Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

«Кытайда "Манас" менен комузду угуп чоңойгом»


Акын, обончу, ырчы кытайлык кыргыз кыз Гүлмира Макелек кызы.
Акын, обончу, ырчы кытайлык кыргыз кыз Гүлмира Макелек кызы.

Кытайлык кыргыз Гүлмира Макелек кызы Муса Баетовдун «Сагынам», Апаз Жайнаковдун «Кыргыз жери», Нурак Абдракмановдун «Сага» аттуу обондорун ырдап жүрөт. Ал өзү ыр жаратып, ага обон да жазат. Анын обондору эл арасында ырдала баштады.

Гүлмира Макелек кызы 2015-жылы август айында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине окууга тапшырып, ал жактан үч жылдык билим алган. Учурда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын «элдик ырларды ырдоо» факультетинде билим алууда.

- Гүлмира айым, менин баамымда кыргыз жергесине келген кытайлык кыргыз кыз-жигиттеринин басымдуу бөлүгү элдик чыгармаларга жакын келет. Мунун сыры эмнеде?

- Кытайлык кыргыздар фольклорго жакын. Мунун бирден-бир себеби - тарыхый мекенибизге болгон кусалыгыбыздан улам бала чагыбыздан «Манас» эпосун угуп, комуз сабактарын үйрөнөбүз. Бизге атайын комуз сабагы окутулат жана ал сабакта Атай Огонбаевдин, Муса Баетовдун ырларын угабыз. Нукура кыргыз элинин көөнөргүс мурасын угуп чоңойгон урпак албетте эс тартканда элдик ырларга басым жасайт.

- Кытайдан келген кыргыздар учурда эмне менен алек болуп жатат? Абалыңыздар кандай?

- Окуу менен алекмин, бош убактымда комуз чертип, үйдөн чыкпайм. Анткени карантин деле толук алына элек. Тойлор болуп калса, комузумду көтөрүп барып ырдап келем. Ал эми тарыхый мекенинде жашап жүргөн кытайлык кыргыздардын абалы тууралуу айтсам - мен болгону эки-үч студентти билем. Алар кээде ач, кээде ток жашап жатат. Атактуу болбогон соң тойлорго деле көп чакыра бербейт. Мен деле ошол абалдамын. Пандемия негизи чыгармачыл адамдарга бир топ эле тоскоолдук жаратты.

- Кыргызстандын жарандыгын алганыңызды билем. Бул чечимди кабыл алуу оор болдубу?

- Кыргызстандын жарандыгын алуу жөнүндө чечим кабыл алуу абдан оор болду. Бул жакта калсам мени эл колдойбу, ырдай аламбы же жөн эле окууну бүтүрүп алып үйдө камалып каламбы деген ойлор болду. Окууну бүткөндө Кытайга кетсемби деп ойлонуп жүргөн кезимде бир жигит учурады. Ошол жигиттин мага арнаган сүйүүсү менен менин чыгармачылыгыма болгон колдоосу Кыргызстандын жарандыгын алышыма чоң өбөлгө болду.

- Кыргыз жерине көнүп калдыңызбы?

- Тарыхый мекениме чынын айтсам толук көнө албай жатам. Кытайда ата-энем, бир туугандарым бар. Апамды сагындым. Мен бул жакта жалгызмын. Кээде сагынып, эмнеге калдым экен деп ойлонгон, кетким келген учурларым да болот.

- Кыргызстандагы чыгармачыл адамдардын арасында сиз туш болгон кыйынчылыктар, сизди бушайманга салган жагдайлар барбы?

- Искусство тармагында чыгармачыл адамдар бир-бирин колдобойт. Бир иш-чараларга барып калганда каалагандай иш кылышат. Телеге тартыла турган болгондо өз кезегин билишпейт, теледе ким кайсы ырчыны жакшы тааныса алгач ошого көңүл бурушат. Бул нерселер мени абдан кейитет. Тартипке, убакытка көңүл бура билсек жакшы болмок.

- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

- Чыгармачыл адам болгондон кийин, азыркы элдик ырларды бизден кийинки муундагыларга төкпөй-чачпай жеткиргим келет. Анткени учурда көрүп жатпайбызбы, ырлардын табитин бузуп жатышат. Биздин Атай, Муса аталарыбыз ырларды кандай ырдап чыгышкан? Ошол нукту улантышыбыз зарыл. Улууларыбыздын чыгарган обондорун бузуп, азыркы калыпка салып ырдасак, келечек муунубузга нукура элдик чыгармачылыгыбызды кантип жеткире алабыз?

Акын, обончу, ырчы Гүлмира Макелек кызы акын Толук Бек Байзактын «Мен жолго чыгаарымда ыйлаба, апа», Бердибек Жамгырчиевдин «Жаз болуп келдиң», Кундуз Авашованын «Ыр дүйнө» аттуу ырларына обон жаратып, Нурак Абдрахмановдун, Муса Баетовдун, Атай Огонбаевдин, Түмөнбай Байзаковдун, Апаз Жайнаковдун обондорун ырдап жүрөт.

XS
SM
MD
LG