Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:15

Көркөм дүйнөнүн көкөйүнө тийген плагиат


Иллюстрациялык сүрөт.

Плагиат же чыгарманы уурдап алуу менен таасирленүүнүн айырмасын, алардын ортосундагы чекти кантип аныктаса болот? «Азаттык» бул боюнча жүргүзгөн сурамжылоого бир катар акын-жазуучулар, окурмандар катышты.

Сурамжылоого катышкан акын-жазуучулар, адабиятчылар, окурмандар бир ооздон чыгарманын саптарын, сөз айкаштарын уурдаган адамдар көп экенин билдиришти. Клип тарттырып же обонунун, же текстинин авторун жазбай, аткаруучуну гана жаздырышканы аз келгенсип, ЖМКга чыкканда да көп учурда же сөзүнүн, же обонунун авторун көрсөтпөй өздөрүнүн гана аты-жөнүн жаздырып койгон айрым шоу-бизнес өкүлдөрүнүн жоругу пастык экендигин баса белгилешти.

Адабий сынчы Рахат Аманова адабият айдыңын ээн калган эгин талаасына салыштырат. Ал эгинди эгип өстүрүп, багып, оруп койгон баба дыйканды көзгө илип койбой анын чыгармасын уурдап жаткан адамдардын көптүгүнө кейийт.

Рахат Аманова.
Рахат Аманова.

«Алар ойлойт окшойт, «ырды ким окуп атыптыр, окуса да эсинде жок» деп. Анан айрым ырлардын идеясын, композициясын, түзүмүн окшоштуруп кымтыганы аз келгенсип, ыр саптарын, керек болсо ырларды бүкүлү бойдон уурдап атышат», - деди ал.

Аманова окуган адам уурдалган ыр менен адал ырдын айырмасын жаземдебей тааный турганын айтты:

«Анткени күчтүү окурмандын көзү ачык болот. Миңдеген, жүздөгөн кыраакы окурмандын көзү автор же адабиятчылар көрбөгөндү көрөт, сезет, билет. Болгону ачык айтып эл алдына алып чыккандан тартынышат, ууру авторду аяп. Анан дагы, айрым учурда чыгармачыл акын-жазуучулардын саптары, сөздөрү, ал тургай идеясы да окшош болуп калышы 100% ыктымал. Бирок бул учурда эч кандай уурулук эмес экенин окурман журту да, эки автор да мойнуна алат. Себеби эки чыгарма окшош болгон учурда да чыгармачыл акын-жазуучулардын өзүнө гана таандык ыкмасы болот. Ал эми ыкма - чыныгы чыгармачыл адамдын жеке өзүнө таандык Кудай атап берген тубаса мөөрү!

Мисалы үчүн, Чыңгыз Айтматовдун «Кыяматындагы» Ташчайнар менен Акбараны же андагы акыр заман көйгөйүн ким билбейт? А бирок Султан Раев агайдын «Топон» жыйнагын окуган киши катары айтат элем: «Кандай гана күчтүү интерпретация!» деп. Улуу жазуучу айтып кеткен темаларды Султан агай Айтматовдон кем эмес деңгээлде көркүнө чыгарып таштаган. Султан Раевдин «Топонун» окуганда «Кыяматтын» калып кеткен уландысын окугандай таасирленгем. Бул менин жеке пикирим, эч кимге таңуулабайм».

«РухЭш» сайтынын конкурсунда мыкты деңгээлде жазылган чыгарма катары алкоого алынган «Чок кармаган жигиттер жана чолпон көздүүлөр» аттуу Калвира Акчаловага таандык деген эмгек көп узабай плагиат экендиги белгилүү болгон.

Бул чыгарманын чыныгы автору жазуучу Арслан Койчиевге таандык экендигин далилдеген жаш калемгер Залкарбек Назарматов плагиат менен интерпретация түшүнүгүн айырмалоочу аныктаманы акын-жазуучуларга түшүнүктүү кылып жайылтуу керек деген оюн ортого салды:

Залкарбек Назарматов.
Залкарбек Назарматов.

«Мен ушул окуядан кийин эле уяла берем. Азыркыга чейин ошол окуяны эстесем ыңгайсызданам. Эгер автордун интеллектуалдык менчигин мыйзам менен коргоо ниети болсо жана ошону менен бирге эле кадыр-баркын жоготуудан оолак болуш үчүн бул экөөнүн айырмасын билиши керек».

Сурамжылоого катышкан окурмандар тарабынан акын Акбар Кубанычбековдун «Бир күн» деген ыры менен учурдагы маданият, маалымат, туризм министри Нуржигит Кадырбековдун «Бир секунд» ыры абдан окшош экендигин айткандар бар. Алар акын Кубанычбековдун ыры эл оозуна алына баштаган соң Кадырбековдун ыры чыкканын белгилешет. Ушундан улам эки авторго тең кайрылууну туура көрдүк.

Кубанычбековдун калемине таандык «Бир күн» аттуу ыры:
Бир күн сызып, самолёттой барат шуу,
Бир күн учуп, кайрылбаган канаттуу.
Бүт баардыгы жайланышып калганда,
Бир күн келип жан дүйнөңө салат чуу.

Бир күн келет таалайыңа кошуп шаң,
Бир күн менен эки жүрөк кошулган.
Бал сыяктуу ширин ууну жуттуруп,
Бир күн бөлөт ажырашпас досуңдан.

Бир күн турса жүрөгүңдү чокко ороп,
Бир күн күйүп, алоолонгон от болот.
Биз адамдар ыйман гүлүн соолутсак,
Бир күн менен бул жер жүзү жок болот.

Бир күн келип, гүлдүү жерден чаң учат,
Бир күн келип, күткөн жандар табышат.
Биз алпарсак өткөндөрдү мүрзөгө,
Бир күн келсе, бизди алып барышат.

Нуржигит Кадырбековдун калемине таандык «Бир секунд» ыры:
Бир секунд – бул самолетко кечигүү,
Бир секунд – бул жанган отту өчүрүү.
Бир секунд – бул бир кылымда жуулгус,
Бир чоң ката, бир чоң айып кетирүү.

Бир секундда дарак сынат карс этип,
Бир секундда жалын өчөт жалп этип.
Бир секундда жүрөк токтоп акыры,
Ысык дене музга айланат жан кетип

Бир секундда карек байкап жүрөктү,
Түбөлүккө ээлейт сүйүү жүрөктү.
Өмүр бою тытынасың кылам деп,
Бир секундда айткан асыл тилекти.

Бир секундда көзүң көптү туя алат,
Оюң жасайт ай-ааламга зыярат.
Миллиард жылды карытса да жер шары,
Бир секундда келет, балким, кыямат.

«Бир күн» ырынын автору Акбар Кубанычбеков чет өлкөлүк адабиятты колдонуп таасирленген учурлары болгонун, плагиатка каршы экенин билдирди.

«Мен бул ырымды 2013- жылы жаздым. Бул ыр жазылган соң, бир жылдан кийин Нуржигит Кадырбековдун ушундай ыры бар экендигин окудум. Экөөбүз эки башка жакта олтуруп жазганбыз. Оюбуз окшошуп калган го. Бирок бул ырым жарыяланган соң 20дай версиясын окудум. Таасирленишсе керек, мен өзүм бирөөнүн сабын алып алгандарга, менин саптарымды уурдап алгандарга да каршымын, бирок айла жок, аны тыя албайт экенбиз. Бизде плагиат абдан күчөп кетти».

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков менен байланышканыбызда, ал акын Акбар Кубанычбековдун «Бир күн» деген китеби чыккандыгы туаралуу маалыматы бар экендигин, бирок ал китепти окуй элек экенин кошумчалады.

«Акын качан, кандай сап келерин өзү билбейт, бул бир эргүү болсо керек. Кубанычбековдун ушундай ыры бар экендигин билбейт экенмин. Бул ойлорубуздун дал келүүсү го?»

Эскерте кетсек, 2019-жылы, 3-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, акын Зайырбек Ажыматовдун «Мен кыргызмын» аттуу ырын «балким, бул ырдын автору мен болушум да мүмкүн» дегени коомчулукта катуу талкууга алынган.

Акын Бурулкан Карагулова «​ыр саптарымдын ар кимде жайнап жүргөнү - мени окушканынын, менден таасирленишкенинин белгиси» дейт.

Ал эми адабиятчы, сынчы Жолдош Турдубаев бул ойго каршы.

Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

«Баары эле чыгарманын чыныгы автору ким экендигин биле бербейт, - деп жүйө келтирди ал. - Ал турсун кээ бирөөлөр ууруну ээси деп, чыгарманын авторун «таасирленген» деп ойлоп калат. «Китеп уурдаган уурулук эмес» дешчү, китепкөйлүк мода болгон доордо. Бирөөнүн сатып алган, өзүнө керектүү жерлерин белгилеп койгон китебин уурдагандан уялбай, жасалма макал чыгарышкан. Автордук маселесинде да катуу эле талап коюп, ууруларды эч аябай жазалап туруш керек. Кээ бир авторлор өӊ көргөндө жүз тайып көӊүлчөөктүк кылышы ыктымал, бирок алар деле ашыкча кечиримдүүлүгү менен жалпы маданиятка зыян келтирип жатканын ойлошу керек. Ошондуктан бул маселеде таарынат, эл эмне дейт ж.б. актамайларды жыйыштырып салып, баарыбыз бекем турушубуз керек.

Ырас, кээде башка бирөөнүн идеясын байкоостон кайталап, кыстарып кеткен учурлар болот. Мисалы, орус акындарынын таасиринде калып, кээде бүтүндөй ырды кыскарта чаап же идеясын кайра туюндуруп салгандар кездешет. Мындай учурларды да адабиятчылар белгилей жүрүшү керек».

Анын оюн улаган миграциядагы акын Азамат Омош жеке өзүндө кээде билбестен башканын оюн жазып алган учурлар болорун байкаганын айтып отурду:

«Кайсы бир акындын кайсы бир ырын бир жерден окуп калышың мүмкүн. Бирок убагында буга маани деле бербейсиң. Унутуп да каласың. Анан бир күнү ыр жазсаң эле тиги акындын сөздөрү эгиздей болуп ээрчишип келип калат. Мүмкүн тиги ырдын сөздөрү өзүң билбеген абалда акыл астында калып кетет окшойт да. Бирде бир ыр илсем Улукбек Олжобай агайдын (Олжобай Шакир - ред.) бир ырын комментарийге илди. Экөөнүн сөздөрү опокшош. Болгону агай кызга, мен ажалга кайрылыппыз. Агай коңшу көчөдөгү кызды айтыптыр, мен коңшу көчөдөгү ажалды айтыпмын. Өзүм уялып, агайдан кечирим сурап, өчүрүп салдым. Дагы бир ыр жазсам, андагы «Манас бол» деген ойду Жыргалбек агай (Жыргалбек Касаболотов - ред.) 15 жыл мурун жазып салган экен. Кечээ эле «Фейсбуктан» ыраматылык Закемдин (Зайырбек Ажыматов - ред.) бир ырын окуп калдым. 3-4 ай мурда бир ыр жазган элем, таппай койдум, көрсө ошол ырыма Закемдин бир сабын «пайдаланып» салыпмын. Мындай нерсе менде көп эле болот. Атайылап уурдабайм деле. Бирок коёндой окшошуп калат. Бул окшош ойлонуубу же уурулукпу, билбейм».

Сурамжылоого катышкан окурман Эргешова чыгарманы атайылап уурдагандарды акын катары эмес, ырга фанаттар деп ойлой тургандыгын белгиледи:

«Акындыкты мен таза, аруулук катары билем. Анан өсүп келе жаткан жаш акын болсо тепкилебей, акырын түшүндүрүп коюшу керек го, акындар. Жеке мен поэзияга фанат катары ырларды жазам, баракчамда, бирок авторун болушунча көрсөткөнгө аракет кылам. А тиги ырчылар тарабынан аталбаганы - ырчынын жеке абийиринде. Аны өздөрү үйрөнүшү керек. Акындын жазган ыры - анын баласы, демек, уурдоо бирөөнүн баласын уурдаганга барабар».

Сурамжылоо учурунда бирөөнүн чыгармасын менчиктеп алуу жалаң эле акын-жазуучулар арасында эмес, шоу чөйрөдө, котормочулук кесипте, музыка-обон жаратууда, кандайдыр бир долбоорлорду ишке ашырууда да олуттуу көйгөй экендиги тууралуу кеп болду.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлназ Бекбосун кызы ырчылардын арасында ырдын сөзүнөн да, обондун кайрыгынан да уурдагандар көп экендигине басым жасады:

«Ырдын аранжировкасын так ошондой кылып жасатып ырдап аткандарга «эскертүү» берсең деле тоготпогондор өтө эле көп. Кээде кокустан угуп калып, айтсаң, каратып туруп бет тырмачылыкка баргандарды да жолуктурдум. Кайсы бир күнү жүрөктөрүнө ыйман келишин суранамын. Өздөрү билет, аттарын атабай эле коёюн».

Өлкөдөгү бардык телерадио, театрлар, кафелер, ресторандар жана мейманканалар музыка пайдаланганы үчүн авторлорго акы төлөшөт.

Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын (Кыргызпатент) басылмаларды даярдоо бөлүмүнүн адиси Акжол Доранбек уулу 2019-жылдын эсебинен чогулган автордук гонорарлар 2020-жылдын март-апрель айынан баштап бериле баштаганын кабарлады:

Акжол Доранбек уулу.
Акжол Доранбек уулу.

«Бул жылы карантин убагында 792 авторлорго, аткаруучуларга, укук ээлерине, музыкалык топтордун жетекчилерине жалпы суммасы 9 млн. 43 миң 986 сом автордук сый акы бөлүштүрүлдү. Бул жылы 10 айга карата 10 081 743,96 сом автордук сый акы ТВ, радио, ресторан, кафе, соода борборлор, спорт зал, сулуулук салондору, барбер-шоп сыяктуу тараптардан чогултулду».

Кыргызстанда акын-жазуучулар, искусство адамдары өлкөдө автордук укук корголбой жатканына көп нааразы болушат. Бирок сотко кайрылып автордук укугун ачык талашкандар сейрек кездешет.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG