Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:48

Автордук укук коомдук коргоого муктаж


Иллюстрациялык сүрөт

Чыгармачыл адамдардын автордук укуктарын коргоого кепилдик берет деген жаңы долбоор ишке кирди. Эми Кыргызстанда телерадиолордон уктурулган чыгармаларды компьютердик программанын негизинде так эсептеп, авторлорун аныктаса болот.

Ушул тапта жеке менчик эсептөө сервери Коомдук телерадиокомпания менен келишим түзүп, өз ишин баштады. Айрым адистер бул долбоор аткарылган чыгармалардын санын аныктаганы менен, сапатын баалай албасын айтып, автордук укукту коргоо боюнча негизги маселелер дагы эле чечилбей жатканын белгилешет.

Автордук укук боюнча жаңы долбоорду Тынчтыкбек Кожобеков ишке салган. Анын айтымында, эгерде 24 саат бою ар бир телерадио компаниядан кеткен ырларды угуп, эсептеп, жазып чыга турган адамдарды жалдай турган болсо, чыгымы көп болуп кетмек.

Кожобеков өзү түптөгөн серверде бул машакаттуу жумуш атайын компьютердик программага жүктөлөрүн айтты:

- Программа миңдеген адамдын эмгегин өзү жалгыз жасайт. Иши болсо жөнөкөй. Мен инженердик жактан атайын аппарат жасаткам. Ал радиолорду угуп, сигналын алып, "мээсине" жаза берет. Андан чыккан үндү биздин программа алат да, сервердин "мээсинде" турган чыгармаларга окшоштуруп издеп табат. Ошентип статистика чыгып калат. "Канча ырчы ырдап, кайсы композиторлордун, кайсы акындардын чыгармалары аткарылды" деген эсеп убактысы менен кошо чыгат. Кыргызпатент ошол статистиканын негизинде авторлорго калем акы төлөсө болот. Бирок алар менин бул демилгеме үч жыл бою таптакыр көңүл бурбай коюшту. Аларды деле түшүнсө болот. Себеби, мыйзам боюнча Кыргызпатент жеке компаниядан маалымат сатып албайт экен.

Кожобеков учурда "Тынчтыктын мониторинг сервиси" ушул жылдын башынан тарта Коомдук телерадио каналы менен келишим түзүп, ал жерде аткарылган чыгармаларды автоматтык түрдө санап, Кыргызпатентке калем акы алуу үчүн өткөрүп берүү келишимин түзүүгө жетишкенин айтты.

Акыркы жылдарда кыргыз коомчулугунда автордук укук маселеси боюнча кеп көп айтылып жүрөт. Жакында эле Композиторлор бирикмесинин айрым мүчөлөрү бул жаатта өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин депутаттарына атайын кайрылуу кат жолдогон. Аталган бирикменин төрагасы Турдубек Чокуев ал кайрылууда козголгон маселеге кыскача токтолду:

- Чынында бул маселенин "шиши толду". Себеби, бардык жерде жаратмандар экинчи планда калып, аткаруучулар алдыңкы планга чыгып кетти. Көпчүлүк учурда ырлардын автору айтылбай эле аткарылып жатат. Далай чыгармалар депутаттык, президенттик шайлоодо ырдалат. Аткаруучулар каймагын калпып алып, чыгарманын авторлоруна калем акы төлөнбөйт.

Адис ушул тапта автордук укук маселеси жалпы чыгармачыл чөйрөдө бышып жетилгенин белгилеп, "Тынчтыктын мониторинг сервиси" тууралуу жеке пикирин айтты:

- Кызык жери мындай болуп калып жатпайбы: туура, азыр радиодон көп неме жок. Алардан ар кандай ырлар кетип жатат. Макул, көп кеткен ырлар программанын негизинде алдыга чыксын. Бирок радиолордон сапатсыз чыгармалар көп ырдалат. Ар кайсы жактан уурдалган обондор, сөзү да эптемей. Аларды ким тескейт? Демек эфирден көп аткарылган чалжыраган чыгармаларга автордук укук аркылуу көп калем акы төлөнүп, ал эми чыныгы адистердин чыгармалары дагы эле моралдык жана материалдык жактан артта калат окшойт.

Композиторлор бирикмесинин төрагасы Турдубек Чокуев автордук укук маселесин мамлекет жөнгө салып, аны мыйзамдар менен бекемдеш керек деген ойдо.

Досалы Эсеналиев
Досалы Эсеналиев

Анткен менен бул жаатта мамлекет коомчулуктун жардамына муктаж экен.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатенттин) жетекчиси Досалы Эсеналиев мамлекетте автордук укук багытында керектүү мыйзамдык база бар экенин, ал эл аралык чен-өлчөмдөргө ылайык сакталарын айтууда:

- Автордук укук деген адам укугу сыяктуу эле зор багыт. Аны сактоодо, колдонууда, мыйзамдык базаны жакшыртууда, калем акыны эсептеп, төлөө системаларын өркүндөтүүдө биз кол кабыш кылып келатабыз. Келечекте автордук укукту колго ала турган, авторлордун баарынын башын бириктирген бир чоң коомдук уюм пайда болуп, ал иштеп кетсе жакшы болмок. Себеби мамлекеттик орган саясатты аныктап, мыйзамдык шартын түзүп, башка керектүү нерселерди жасап берсе, ал эми өзүн өзү башкарган коомдук уюм бардык авторлордун башын кошуп ишти жөндөп кетсе, бул көптөгөн маселелерди чечмек.

Эсеналиев "Тынчтыктын мониторинг сервиси" автордук укук жаатында бир нече маселени чечерин белгилеп, ал бул багытта иш жүргүзө баштаган алгачкы коомдук долбоор экенин айтат.

Учурда Кыргызпатентте үч миңден ашык автор, 18 миң музыкалык чыгарма расмий түрдө катталган. Ал эми "Тынчтыктын мониторинг сервисинде" эгемендик жылдарынан бери чогулган миңге чукул музыкалык чыгарма бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG