Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

«Жерге-Талда коронавирустан чочуган эл дүрбөлөңгө түштү»


Жерге-Тал аймагынын Деп-Шаар айылынын тургундары. Фото: Жаңыл Жусупжан.
Жерге-Тал аймагынын Деп-Шаар айылынын тургундары. Фото: Жаңыл Жусупжан.

COVID-19 илдети Тажикстандын кыргыздар байырлаган Жерге-Тал аймагына да жетти. Бул тууралуу дээрлик он жыл мурда Жерге-Талдан келип, Кыргызстанга отурукташып калган жазуучу Аким Кожоев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Тажик бийлиги аймактан вирус чыкканын расмий ырастай элек.

- Тажикстанда коронавирусту жузугуп алгандар көбөйүп жатканын расмий статистика да күбөлөп турат. Кыргыз боордоштор байырлаган аймактарда, анын ичинде Жерге-Талда абал кандай? Ал жактагы тууган-туушкандарыңыз менен байланыша алдыңызбы?

- Ооба, мен Жерге-Тал менен күндө эле сүйлөшүп турам. Ал жакта менин туугандарым жашайт. Аймакта эки-үч күндөн бери абал аябай курчуп кетти. Эки күн мурда бир киши вирустан каза болуптур. Жети киши ооруп жаткан экен. Арасында катуу ооругандары бар. Ооруканаларда шарт жакшы түзүлбөгөнүн айтышты.

Мага ар кандай маалымат келип жатат. Себеби ал жерде мамлекет маалыматты ачык бербей жатыптыр. Телевидениеден, радиодон же расмий өкүлдөрдөрдөн жагдайды толук түшүндүргөн жакшы, жеткиликтүү маалымат берилген эмес экен. Эл арасында дүрбөлөңгө түшкөндөр бар. Коркуп жатышат. «Эртең кандай болот? Кырылып калбайбызбы?» деген катуу бир кооптонуу бар.

- Эл ооругандар тууралуу маалыматты кайдан алып жатышат?

- Эми бири-биринен алып жатат. Кечээ менин карындашым базарга барган экен. Ошондо тажикче жарыялашыптыр. Жакшы түшүнбөй калдым дейт. Кийин башка бир дарыгерден тактап сурасам, «Тажикстанга оору келди, өзүңөрдү сактагыла, эрежелерди сактагыла, үйдөн чыкпагыла» деп айтып өтүшүптүр. Ошондон башка элде маалымат жок.

Жергеталдык жазуучу Аким Кожоев.
Жергеталдык жазуучу Аким Кожоев.

Кечээ эки киши каза болду деп айтып жатышкан. Анан бир-эки жерден тактап сурадым, тиги дарыгерден да сурадым. Бирөө каза болгон экен. Ал кургак учук менен ооруган аялын Дүйшөмбүгө алып барып, ошол жактан жуктуруп келиптир. Өзү каза болуп калыптыр. Аялынын абалы оор дешти. Бардыгы болуп Жерге-Тал районундагы жугуштуу оорулуулар жаткан бейтапканада жети киши дарыланып жатыптыр.

Дары-дармектер да жетишсиз окшойт. Ал киши анча ачык айтпады. Бирок жалпы элдин айтышы боюнча, абал аябай начар, дары-дармек жок. Адистер да жетишсиз деген ар кандай сөздөрдү угуп жатам. Жалгыз эле бир инфекционист бар деген сөздүн чын-төгүнүн тактай алган жокмун.

- Тажик бийлиги өлкөдө Covid-19 илдетине чалдыккандар бар экенин көпкө чейин ырастабай келбедиби. Расмий органдар Жерге-Талда да вирусту жугузгандар бар экенин расмий бышыктай элек. Жерге-Талда коронавируска чалдыккандар кимдер экен? Арасында кыргыз боордоштор да жок бекен?

- Улутун тактай алган жокмун. Каза болгон киши Аксай деген айылдан прокурор болуп иштеп жүргөн тажик улутундагы адам экенин тактадым. Дагы бир дарыгерге жана аскер кызматкерине жуккан дешти. Жаман жери, ошол дарыгер биздин айылдардын бириндеги аппендицит болгон кызга операция жасаган экен. Эми ошол айылда да кооптонуу болуп жатат. Дарыгер ошол кыздын үй-бүлөсү менен да аралашкан экен да. Кечээги күнгө чейин эле базарда аралашып жүрүштү. Бизде Жерге-Талда жумасына эки жолу базар болот. Ал базарга Жерге-Талдын бардык айылдарынан келишет. Ошондуктан азыр Жерге-Талда коркунуч бар.

Тажикстандын Кожент шаары.
Тажикстандын Кожент шаары.

- Жергиликтүү бийлик коронавирустан сактануу үчүн кандай чараларды көрүп жатканы белгилүүбү?

- Ошо кечээ мен сүйлөшкөн дарыгер базарда жарыя кылышканын айтты. «Көчөгө чыкпагыла, колуңарды самындап жуугула, коомдук жайларга көп чыкпагыла» деп айтышыптыр. Бирок буга чейин айтылбай келди да. Менимче, оору мурда эле башталган. Себеби «Азаттыктын» тажик кызматын карасам, бир суткада 100дөй учур катталыптыр. Бул абдан коркунучтуу сан. Демек, көп адамга жугуп кеткен болушу мүмкүн. Буга чейин аралашкандар көп болушу мүмкүн. Эми чыгат. Жаман болушу мүмкүн.

- Аким ага, Тажикстандан Кыргызстанга келип, карантин башталганда Жерге-Талга кайта албай калган боордоштор бар экен. Андай боордоштордун санын биле алдыңызбы? Алар Кыргызстанда кайда, кантип жашап жатышат?

- Алар күндө эле мага чалып, сурап турушат. Кыргыз бийлиги, же Тажикстандын Кыргызстандагы элчилиги же башка уюмдар бизге жардам бере алышабы деп өтүнүп жатышат. Менин билишим боюнча, алардын саны 200дөн ашык. Алардын кээ бири туугандарынын үйүндө жашап жатышат. Айрымдары батирлерде турушат. Алар деле тамак-аштан, башка нерселерден кыйналып жатышат. Бул жакка келип, өтө албай калышканына бир айдан ашты. Алардын бала-чакасы, дыйканчылыгы калды. Алардын жашоосу көбүнчө жер менен байланыштуу.

Жерге-Тал аймагы.
Жерге-Тал аймагы.

- Алар ошондо чек арадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүп жатышабы?

- Чек арадан өткөрүү керек. Кыргызстандан өтсө да, Тажикстан катуу жаап салган. Бир жума мурда жергеталдыктар Бишкектен жөнөп барышкан экен. Алайга барып, Тажикстандын чек арасына барганда, алар өткөрбөй коюп, кайра кайтышыптыр. Аябай кыйналып, жол кирелери түгөнүп калыптыр. Азыр аларда жумуш жок да. Эсептелүү акчасы бар экен. Ошко кыйналып келишиптир деп уктум. Азыр алар Ошто батирде турушат. Ошолорду өткөрүп жиберсе жакшы болот эле. Негизинен кете албай жаткандар Ош менен Бишкек шаарларында.

- Жерге-Талды жакшы билген адамдар аймакта кымбатчылык бар экенин айтып жатышат. Тажикстандагы боордоштор кандай жардамга муктаж?

- Ал жактагы боордоштор күнүмдүк дары-дармекке, жакшы адистерге муктаж. Коронавируска каршы күрөшө турган дарыгерлер керек. Албетте, Тажикстанда карантин узакка созулса тамак-аш да маселе жаратышы мүмкүн. Бирок биринчи кезекте аларга дары-дармек, коронавирустан коргонуучу каражаттар керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG