Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:39

Мектептердин айланасына жашылча-жемиш өстүрүүгө уруксат берилди


Ош шаарындагы мектептердин бири
Ош шаарындагы мектептердин бири

Кыргыз өкмөтү окуучулардын тамагынын сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында мектептин айланасындагы жер тилкелерине жашылча-жемиш өстүрүүгө уруксат берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, бул "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесинин негизинде ишке ашмакчы.

Ага ылайык мектептин директору жер иштетүүдөн мурда жергиликтүү башкаруу органына арыз менен кайрылышы керек.

"Мектеп алдындагы чарбалардын болушу жалпы билим берүү уюмдарына айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, азык-түлүк рационун кеңейтүү аркылуу окуучулардын тамактануу сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп жазылган өкмөт тараткан маалыматта.

Учурда өлкөдө 1 485 мектепте 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар үчүн ысык тамак уюштурулган.

Бюджеттен ар бир балага күн сайын 7-10 сомдон бөлүнүп, 500 миллион сом каражат каралат. (BCh)

XS
SM
MD
LG