Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Бишкекте Эл артисти Токтоналы Сейталиевдин тажиясы өттү


Токтоналы Сейталиевдин сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.
Токтоналы Сейталиевдин сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Бүгүн, 26-февралда СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиевди акыркы сапарга узаттуу зыйнаты өттү. Маркумдун сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Өнөр чебери менен коштошуу иш-чарасына маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, маркумдун шакирттери катышты.

Сейталиев көпкө созулган оорудан улам 24-февралда 84 жаш курагында дүйнө салган.

Сахнанын чебери 50 жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгүндө операдагы татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун чыгармаларында алдыңкы тенордук партияларды аткарган.

Сейталиев эмгек жолун колхоздо жумушчу болуп баштаган. 1956-1957-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы бир жылдык опера жана хор студиясын аяктаган. 1957-1962-жылдары Фрунзеде жумушчу жаштардын кечки мектебинде окуу менен бирге хор артисти болуп иштеп жүрүп, 1960-жылы окууну аяктаган.

1962-1969-жылдары Алматы шаарындагы Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство институтунун вокал факультетин бүтүргөн.

1984-жылы Москвадагы Чоң театрдын сахнасында ырдаган.

1969-2013-жылга чейин операнын солисти, сахна чебери, Кыргыз опера жана балет театрында вокал боюнча мастер-классты жетектеген.

1995-2015-жылдары Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенген. (RK)

XS
SM
MD
LG