Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

27-февралдын аба ырайы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-февралда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас жергесинде түнкүсүн -11...-16, күндүз -1…-6;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25…-30, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -3…-5 градус болот.

XS
SM
MD
LG