмүн. Көрсө бизде баскан-турганына бут тосо беришип, адам өзүнүн ички дареметин колдоно албайт экен.
Медербек Жалилов.

- Маданият министрлиги комиссия менен бир сыйра көрүп, уруксат бере турган болгонун айтышкан. Бирок кайра эле “дагы текшериш керек болуп жатат” деп чалышты. Ооба же жок деп так айтыш керек да. Буга чейин унчукпай келдик. Кыргыз киносу мамлекет каржылоочу чоң структура. Биз эч кимден сурабай, өзүбүз акча таап, тасма тартып, Кыргызстандын атын чыгарганга аракет кылып жатабыз. Мамлекет миллиондогон акча бөлүп жатат, мисалы, “Курманжан датка” 1 миллиондон ашык долларга каржыланган. Биз 100 миң долларга тарттык, бул биз үчүн чоң акча.

- Тасманын соңку вариантына сиз режиссер катары ыраазысызбы?

- Мен ыраазы эмесмин. Талашпайлы деп, алар талап кылган жерлерди алып салдык. Бирок ошого карабастан жети айдан бери колубузга уруксат кагазы тие элек.

- Баштапкы версия менен азыркысынын айырмасы болжол менен канча пайыз болчудай?

- Болжол менен 20-30% өзгөрдү десем болот. Максатыбыз – көрүүчүнүн ички дүйнөсүн ойготуу, аң-сезиминде революция жасоо болчу. Бирок бир каармандын, милициянын күлкүлүү образы таптакыр жок болуп кетти. Андан башка да маанилүү кадрларды алып салдык.

Азыр улут маселесине байланыштуу жери бар деп жатышыптыр. Бирок биздин тасмада эч бир улуттун аты аталбайт, жамандалбайт. Тасмадагы инвестордун да өзүнүн чындыгы бар. Анткени анын баскан-турганынан акча алышат. Тендерге катышканынан, жер бөлүп берүүдөн, барып-келип текшергенине акча алышат. Тасмада инвестор жаман деген ой жок. Жакшы, таза иштеген инвесторлор да бар экенин билебиз.

Кыргызстанда азыр бүт көрүнүктүү супермаркеттер, ишканалар чет элдик адамдарга таандык. Жерибиздин тазалыгын, экологияны сактап иштегендер бар. Биздин тасмада туура эмес иштеген ишкана чагылдырылган. Анын да өзүнүн актанган себеби бар.

- Кинотеатрдан көрсөтүү маселеси, демек, чечиле элек?

- Кинотеатрга биз чыгарбай турган болдук. Себеби бизди кайра кысымга ала беришет “бул жерин, тиги жерин кескиле” деп. Анда тасманын духу деле калбай калат. Скелети эле калат. "YouTube" каналына дээрлик толук варианты чыгат, болгону, милиционердин күлкүлүү образы жок болот.

Пара алуу жөнүндө жери ошо бойдон чыгат. Анткени алардын талабын жүйөлүү деп эсептебейбиз.

Тасмага ырчылар Гүлнур Сатылганова жана Айжан Нусувалиева саундтрек жаздырышкан.

Кайран менин калкым!

Дүйнө безип чачырады уул-кызың,

Бар байлыгын сатты кыргызым.

Кайран менин калкым!

Касапка эт, малга жан кайгы

Эл ойлогон бизде жан барбы?

Элим деген эр азамат жан барбы?

Саундтрек жарыялангандан бери аны Ютуб каналында 113 миң колдонуучу көрүп, беш миңдей киши лайк баскан.

“Мекен” тасмасын тартууга баш-аягы 100 миң АКШ доллары кеткен. Азыр эми авторлор көрүүчүлөргө кайрылып, тасманын чыгымдарын жапканга жардам сурашты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG