Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Ош шаарында эки окуучуну бычактаган өспүрүм үй камагына чыкты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ош шаарында 22-февралда эки мектеп окуучусу бычак жеп ооруканага түшкөн.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош шаардык ооруканасынан кабарлашты.

Окуя шаардагы Калинин атындагы орто мектептин жанында болгон. Анда 11-класстын эки окуучусу жараат алып, ооруканага кайрылган. Кол салууга шектүү катары 2003-жылы туулган өспүрүм кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, шектүү жана жабырлануучулар мурдатан тааныш болгон.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси (Ээнбаштык) Жазык кодексине ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей шектүүнүн жашы жете электиги эске алынып үй камагына чыгарылган.

Жабырлануучулар медициналык жардам алгандан кийин дароо үйүнө жиберилген.

Бул акыркы бир ай ичинде окуучулар арасындагы экинчи кол салуу фактысы.

11-февраль күнү шаардагы Нариман мектебинин жанында 17 жаштагы эки окуучу бычакталып, анын бири каза болгон. (MRa)

XS
SM
MD
LG