Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

“Кыргызстан” партиясы ураан уурдадыбы?


Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго таандык НТС телеканалы “Кыргызстан” саясий партиясын интеллектуалдык менчик боюнча айыптап чыкты.

Аталган канал социалдык роликтерде колдонулуп жүргөн “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деген ураанды жаңы түптөлгөн партия ыйгарып алганын айтууда. “Кыргызстан” партиясы болсо дооматты четке кагып жатат.

НТС телеканалы мекенчилдикке үндөгөн социалдык жарнамаларында “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деген ураанды колдонуп жүргөнүнө эки жылдан ашып калган экен. Каналдын маалыматтык жана аналитикалык берүүлөр департаментинин башчысы Миржан Балыбаевдин ырасташынча, НТСтин бул ураанга автордук укугу бар. Ал коомчулукка сиңип калган ураанды “Кыргызстан” партиясы колдонуп жатышын уурулук деп баалады:

- Жаңы долбоорго, жаңы телеберүүгө аталыш издегенде башкаларды кайталап калбаса экен, башкаларга окшоп калбаса экен деп аракет кылабыз. Өзүбүз намыстанабыз. Бул журналисттик чөйрөдөгү жазылбаган эреже. "Бүтүндөй бир өлкөнү гүлдөтөбүз, жыргатабыз" деген партиянын даяр нерсени уурдап, өздөрүнө ыйгарып алганы бул абдан уят иш. Муну кокусунан болду деп айтуу кыйын. Андай эмес. Ошол “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деген ураанды гана албастан, ал тургай графикалык жазылышын, түстөрүнөн өйдө ыйгарып алып отурат. Бул уят жана кыжыр келтирген нерсе.

Канатбек Исаев Өмүрбек Бабанов менен араздашып кеткен соң партиядан чыккан, 10-ноябрь, 2010-жыл
Канатбек Исаев Өмүрбек Бабанов менен араздашып кеткен соң партиядан чыккан, 10-ноябрь, 2010-жыл

Миржан Балыбаев “Кыргызстан” саясий партиясын таанытуу, мактап-жактоо менен алектенен пиар тобун кесипкөй эмес деп сындады жана НТС телеканалы автордук укукту коргоого киришерин билдирди:

- Бул ураан боюнча патент алган эмеспиз. Бирок биз мыйзамдык-укуктук жактан иштеп жатабыз. Өзүбүздүн интеллектуалдык менчигибизди коргоого аракет жасайбыз. Ушуга барууга аргасызбыз. Ансыз деле аталган партия туусунун өңү, анын белгилери боюнча коңшу Казакстандын желегине окшоп калыптыр деп коомчулуктун, журналисттердин сынына кабылып жаткан.

Ураанга байланыштуу доомат боюнча "Азаттык" “Кыргызстан” партиясынын төрагасы Канатбек Исаевден комментарий алды. Анын пикиринде, мындай ураанды колдонуу автордук укукту бузуу болуп эсептелбейт:

- “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деген ураанды эч убакта интеллектуалдык менчик кыла алышпайт. Мисалы, биз ал ураанды телевидениеде колдонгон жокпуз. Анан калса "бул ураанды айтпагыла, сүйлөбөгүлө, колдонбогула" деп эч ким чектөө коё албайт. Кыргызстан биздин мамлекетибиз, элибиз-жерибиз дегендей эле кеп да. Бул боюнча биздин да юристтер иштеген, биз дагы укуктарыбызды билебиз.

Шайлоо 4-октябрга белгиленди
Шайлоо 4-октябрга белгиленди

Канатбек Исаев “Кыргызстан” партиясы “Республика-Ата-Журт” партиясынын шайлоочуларын тартып алуу максатында ал колдогон түс-өңдөрдү атайлап колдонуп жатат деген дооматты да четке какты:

- “Республика – Ата-Журт” менен “Кыргызстандын” өңүн салыштырып карап көрсөңөр экөө эки башка. Алардыкы көгүлтүр жашыл болсо, биздики жашыл түскө көбүрөөк жакын. Биз көк асаба деп Манас атабыздын көк асабасын негиз кылып алып жатабыз. Биздин желекти Казакстандыкына окшоштурган да туура эмес. Тескерисинче, “Республиканын” желегинин өңүнө окшош. Анан аталышы боюнча буга чейин да айткам. “Кыргызстан” деген авиакомпания, коньяк, тамекиден өйдө бар. Эмнеге мындай ат партияга берилбеши керек? Биз ушундай аталыш менен Юстиция министрлигинен каттоодон өткөнбүз.

Бул боюнча биздин да юристтер иштеген, биз дагы укуктарыбызды билебиз.
Канатбек Исаев

Автордук укук, интеллектуалдык менчик боюнча “Кыргызпатенттин” юристи Зарина Бабалиева “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ага ылайык мындай талаш-тартышка сот гана чекит коё алат:

- Кыргыз мыйзамдары боюнча автордук укукту каттоо милдеттүү түрдө эмес, өз ыктыяры менен жүргүзүлөт. Эгер кайсы бир объект кимдир бирөөнүн чыгармачыл аракети менен жасалары, ойлоп табылары менен автордук укукка ээ болот. “Кыргызпатент” автордук укук бузулуп жатабы, же жокпу, мыйзам бузуу болдубу, же болгон жокпу деп териштирүү жүргүзө албайт. Андай ыйгарым укугу жок. Бул орган каттап, күбөлүк, патент гана бере алат. Ал эми автордук укукту коргоо өздүк укук болуп эсептелет. Тактап айтканда, өзүн автормун деген адам интеллектуалдык менчигин тартип коргоо органдарына, же сотко кайрылып, өзү коргошу керек.

“Кыргызстан” партиясы 2010-жылы түзүлгөн. Партия буга чейин бир дагы шайлоого катышкан эмес. Анын башында 2010-жылы шайлоодо “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке келген, кийин партиянын лидери Өмүрбек Бабанов менен араздашып, фракциядан бөлүнүп кеткенден кийин Чүй облусунда губернатор болуп иштеген Канатбек Исаев турат.

XS
SM
MD
LG