Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 19:52

Кыргыз күүлөрүн оркестрге салган Борис Феферман


Петр Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин окуучулары Борис Фефермандын «Темир канат» аттуу чыгармасын чертип жатышат.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, дирижер, композитор Борис Фефермандын 100 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.

Ал Атай Огонбаевдин «Кыз кербез», «Эсимде», Ыбырай Тумановдун «Жаш тилек», «Боз салкын», «Паровоз», «Кара тулпар» Токтогулдун «Мырза кербез», «Орусча кайырма» аттуу чыгармаларын оркестр үчүн иштеп чыккан.

Борис Феферман 1951-жылы Наманганда иштеп жүргөндө Филармониянын элдик аспаптар оркестрин жетектөө тууралуу сунуш менен Кыргызстанга чакырылган.

Ал Ыбрай Туманов, Атай Огонбаев, Карамолдо Орозов менен чогуу иштеп, Ташкенттеги лад аспабын жасаган уста Петросянга оркестр үчүн өзүнчө комуз, кыл кыяк, чопо чоор, сыбызгы жасаткан. Муну менен ал кыргыздын элдик аспаптарынын табигый үнүн сактап калууга аракет кылган. Ошондон кийин кыргыз эл оркестри башка элдердин музыкаларын аткарууга мүмкүнчүлүк алган.

Композитор Акимжан Жээнбай Борис Феферман улуттук аспаптын табигый табышын баалай билген, жан дүйнөсү кыргыз музыкант болгонун белгилейт:

Акимжан Жээнбай.
Акимжан Жээнбай.

«Ал Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде оркестрден сабак берген. Кыргыз музыкасына, музыка илимине өтөгөн эмгеги зор. Учурунда биздин композиторлор союзунун алдында фольклордук бөлүмдү да жетектеп турган. Ал ошол убакта кыргыздын фольклордук музыкаларын иштеп чыккан. Тилекке каршы, ушундай улуу талантты жакындан тааныган композиторлор, маданият ишмерлери өтүп кетип, биз калтырган эмгектери аркылуу гана билип, эскерип отурабыз».

1952-жылы дирижер Борис Фефермандын демилгеси менен Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына кыргыз эл аспаптары боюнча бөлүм ачылган.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев Петр Шубинден кийин Борис Феферман кыргыздын залкарларынын чыгармаларына оркестрде өмүр берип, кыргыз искусствосуна эбегейсиз салым кошконун эскерди:

Кайрат Иманалиев.
Кайрат Иманалиев.

«Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде бир топ залкарларыбыздын чыгармаларын иштеп, оркестрге салган. Азыркы күнгө чейин ошол чыгармаларды угуп келебиз. Ыбырай Тумановдун «Боз салкын» аттуу эмгеги оркестрдин коштоосунда аткарылганда кандай бийик сезимге туш болосуң? Оркестр чыгармага өзгөчө боёк берген. Атай Огонбаевдин вокалдык чыгармаларын оркестрге салган. «Маш ботойду» алгачкы болуп оркестрге дал ушул Борис Феферман агайыбыз салганын билебиз».

Анын устаты белгилүү Армян ССРинин эл артисти К.С.Сараджев болгон.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов Борис Фефермандын мугалимдик чеберчилигине токтолду:

Мамашарип Чотонов.
Мамашарип Чотонов.

«Ал Чалагыз Исабаев, Асанбек Асакеев өңдүү кыргыз искусствосуна аттын кашкасындай таанымал адамдарды тарбиялады. Ал «Тоодо», «Токтогулдун кайтып келиши», «Жамгыр», «Талаада» деген эмгектерди жазып, «Скрипка үчүн элегия», «Оркестр үчүн элегия» аттуу илимий макалаларды жазган. Анын илимий изилдөөлөрүн, ырларын азыр да болсо биздин музыка искусствосундагы студенттерибиз окуп, үйрөнүп жатышат».

Борис Вениаминович Феферман 1920-жылы Украинанын түштүгүндөгү Александрия шаарында 1920-жылы туулган. Ал 17 жашында Харьков академиялык опера жана балет театрынын оркестр бөлүмүнө окууга тапшырган. 1941-жылы согуш башталып кетип, Феферман ата-энесинен ажыраган. Ал ата-энесинен ажырагандан кийин алыскы Ереванга эвакуацияланган. Жаш музыкант А.Спендиарова атындагы опера жана балет театрында оркестр бөлүмүндө иштей баштаган. Армян ССРинин эл артисти К.С. Сараджев Борис Фефермандын музыкага болгон дилгирлигин байкап, анын консерваториядан билим алышына шарт түзүп берген жана өзүнүн классына кабыл алган. Ал окууну бүткөн соң Өзбекстандагы Наманган музыкалык окуу жайына чакырылган. Ал жерде төрт жыл иштеген. Андан соң 1951-жылы Кыргызстанга чакырылып, 1998-жылга чейин кыргыз искусствосуна салым кошкон. Өмүрүнүн аягында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде элдик оркестр бөлүмүндө мугалим болуп иштеп жүргөндө каза болгон. Сөөгү Кыргызстанга коюлган. Анын кыргыз эл оркестри үчүн иштеп чыккан 200 ыры улуттук музыканын алтын фондунда сакталып турат.

XS
SM
MD
LG