Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Адвокат: Соттун Атамбаевди мүлкүнөн ажыратуу боюнча чечимине каршы арызданып жатабыз


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык сотунан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Батукаев боюнча иштин негизинде мүлкүнөн ажыратуунун мыйзамдуулугун аныктап берүү суралды. Бул тууралуу 4-августта «Азаттыкка» Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди:

«Сотто прокурорлор «бул иште Атамбаев кандайдыр бир материалдык баалуулуктарды алыш үчүн коррупцияга барген» деп билдиришкен, бирок бирөөдөн акча же башка материалдык баалуу нерсе алганын далилдей алышкан эмес. Адам кылмыш аркылуу мүлккө ээ болсо же мүлкүн кылмышты жасоодо каражат катары колдонсо гана ошол мүлкү конфискация болушу керек. Ал эми Атамбаев Батукаевди бошотууга катышкан эмес, өзүнүн мүлкүн каражат катары колдонгон эмес».

Адвокаттын бул билдирүүсү боюнча «Азаттык» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына комментарий сурап кайрылды. Азырынча жооп боло элек. Мекеменин расмий сайтында да прокуратуранын бул иш боюнча позициясын чагылдырган маалымат жок.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен.

Жактоочулар жана мамлекетке чегерилиши каралган мүлктүн ээлери соттун бул чечимине нааразы болуп шаардык сотко кайрылышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG