Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Финпол: Бишкекте жашыруун цех иштеткен чет өлкөлүктөр аныкталды


Аныкталган жашыруун цехтен тартылган сүрөт.
Аныкталган жашыруун цехтен тартылган сүрөт.

Бишкекте биологиялык активдүү кошулманын (БАД) түрлөрүн жашыруун даярдап сатуу менен алектенген чет өлкөлүк эки жаран аныкталды. Бул тууралуу 26-февралда Каржы полициясы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар “Сейдене майы”, “Зайтун майы”, «Омега 3-6-9» деген каражаттарды колго жасоочу жашыруун цех ачып алышкан деп айыпталууда.

Санитардык талаптар сакталбаган шартта, тийиштүү уруксат документи жок иштеп жаткан цехтин ээлери боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “мыйзамсыз ишкерлик” деген беренесинин негизинде катталды.

Финпол колго жасалган мындай продукция экономикага гана зыян келтирбестен адамдын ден соолугуна да залакасын тийгизерин эскертүүдө.

Биологиялык активдүү кошулмалар расмий медициналык каражат болуп эсептелбейт.

Былтыр декабрда парламентте экономикалык мунапыс маселеси талкууланып жатканда Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 30% тегерегинде болуп жатканы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG