Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Айтматовдун сунушу жана тажикче «Манас»


Мирзохалим Каримов.
Мирзохалим Каримов.

«Манастын» тажик тилине которулушуна байланышкан айрым тарыхый маалыматтардын негизинде кошумча түшүнүк берүү зарыл.

Мындан эки жылдай илгери айрым маалымат каражаттарында «Кыргызстандагы тажиктердин коомдук уюмунун каржылоосу менен «Манас» эпосу тажик тилинде жарык көрдү» деген куш тилиндей кабар жарыяланган.

«Манастын» тажик тилине которулушуна байланышкан айрым тарыхый маалыматтардын негизинде кошумча түшүнүк берүү ашыкча болбосо керек. Себеби, коомчулукта «Манас» эпосу тажик тилине 2016-жылы которулган турбайбы деген түшүнүк пайда болуп калгандай сезилүүдө.

«Манас» эпосу тажик тилине алгачкы жолу 2016-жылы эмес, 1982-жылы эле которулуп, Тажикстандын «Ирфон» басмасынан 20 басма табак көлөмүндө жарыкка чыгарылган. Эпосту жан-дили менен сүйүп которгон Аслан Адахам менен 1987-жылы Дүйшөмбү калаасында чыгармачылык сапарда жүргөнүмдө өз үйүндө жолугушуп баарлашкан болчумун. Таанымал котормочу ошондо болгон ишти төмөндөгүдөй айтып берген эле:

«1968-жылы дарыланып жүрүп, бир күнү ооруканадагы китепканага кирдим. Текчелердеги каз-катар китептердин арасынан атактуу акын Миртемир тарабынан өзбек тилине которулган кыргыздын «Манас» эпосун колума алдым да, ошол эле күнү баштан аяк кызыгуу менен окуп чыктым. Менде ошондон кийин бул улуу эпосту тажик тилине которуу ниети пайда болду. Анткени, эпос мени бүт бойдон өзүнө тартып алган эле. Ооруканада жаткан ошол күндөрдө китептеги Манастын Каныкейге үйлөнгөнгө чейинки 700 саптан турган бөлүгүн канааттануу менен которуп койгонмун. Ошентип, бул баатырдык чыгарманы бүт бойдон которуп, тажик окурмандарына мүмкүн болушунча эртерээк жеткирүүнү эңсегенден эңсеп көп жыл жүрдүм.

Анан, Кудай жалгап, 1976-жылы Кыргызстандын Тажикстандагы маданият күндөрү өткөрүлүп калды. Ошондо кыргыздын дүйнөгө таанылган атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов салтанаттуу жыйында абдан мазмундуу сөз сүйлөп, эки элдин тарыхый бир туугандыгын бекемдей турган «Манас» эпосун тажик тилине которуп чыгаруу маселесин койду. Атактуу калемгердин бул сунушун залда отургандардын бардыгы колдоп, көпкө чейин кол чаап турушту.

Ошондон көп өтпөй Тажикстан Жазуучулар бирикмесинин башкармалыгынын биринчи катчысы Мумин Каноат мени атайын чакырып, «Манасты» которууну сунуш кылды. Мен жан-дилим менен макул болдум. Бул сооптуу иштин жоопкерчилигин эске алып, жумушумдан бошондум да, республикабыздагы кыргыздар жыш отурукташкан Жерге-Тал районуна жөнөп кеттим. Ал жердеги кыргыздар менен жакындан таанышканым, алардын араларында жашап жүргөнүм котормочулук ишимдин жемиштүү болушуна абдан чоң өбөлгө түзгөн. Айтор, «Манастын» котормосун 1979-жылы август айында бүтүрүп, басмага тапшырдым. Басма 13,5 миң саптан турган эпосту 1982-жылы жарыкка чыгарды. Бул тарыхый маанилүү иш атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун шарапаты, салтанаттуу жыйында айткан сунушу менен жүзөгө ашырылганын эстен чыгарбашыбыз зарыл».

Буга чейин грузин элинин «Жолборс терисин кийген баатыр», америкалык атактуу акын Генри Лонгфеллонун «Гаяват жөнүндө ыр», орус элинин «Игорь жортуулунан баян», армян элинин «Давид Сасунский» аттуу эпосторун тажик тилине которгон таанымал котормочу мындан отуз жылдай илгери мага ушундай баалуу маалыматтарды айтып берген эле. Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин котормочу катуу оорудан улам каза болуп калды.

Маркум Аслан Адахам жогоруда аталган эпостордон тышкары 70ке жакын түрдүү жанрдагы котормо китептерин чыгарууга жетишкен. Бүткүл өмүрүн котормочулук татаал ишке багыштап дүйнөдөн өткөн котормочу тарабынан «Манас» эпосу тажик тилине которулуп чыккандан кийин республикадагы дээрлик бардык адабиятчылар, чыгаан сынчылар, жазуучулар ага абдан жогору баа беришкен. Маркумдун бул баалуу эмгеги тарыхый бир тууган кыргыз жана тажик элдеринин достук-ынтымак жана адабий-маданий мамилелерин бекемдөөгө кошкон чоң салым болгон.

«Манас» эпосунун башка элдердин тилдерине которулуп таратылышы - бул улуттук сыймык, кубаныч. Албеттте, «дүйнөдөгү эң чоң эпосубуз тигил же бул тилге которулуп чыгарылыптыр» деген кабар угулганда ар бир кыргыздын ичи жылып, ыраазы болбой койбойт. Бирок руханий байлыгыбыздын туу чокусу болуп саналган дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпосубузду өзүнүн тилине сүйүп которгон, ал үчүн канчалаган чыгармачылык дарамет, убакыт сарптап мээнеттенген котормочуларды баалоо, сыйлап урматтоо өз деңгээлинде эмес. «Манас» таануучулар, изилдөөчүлөр, илимпоздор ж.б. маселенин ушул жагына астейдил маани берип, ойлонуп көрүшсө.

«Манас» эпосун сүйүү – бул эң оболу кыргыз элин сүйүү эмеспи? Эпосту өз эне тилине которгон калемгерлерди «Манас» ордени же «Достук» медалы менен сыйлап, Ала-Тоого атайын чакырып урмат-сый көрсөтсө болбойбу? Мындай урмат-сый кыргыз элинин башка элдер менен боло турган достук-ынтымакты, адабий байланыштарды бекемдеп, «Манасты» дүйнө элдеринин назарына жеткирүүгө багытталган маанилүү иш болору талашсыз.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналис

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG