Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 22:42

Жерге-Талдагы Хамит аванын музейи


Хамит Боронов негиздеген музейдеги экспонаттар.

Тажикстандын Жерге-Тал районуна караштуу Жайылган айлында ардагер мугалим Хамит Бороновдун демилгеси, өжөрдүгү, талыкпаган эмгеги менен түптөлгөн музейдин ачылганына туура 25 жыл болуптур.

Өз элинин өткөндөгүсүн, илгерки маданиятын билүүгө чын дилден кызыккан киши өзгөлөрдү да сыйлаганга жөндөмдүү болот.

Академик Л.С. Лихачев

Мезгил (элдин кылымдарды карыткан тарыхы) менен Мейкиндиктин (дүйнөдөгү улуттардын руханий байлыктарынын көп түрдүүлүгүнүн) тутумдашуусу жеке адамдын акыл-эсинде, жүрөгүндө даана чагылса, анда ал бул тирүүлүктөгү өз ордун туура аныктай алат эмеспи. Ата бабалардан калган таберик мурасты жыйнап, улуу көчтү улантар урпактарга өткөрүп берүү – эмне деген зор мүдөө!

Тээ байыртан кошуна жашап келген жергеталдык кыргыздар менен тажиктердин тарыхый-этнографиялык мааниге ээ буюмдарын чогултуп, атайын музейге сактасак деген ойго 1993-жылы 26-февралда болгон трагедия түрткү берген экен…

Жарандык согуштун эпкини тоо койнундагы Жерге-Талга да жеткен кез. Кошуна айылда көз жумган кишини эскерип бата кылууга жүк машине менен бараткан жайылгандыктар аскердик учактын аткылоосуна дуушар болушкан эле. Ошондо 43 жүргүнчүдөн бешөө курман болгон, сегизи оор жараат алган.

Хамит Боронов.
Хамит Боронов.

"ГАЗ-53 жүк машинесинин бортунда 43 киши баратканбыз", - деп эскерет ошол күндү Хамит агай.

"Төбөдө учуп жүргөн самолёт күтүүсүздөн эле шукшурула келип, бизди атып өттү. Учактагылар бизди куралдуу оппозициянын бир тобу деп ойлошкон окшойт. Машинеден баарыбыз туш тарапка чачылып жатып калдык. 12-14 жашар баланын денеси көккө бир серпилип, бырчаланып кетти! Анын уялашы энесине жөлөнгөн бойдон жан берди. Эки перзентинен заматта айрылган аялдын: «Кулундарым!» - деп чаңырыгы ааламды титиреткидей болду… Жапжаш жигит Сапардын сөөгү жатат суналып… Бир буту үзүлүп кеткен Бааригүл, оң колу жулунган Сайфулло, сыңар бут болуп калган Асрор… Бүт денеси тытылган аял машинеден 20 метрдей арыда жансыз жатат… Көз ачып-жумганча беш киши өлүп, он беши жарадар болду. Шейит кеткендерди көмүш үчүн аскердик учак келбестир деп борошолуу чилденин түнүндө кол чырак менен бейитке бардык…

Тажикстандагы жарандык согуш миңдеген үй-бүлөлөрдү кайгыга салды. Бирок бул апаат токтошу керек! Эртең эле тынч жашоо уланат. Бирок… мына мен жашым келип калды – кийинки муунга биз эмнени калтырабыз? Ойлоп-ойлоп отуруп, ушул музейди түзүүнү чечтим".

Хамит агай жолдун көбүн жөө басып, айылдарды түрө кыдырып, таберик буюмдарды чогултууга киришиптир. Адегенде бул иштин маанисин түшүнбөй, кайдыгер мамиле жасагандар, атүгүл жактырбагандар да болгон окшойт. Бирок 20 жылдай чөлкөмдүн тарыхчы мугалимдеринин усулдук бирикмесин жетектеген бул агайды кесиптештери гана эмес, улуу-кичүүнүн көбү жакшы таанып сыйлагандыктан, мектептин музейге деп бөлүнгөн классы тез эле илгерки буюмдарга толо баштады.

Хамит Боронов негиздеген музейдеги экспонаттар. Жерге-Тал.
Хамит Боронов негиздеген музейдеги экспонаттар. Жерге-Тал.

Таң каларлыктай чеберчилик менен кооздолгон жез идиштер: кумура, газмоюн, абдесте, казан, самоор, чылапчын, тулга ж.у.с. түрлөрү, жыгачтан, көбүнчө арчадан чабылган табактар, кашыктар, челектер, чарк, кепич..., карапа идиштер, килем согуучу токмок, таар согуучу гылыч, боз үй жасалгалары. Кадимки кыргыз энелеринин чач учтук, чач кеп, оймок, төөнөч, билерик, сырга, күзгү, шакек, кайчы. ж.у.с. буюмдары. Комуз, ооз комуз, кыяк, дутарлар (тажиктердики, түркмөндөрдүкү, өзбектердики). Ат жабдыктары: ээр, камчы, жүгөн, така, кишен, сынтарач (туяк жонгуч). Соконун тиши, аны куйган калып. Эски тыйындар, кагаз акчалар (XIX кылым). Баланын бут кийимине укмуштай окшошкон таш (ак, көк түстөгү астыңкы катмарын – “таманын” үстүңкү бөлүгүнө көктөгөнгө окшош издер көрүнүп турат). "IV" цифрасы, дарактын сүрөтү ж.у.с. түшүрүлгөн таштар...

Көп буюмдардын өзүнчө "тарыхы" бар – кезинде аларды Жерге-Тал гана эмес, биягы Алай, тиягы Тажикабадга чейин элге таанымал болгон инсандар пайдаланган. Булар айрыкча усталар, уздар, ырчылар, улакчылар.

Музейдин дубалдарына "А" тамгасын үйрөткөн алгачкы агай Абдылхак, биринчи мугалим аял Эшанкулова Зулпу, 47 жыл мектепте иштеген, биринчи жогорку билимдүү педагог Мамазоют Боронов, Социалисттик эмгектин баатыры Сайли Рахманова сыяктуу элге-журтка кадыры өткөн адамдардын сүрөттөрү илинген. Айрымдарына атайын арнап ыр да жазыптыр Хамит агай. Калайыкка таанымал кишилер жөнүндөгү маалыматтарды чогултуп, атайын альбомдорго жазып жүрөт: СССРдин Эл агартуу отличниги Х.Адинаев, Даңк орденинин үч даражасына тең ээ болгон Жээнбай Камаров, мыкты врачтар А. Баты­ров, М. Хасан кызы, Коргон айлына суу чыгарып, электр тегирмен куруп, аксакалдар чайханасы үчүн бекер көмүр берген Олимжон Сафаров (азыр республиканын парламентинин депутаты), аялдар кеңешин жетектеп турганда ажырашабыз деген 70тен ашуун жаш жубайларды элдештирген, жергиликтүү кыздарды жогорку окуу жайларына өзү ээрчитип барып өткөрүп жүргөн Хосият Халбаева сыяктуу инсандардын өрнөктүү өмүр баяндарын да ушул альбомдорго киргизиптир.

Хамит Боронов неберелери менен.
Хамит Боронов неберелери менен.

​1990-2000-жылдар аралыгында бул жер өзүнчө эле маданий-агартуу борборуна айланган эле, анткени Кыргызстандан гезит-журнал, айрыкча китеп ташылбайт. Мындай ээнсиреген абалда элдин рухий керектөөсүн кичине болсо да канааттандырган ушул музей болуп калган. Хамит агай эски ырларды, кошокторду, күүлөрдү ырчы, комузчулардан кассеталарга да жаздырып жүрөт. Ушундай кассеталардын бирине 1993-жылы 26-февралда болгон кайгылуу окуяны баштарынан өткөргөн кишилердин эскерүүлөрү жазылган.

Азыр бул музейди бүтүндөй республиканын эли жакшы билет. Райондук гезитке жазышты, көп өтпөй республикалык теледен да көрсөтүштү.

Музейдин баркы күн санап өсүүдө. Экспонаттардын катары түрдүү кызык буюмдар менен толукталууда. Башында мектептин бир классына жайгашкан, бүгүнкү өзүнчө курулган жайы мурдагыдан беш эсе кенен болсо да, түрдүү түмөн таберик буюмдар кайра эле шыкалып толуп калыптыр. Эми музейге санарип технологияларын алып келип, Интернет менен туташтырып, экспонаттарды сактоо, тематикалык түзүмүн аныктоо, толуктоо, дүйнөдөгү музейлер менен кызматташтыруу удулу келип калды окшойт. Бул жагынан кыргызстандык адистер, четтеги боордошторго кайдыгер карабаган ишкерлер, чыгармачыл инсандар да кол кабыш кылат деп үмүттөнөбүз.

Жерге-Талдын илгеркисинен мурда белгисиз маалыматтарды ирээти менен чогултуп, элдин бүгүнкү татаал турмушундагы болуп жаткан маанилүү окуяларды да төкпөй-чачпай кийинки муундарга сабак деп жазып калтырууга умтулган данакерлик аракетиңиз жемиштүү болсун Хамит агай!

Жолдош Турдубаев, публицист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG