Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Салянованын Батукаевдин иши боюнча соту уланды


Аида Салянова сот залында. Архивдик сүрөт.
Аида Салянова сот залында. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 26-февралда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ишин кароо уланды.

Салянованын тарапташтары "Азаттыкка" билдиришкендей, сотто материалдарды изилдөө жүрүп жатат, андан соң жарыш сөз башталат. Кийинки отурум 4-мартта уланмай болду.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып 16 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен козголгон иштин негизинде жалпысынан 19 адамга айып тагылган. Алардын төртөөнө өкүм чыккан.

Ал эми тергөө менен кызматташууга макул болгон 14 кишинин ичинде Салянова да бар болчу. Кийин ал тергөө менен келишимин токтотконун, бирок ага чейин жана андан кийин да иш боюнча берген көрсөтмөсүн өзгөртпөй турганын билдирген.

Свердлов райондук соту тергөө менен кызматташкандардын алтоону 260 миң сомдон, төртөөнү 300 миң сомдон айыпка жыккан. Дагы төрт кишинин иши сотто каралып жатат. Алардын бири - мурдагы башкы прокурор Салянова. (RK)

XS
SM
MD
LG