Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Жапаров: Улуттук тоо-кен компаниясы түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда тоо кендерин казуу боюнча улуттук компания түзүлөт. «Российская газета» басылмасына берген интервьюсунада президент Садыр Жапаров ушундай планын айтты.

Жапаров тоо-кен тармагындагы улуттук кызыкчылыктарды коргоо максатында түзүлө турган компаниянын уставдык капиталынын 100 пайызына мамлекет ээлик кылганы туура экендигин белгилеп, мындай иш-чара өлкөнүн минералдык-сырьелук базасынын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдей турганын кошумчалады.

Президенттин белгилешинче буга чейин иштетилип келаткан кендерди мамлекеттин карамагына кайра алуу инвестициялык климатка терс таасирин тийгизет, андыктан жаңы түзүлө турган улуттук компанияга лицензия ала элек кендер өткөрүлүп берилмекчи.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканалардын 30% Кытай менен бирге түзүлгөн. Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда айрым тоо-кен ишканалары талкаланып, өрттөлгөн эле.

Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 10%, салык төлөмдөрүнүн 25% жана өндүрүш көлөмүнүн 43%ын тоо-кен тармагы камсыз кылат. (RK)

XS
SM
MD
LG