Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Мамлекеттик айыптоочу экс-башкы прокурор Жолдубаевага 15 жыл жаза сурады


Индира Жолдубаева
Индира Жолдубаева

Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан "Батукаев иши" боюнча соттук териштирүү тараптардын жарыш сөз айтуу жараянына келип жетти. 16-июндагы отурумда мамлекеттик айыптоочу мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 15 жылга эркинен ажыратууну, мамлекеттик сыйлыктарын жокко чыгарууну, үй мүлкүн мамлекетке чегерүүнү соттон суранды. Бул тууралуу сотко катышкан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова жарыш сөздө айыптоолор менен макул эмес экенин билдирди.

Мамлекеттик айыптоочу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жылга эркинен ажыратып, полковник чинин жокко чыгарууну жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду 13 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекетке чегерүүнү соттон сурады.

16-июндагы соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон сураганы белгилүү болгон. Кийинки соттук жараян 18-июнга белгиленди.

16-июндагы отурумда сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен Алмазбек Атамбаевди жараянга алып келүүнү талап кылган. Адвокат Замир Жоошев Атамбаев бул ишти буйрутма деп эсептегендиктен жана саламаттыгына байланыштуу сотко катышуудан баш тартканын билдирген.

Ушул эле күнү УКМК маалымат таратып, Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык экендигин билдирди.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган. Алар Азиз Батукаевди түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу ишине байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупцияны уюштуруу”) менен айыпталып жатат.

Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотко өткөн. 10-июнда бул кылмыш ишинде шек саналган дагы 13 кишинин иши сотко жиберилген.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев баштаган анын ондон ашык тарапташына Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG