Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Тоо булбулу келбес сапарга жол тартты


Токтоналы Сейталиев.
Токтоналы Сейталиев.

Көрүнүктүү опера ырчысы, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоналы Сейталиев 24-февралда 84 жашында узакка созулган оорудан көз жумду.

Ал 50 жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги, татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларын аткарган.

Кыргыз радиосунун алтын казынасынын жетекчиси, музыка таануучу Жамила Маматова Токтоналы Сейталиевдин трактовкасы, интерпретациясы, сөз менен иштөөсү мыкты, үнүнүн уккулуктуулугу кайталангыс эле деп эскерет:

«Москвадан бүтүп келген биздин искусство чөйрөсүндөгү кадрлар Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Артык Мырзабаев - булар бир муун болуп бирге иштеп, маданиятыбызды бийик деңгээлге көтөрүштү. Сейталиевдин жаңычылыгы – башка дүйнөлүк ырчылар сыяктуу эле опералык чыгармаларды жогорку даражада эл алдына алып чыга алды. Биздин азыркы учурду эске албаганда, маданиятка кам көрүлүп турган заманды көрүп, учурунда кадырланды. Ошон үчүн өнөрү бышып жетилди».

70-80-жылдарда Азербайжан, Грузия, Латвия, Литва, Орто Азия жана Казакстан республикаларындагы жеке концертин активдүү коюп, советтик артисттердин концерттик бригадаларынын курамына кирип, Болгария, Польша, Сирия, Түркия, Алжир, Монголия, Швеция, Дания, Швейцария, Кипр, Иордания жана Жапонияга барган.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Салима Маматова Токтоналы Сейталиев балачагынан кыйын турмушту, жетимдиктин азабын көрүп чоңойсо да, дилгирлиги, таланты аны улуу инсан кылып тарбиялай алды деп баяндады.

«Бала кезинен эле кызылчада иштеген элге көмөктөшүп, суу ташып, аларга ырдап берип көңүлүн алчу экен. Анан элдин “Окушуң керек” деген сунушу менен Опера жана балет театрынын астындагы эки жылдык студиядан музыкалык сабак ала баштайт. Кийин Алматы шаарындагы Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство институтунун вокал факультетинде билимин улантат. Ошол жактан профессор, СССРдин Эл артисти Бекен Жылысбаевден сабак алып, өзүнүн талантын таптаган экен».


Белгилүү опера ырчысы, Эл артисти Сталбек Алмасбеков Токтоналы Сейталиевдин Кыргызстандагы эң биринчи шакирти. Ал устатын Кыргызстандагы алгачкы профессионалдуу лирикалык тенор экенин баса белгиледи:

«Устатым дүйнөлүк деңгээлдеги эң мыкты опера ырчыларынын бири. Ал эң татаал композициялык партияларды аткаруу менен айырмаланып турат. Азыркыга чейин ал инсандын жасап кеткен эмгегин эч ким кайталай элек. Ал жергиликтүү жана дүйнөлүк эң мыкты композиторлордун опералык спектаклдеринде мукам үнү менен өз изин калтырып кетти десем болот. Ал тарбиялаган шакирттер бир гана кыргыз балдары болгон эмес, башка улуттун өкүлдөрү да сабак алып, алар да мыкты ырчылардын катарын толукташты».

Опера ариялардан тышкары, Токтоналы Сейталиевдин камералык репертуарында кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана романстары кирген.

Алар: Атай Огомбаевдин “Гүл”, “Эсимде”, Владимир Левашовдун “Россиянын булбулдары”, Мукаш Абдраевдин “Жалынына күйгөнмүн” ж.б.

Сейталиевдин дагы бир шакирти, эмгек сиңирген артист Бакыт Ыбыкеев устатынын шакирт тарбиялай билген өрнөгүнө токтолду:

«Мен билгенден агайдын окуткан окуучуларынын дээрлик бүт баары азыр театрларда ырдайбыз. Опера жана балет театрында эле төрт-беш шакирти солист болуп эмгектенип жүрөбүз. Анын эмгегин көпчүлүк билет эмеспи. Мен адамдык сапатына, бизге берген тарбиясына токтолсом деп турам. Өтө жөнөкөй, жакшылык жасай билген адам эле. Студент кезде жакшы ырдап койсок, “Кардыңарды тойгузуп алгыла” деп капчыгынан тыйын сууруп бере калып, көңүлүбүздү көтөрүп, дем берчү».


Токтоналы Сейталиев 1937-жылы 3-декабрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Жайылма айылында туулган.

  • 1956-1957-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы бир жылдык опера жана хор студиясын аяктаган.
  • 1962-1969-жылдары Алматы шаарындагы Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство институтунун вокал факультетин бүтүргөн.
  • 1984-жылы Москвадагы Чоң театрдын сахнасында ырдаган.
  • 1969-2013-жылга чейин операнын солисти, алдыңкы сахна чебери, Кыргыз опера жана балет театрында вокал боюнча мастер-класстын жетекчиси болгон.
  • 1995-2015-жылдар аралыгында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жеке ырдоо классында эмгектенген.


26-февралда СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиевди акыркы сапарга узаттуу зыйнаты өттү. Маркумдун сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Өнөр чебери менен коштошуу иш-чарасына маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, маркумдун шакирттери катышты.

"Азаттык" радиосунун жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.
  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG