Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

1-марттан тартып 5 миңден ашуун кардардын электр кубаты өчүшү ыктымал


Кыргызстандагы электр линиялары (Иллюстрациялык сүрөт).
Кыргызстандагы электр линиялары (Иллюстрациялык сүрөт).

"Түндүк электро" ишканасы 1-марттан тартып 5 миңден ашуун абоненттин электр кубатын өчүрөрүн эскертти. Ишкана тараткан маалыматка ылайык кардарлардын көбү электр кубаты үчүн февраль-март айларына чыккан акчаны, айрымдары ага чейинки акыны жаппай келаткандар.

Кыргызстанда быйыл электр кубатынын таңсыктыгы жаралып, аны пайдалануу лимиттен бир нече эсе ашып кеткенин «Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Бакыт Сыдыков 24-февралда парламентте билдирген. Сыдыков электр кубаты үнөмдөлбөсө 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 5 млрд. куб метрге чейин азаярын, андай жагдайда ГЭСтин ишин токтотууга туура келээрин айткан.

"Токтогул" гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 26-февралга карата 9,728 млрд. куб. метрди түздү. Былтыр ушул күнү чөйчөктө 12,745 млрд. куб метр суу болгон.

Ушул күндөрү ар кайсы айылдарда жана шаарларда электр жарыгы өчүрүлүп жатканы кабарланууда. "Токтогул" суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу өкмөт быйылкы күз-кыш мезгилинде коңшу Казакстандан кошумча электр кубатын сатып алууда.

Расмий маалыматтарда айтылгандай 2017-2018-жылдары «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайында 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр кубатын берүүгө чектөө киргизилген. Эгерде суу деңгээли 6 млрд. куб метрге түшсө, анда ГЭС авариялык абалга кабыла турганын электр кубаты адистери эскертишет.

Кыргызстанда атаандаш экологиялык башка кубат булактарынын тармагын түзүү чакырыктары айтылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG