Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Батукаев ишинде тергөө менен кызматташкандар айыпка жыгылды


Азиз Батукаев. 2006-жыл.
Азиз Батукаев. 2006-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу кылмыш ишинде тергөө менен кызматташкандарга өкүм чыгарды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Эрмек Асанов билдирди.

Анын маалыматына караганда, райондук сот гематология боюнча адис Ирина Цоповага, онколог-дарыгер Эмил Макимбетовго, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Канатбек Бектемировго, өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекеновго, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган мурунку судья Жапар Эрматовго жана адвокат Али Касымовго 260 миң сомдон айыппул салды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкери Акылбек Асановго, ЖАМКнын дарыгери Фархад Атаходжаевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атахановго, ЖАМКнын мурдагы башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевге 300 миң сомдон айып салынды.

«Мындан тышкары Динара Сагынбаеванын (мурдагы саламаттык сактоо министри), Кубатбек Жуматаевдин (Батукаевди бошотуу боюнча сот жыйынына катышкан атайын прокуратуранын өкүлү), Майрамбек Акматалиевдин (атайын прокурор) жана Аида Салянованын (мурдагы башкы прокруор) иштери соттук кароодо», - деди Асанов.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы 2019-жылдын январында кайра иликтей баштап, сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшериш үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Сотко иш ошол жылдын октябрында өткөн.

ИИМ бул иш Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде тергелгенин, шектүү 19 адамдын 14ү тергөө менен кызматташууга макул болгонун, иш 451 томдон турарын кабарлаган.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага беш миллион сом айыппул салынган. Ал мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылган.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген эмес.

ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратууга өкүмү чыккан. Бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулган.

Жактоочулар жана мамлекетке чегерилиши каралган мүлктүн ээлери соттун бул чечимине нааразы болуп шаардык сотко кайрылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG