Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:26

Мафия, дублёр жана «чырагым»


Режиссёрлор Мартин Скорсезенин «Ирланддык», Квентин Тарантинонун «Бир жолу... Голивудда» жана Бакыт Осмонкановдун «Шериктер 2» тасмасынын постерлери.

«Азаттыктын» «Тасма» түрмөгүнүн алкагында Эрнист Нурматов чет элдик «Ирланддык», «Бир жолу... Голивудда» жана атамекендик «Шериктер» («Напарниктер») фильмдери тууралуу баяндайт.

Киллердин баяны

Режиссёр Мартин Скорсезенин «Ирланддык» (2019) (аңглисче «The Irishman», орусча «Ирландец») деп аталган фильми 2019-жылдын эң көп күтүлгөн фильмдеринин бири болду. Башкы ролдорду Роберт Де Ниро, Аль Пачино, Жо Пеши жана башка бир нече белгилүү актёрлор аткарды. Биографиялык драманын узундугу 209 мүнөт же дээрлик үч жарым саат.

Тасма жазуучу Чарльз Брандттын «Мен сени үйдү сырдайт деп уктум» («Я слышал, ты красишь дома») деп аталган чыгармасынын негизинде тартылган. Мындагы «сырдайт, боёйт» дегени, «дубалдарды канжалатып, кызыл-ала кылат» деген маанини билдирет.

Чыгармада жана кинодо 1950-жылдары АКШда Рассел Буффалино деген криминалдык авторитет менен таанышып, гангстер болуп кеткен Фрэнк Ширан аттуу айдоочу жөнүндө баяндалат. Ирландияда туулуп, Америкада жашап калган киши өлтүргүч же киллер өз кылмыштарын өлөр алдында ачыкка чыгарып кеткендиктен сүрөттөө да реалдуулукка өтө жакын.

Тасманы айтылуу режиссёр койгону үчүн жана жалаң чебер актёрлор тандалгандыктан көрүүчүлөр сөзсүз шедевр жаралат деп боолголошкон. Фильм чыккандан кийин көрүүчүлөрдүн да, кино сынчылардын да үмүтү акталгандай болду. Режиссёрдук коюм, актёрдук чеберчилик, оператордук иш, сценарий жана башкалары мыкты чыкты. Эл аралык сынчылар тобу жана уюмдар «Ирланддык» тасмасы «Оскар» сыйлыгынын бир катар номинациясына ээ болорун белгилеп жатышат. Киносүйүүчү катары менде да ушундай ишеним бар.

Криминалдык дүйнө - адатта кино өндүрүшүнүн сүйгөн темасы. Анткени мафия жана кылмыштуу чөйрө ар дайым актуалдуу. ХХI кылым дегенибиз менен азыр деле турмушта көп маселелерди кримавторитеттер чечип атпайбы.

Ыңгайсыз адамды өлтүрүп кетмей, жок кылмай, атышуу, кырылышуу азыркы күндө башка өлкөлөрдү кой, Кыргызстанда да бар. Ушул убакта да алар көп иштерди «тейлеп», ал тургай саясат менен аралашып кеткени да жашыруун эмес. «Ирланддык» тасмасында да ушул жагдайлар көркөм сүрөттөлгөн.

Мартин Скорсезе береги темага «Таксист» (1976), «Жакшы жигиттер» («Goodfellas» - «Славные парни», 1990), «Казино» (1995), «Нью-Йорктун бандалары» («Gangs of New York» - «Банды Нью-Йорка», 2002), «Чегингендер» («The Departed» - «Отступники», 2006) жана башка фильмдеринде да кайрылган. Режиссёрдун бул чыгармалары да культка айланып кеткен жана соңку фильми да ошолордун катарын толуктайт деп ойлойм.

Сентябрдын аягында бет ачары болгон «Ирланддык» тасмасын ага ээлик кылган «Netflix» көп өлкөлөрдө кинотеатрларга чыгарган жок. Компания аны өз каналы аркылуу таратып жатат. Бирок тасма Интернетке чыкты, кырнеттен сиз oc.kg жана namba.kg порталдарынан таба аласыз.

Бир гана жагдай - тасманын узундугу жана олуттуулугу айрым көрөрмандарды зериктирип жибериши ыктымал. Автордук фильм ошонусу менен автордук эмеспи, анда салмак бар. Кантсе да Де Нирону, Пачинону жана Пешини жактыргандар үчүн фильмди көрүү өзгөчө ырахат тартуулайт.

Актёр жана дублёрдун санаасы

Өтүп бараткан жылы башка режиссёр Квентин Тарантинонун «Бир жолу... Голивудда» (Аңглисче «Once Upon a Time... in Hollywood», орусча «Однажды в… Голливуде», 2019) аттуу тасмасын көрөрмандар чыдамсыздык менен күтүштү. Буга да кайра эле режиссёрдун адаттан тыш стили менен таанымалдыгы жана башкы ролдорду Леонардо Ди Каприо менен Бред Питт ойногону себеп болду. Тасмада мындан башка да белгилүү артисттер да образ жаратышты.

Тасма 161 мүнөт же эки жарым сааттан ашыгыраак. Бюджети 100 миллион доллар, жанры драма жана комедия. Анда Голливуддун «алтын доору» деп саналган убак аяктап бараткан, 1969-жылдагы окуя сүрөттөлөт. Ошол учурдагы белгилүү актёр Рик Далтон менен анын дублёру Клифф Бут тынымсыз өзгөрүп жаткан киноөндүрүштө өз ордун табууга аракет кылып жатканы чагылдырылат.

Айтылуу «Криминалдык баян» («Pulp Fiction» - «Криминальное чтиво») фильминен кийин атагы чыккан Тарантинонун чыгармачылыгы кино сүйүүчүлөрдүн көбүнө белгилүү. Эгер «Биллди өлтүрүү» («Kill Bill» -«Убить Билла» ) деген эки бөлүктүү фильмин бир деп санасак, ал өмүрүндө болгону тогуз тасма жараткан. Бул анын жөндөн-жөн эле кино тарта бербестиги, ар бир чыгармасын өзгөчө кылып жаратууга ынтызарлыгы менен байланыштырылган. Ошондуктан анын ар бир тасмасы аябай күтүлчү жана ошого жараша дүрбөлөң жаратчу.

Демек, кеп кылып жаткан режиссёрдун соңку фильминин натыйжасы да мына ушундай болушу керек эле. Бирок реакция күтүлгөндөй болгон жок. Албетте, тасманы терең маанилүү шедевр деп да атагандар болду, бирок көпчүлүк сынчылар андан «тарантинолук стилди» көрө алышкан жок. Күйөрмандардын көбү да, менин оюмча соңку жүйөгө көбүрөөк ыкташты.

Тасма жалпы көрүүчүлөргө эмес, артхаус, автордук фильмге жакыныраак болуп калган. Окуя курч өнүкпөйт, кайсы бир жагдайларга, тарыхый адамдарга шилтеме берип, подтекст, ошол мезгилге ностальгия, көбүрөөк байкалат. Сюжеттик линия да бир калыпта кетпейт, динамика сезилбейт, диалогдор кээде ашыкча эле узартылган. Кадимки Брюс Лиге болгон мамиле да талаш жаратат. Соңундагы кармашты эске албаганда, анда режиссёрдун мурдагы фильмдериндегидей атышуу, зомбулук сценалары жокко эсе.

Бир чети Квентин андан эл күткөн фильмди берүүгө деле милдеттүү эмес эле. Мында ал автор катары өз көз караштарын, табитин сунуш кылды. Ал аталган өндүрүштө өз ордун тапкан талант катары мындай кадамга барууга акысы да бар. Башкы Ди Каприо менен Питт деле актёрдук карьеранын туу чокусуна жетишкен, алар үчүн кинонун кассасы же кабыл алынышы эмес, чеберчилик, идея жана салмак маанилүү.

Фильмди көбү түшүнбөй калышы мүмкүн. Кино дүйнөсүнөн көп кабары жоктор ал тургай аягына чейин көрө албашы да ыктымал. Ошентсе да анда баш каармандардын жашоосу, камтамачылыгы аркылуу башкы идеялар берилген. Катардагы адамдар суктанып, пир тутуп жүргөн же эл көзүндөгү адамдар да турмушта утуру кулап, кайра туруп, түмөн-түйшүктөргө батаары көрсөтүлөт.

Адам миң кесипкөй болгон чакта деле замандын өзгөргөнү, баалуулуктар алмашканы аны керексиз кишиге айлантып салышы мүмкүн. Жалгыздык, депрессия менен күрөш, жашоодо өзүңдү издөө сыяктуу идеялар «Бир жолу... Голивудда» тасмасынын өзөгүн түзөт.

«Сагындыңбы, чырагым?»

Атамекендик кинодүйнөсүндө күзгү сезондо жаш режиссёр Бакыт Осмонкановдун «Шериктер 2» («Напарниктер 2») фильминин да бет ачары болду. Анда башкы ролдорду «Тамашоу» лигасынын короосунан чыккан Жеңиш Майрамбек уулу, режиссёр өзү, жаш актриса Назбийке Айдарова жана таанымал актёрлер Темирлан Сманбеков, Азиз Мурадилаев аткарган.

Тасма комедия жанрында жана убактысы 93 мүнөт. Анда сюжеттик линия «Шериктердин» алгачкы чыгарылышындагы окуялар менен уланат. Болгону биринчи тасмадагы эки башкы каармандын бири калып, экинчисинде ага жаңы каарман кошулат. Апенди чалыш жана кызыктай жүрүштөрү менен белгилүү Белек аттуу участкалык милиция кызматкери шаарга которулуп келет. Ал жакта өзүнүн тууганы Бакытка шерик болуп калат. Экөө кылмыштын бетин ачууда түрдүү окуяларга кабылышат.

Бирок «Шериктер 2» фильминдеги башкы каармандар «Биртууганчик» (2015, режиссёрлер Данияр Болотбеков, Асхат Табалдиев) тасмасындагы образдар менен окшош болуп калган. Анткени ал тасмада бир туугандардын ролун да ушул эле Осмонканов менен Майрамбек уулу аткарган. Башкача айтканда үч фильм аралашып калгандай элес жаралат. Менимче бул ыкманы жаратуучулар коммерциялык максат үчүн атайын тандап алышкандай...

Моюнга алыш керек, кыргыз кинолору бара-бара жакшырып баратат. Анын ичинде «Шериктер 2» фильминде да оператордук иш, кадр, монтаж өскөнү көрүнөт. Динамика, каскадёрлук сценалар өтө мыкты болбосо да, көзгө толорлук. Чыныгы милиция кызматкерлерин жана кирди-чыкты каармандарды кошпогондо негизги актёрлордун чеберчилиги талапка ылайык. Коммерциялык кино тарткандар кесипкөй актёрлорду көбүрөөк өзүнө тартып жатканы сүйүндүрөт.

Мурдараак башка бир баянымда жазгандай, менин оюмча комедиянын эки стили бар. Биринчисинде дээрлик бардык каармандар комедиялык образда, экинчисинде башкы каарман гана күлкүлүү болот. Экинчи учур адатта Роуэн Аткинсон, Стив Мартин, Жим Кэрри, Уилл Фаррелл сыяктуу гениалдуу комедиялык актёрлерго жарашат. Алар өздөрүнүн жүрүм-туруму, аткарышы менен гана фильмди тартып кетет. Көрөрман өзү эле күлө берет.

Тилекке каршы, биздин кыргыз киночулары да көбүнчө ушул экинчи ыкманы тандап алышат. Анын ичинде «Шериктер 2» фильминин жаратуучулары да Жеңиш Майрамбек уулунун күлкүлүү образы менен эле фильм чыгарууга аракет кылышкан. Кошумча комедиялык каармандар азыраак.

Натыйжада көрөрман анча-мынча күлүп койгону болбосо, күнүмдүк турмуштагы көйгөйлөрдү жаны ачып, кабатырланып көрүп олтура берет. Жок, тескерисинче комедия ошол эле көйгөйлөргө күлдүрүш керек. Ал ошонусу менен комедия.

Баса, «Шериктер» фильминин биринчи жаратуучулары тамаша цитата катары режиссёр Садык Шернияздын «Курманжан датка» (2014) тасмасындагы «Атың ким, чырагым?» сөзүн алып киришкен. Экинчисинде ал «Сагындыңбы, чырагым?» деген слоганга айланат. Бирок кинонун тили көчө тили болуп калган: же орусча эмес, же кыргызча эмес. Ошол эле «напарник», «недоношенный», «бой без правил», «серъёзный», «авторитетный» деген сөздөрдү кыргызча айтса деле болот. Күлкүлүү кылабыз деп эле, тилди бузбагыла, сураныч. Болбосо биротоло орусча тартыш керек...

Дагы бир жагдай, менимче сценарий шаблондуу болуп калгандай. Жаратуучулар эл күтпөгөн, ойдон чыгарылган, көрөрманды таң калтырган окуяларды кошсо да болмок. Анткени ал кино, линияны эле жоготпосоң каалаган жагыңа чоё аласың.

Калет жок, коррупция же криминал азыркы күндүн көйгөйү. Бирок соңку коммерциялык кинолордун дээрлик бардыгында ушулар камтылчу болуп калды. Милициянын башчысы, аткаминер коррупционер болот, бирок анын схемасы негедир жакшы ачылбай калат. «Шериктер 2» тасмасында да ушундай болуп калгандай... Кимдир-бирөө коррупция кылып жатат, бирок кантип дегени анча ачылбайт.

Коррупцияны айтсаңар анда реалдуу бир коррупционерди прототип кылып, ошонун схемасына окшотуп, ачуураак айткыла. Миллиондорду чыгарып кеткендер болбосо да, кызматтарда туруп миллиондорду таап аткан кишилерге окшотуп жараткыла. Ошондо жандуураак, көрөрманга жакыныраак болот. Маселен ошол эле Голливуддун фильмдеринде ойдон чыгарылган окуялар турмуштагы реалдуу кишилердин аракеттерине окшоп кетет, көрүүчүлөр анын прототибин болжолдоп тааныйт.

Соңку мезгилдеги кыргыз кинолору негедир олбурлуу жигиттерди дайым кошушат. Алар дээрлик сүйлөбөйт, образы ачылбайт, тасмага көрк кошуп, «понт» катары гана кызмат кылат. Биз кеп кылып жаткан кино да мындан кур эмес.

Албетте, кыргыз кинолорун биз голливуддук фильмдердин алкагында талдай албайбыз. Эки өндүрүштүн тарыхы эки башка жана ченемдери да түрдүүчө. Кыргызстандык киночулар чамасына ылайык гана иштешет. Өзгөчө азыркы убакта. Ошол себептүү алардын өнүмдөрүнө өтө бийик талап койбой, салыштырмалуу гана баалоого аргасызбыз.

Башкача айтканда кино жакшы чыкпаса «ушундан көрө тартпай эле койгула» деп айтуу орунсуз. Мүмкүнчүлүгү жетсе кино тарта бериш керек. Мурдагы каталарын оңдоп, кайрадан бышыра беришсе, түзөлүү пайда болот. Бир-эки айда унутула турган фильмдер азаят. Көптүн ичинен бирди-жарымы шедевр жаратып салышы да мүмкүн. А «Шериктер 2» фильмин шедевр дебейбиз, бирок начар да дей албайбыз.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG