Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Жалал-Абадда 4 млн. сом мамлекетке кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы мамлекетке келтирилген 4 млн. сомдук зыянды бюджетке кайтарды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ноокен районундагы филиалы 25 гектар сугат жерди жеке ишканага ижарага берип, бирок айыл чарбасына келтирилген зыян үчүн алынуучу төлөмдү алган эмес.

Мындан мамлекет 2,879 млн. сомдук зыян тарткан. Ушул эле ишкана тарабынан 2017-жылы 26,17 гектар айдоо аянты менчик ишканага эч кандай төлөмсүз берилип, мындан мамлекетке 1, 414 млн. сомдук зыян келтирилген.

Бул иштер боюнча облустук прокуратура тарабынан 27-январда Кылмыш кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейин өндүрүш ачылды.

Облустук прокуратура мамлекетке келтирилген зыянды төлөтүү үчүн сотко кайрылган. Башкы прокуратура соттун чечими менен мамлекетке 4 млн. сом кайтарылганын маалымдады.

Өткөн жылдын аягында, 2-декабрда Жер рестурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу «Кадастр» мекемесинин директору коррупцияга шек саналып кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган.

7-декабрда мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору УКМК тарабынан кармалган.

Ал атайын кызматтын Коррупцияга каршы күрөш кызматы тергеп жаткан иштеги сотко чейинки иштин алкагында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча алган туруктуу коррупциялык схема уюштурган деген шек менен кармалганы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG