Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Нарындыктар электр баасын арзандатууну талап кылышты (видео)


Нарында электр энергиясынын тарифине каршы өткөн жыйын. 29-ноябрь, 2019-жыл.

Нарын облустук Жаштар ордосунда чогулгандар өкмөткө эки талап коюшту. Алар «кыш мезгилинде электр энергиясынын тарифине 3000 кВт/саатка чейин жеңилдик берилсин же бирдиктүү тариф коюлсун» деп айтышты.

Ушул талаптарды аткарууга өкмөткө он күн убакыт беришти. Эгер жооп берилбесе тынчтык митингине чыгышарын айтышты. Жыйындар залына 300 киши батат, орундуктар дээрлик бош калган жок.

Элдин суроолоруна «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын директору Айтмамат Назаров жана өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмил Алымкулов жооп берди. Нарындыктар буга чейин 19-ноябрда да шаардык мэриянын имаратында чогулушкан.

Бүгүнкү күндө электр кубаты жеке жактар үчүн 700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан, ал эми бийик тоолуу аймактар үчүн кышында 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан берилет. (MiK)

Нарын: электрдин баасына эл нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00

Пикирлерди көрүңүз (27)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG