Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Партиялардын жарышы жармаңкеде байкалды


Каракол шаары, Ысык-Көл. 2015-жыл
Каракол шаары, Ысык-Көл. 2015-жыл

Быйыл күздөгү парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын саны ондон ашпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Караколдо өткөн саясий партиялардын жармаңкесинде айтылды.

Саясий партиялардын жармаңкеси буга чейин төрт облуста өткөн. Караколдогу жармаңкеге сегиз партия катышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева жармаңкелердин бардыгында эле партиялардын саны ондун тегерегинде болуп жатканына токтолду.

- Кээ бир облустарда сегиз партия катышып жатат, Ошто болсо 12 партия катышты. Менимче, ушунча эле сандагы партиялар парламенттик шайлоого катышат. Анткени ушунча партия өзүнүн активдүүлүгүн азыртадан көрсөтүп, камылга баштаганы байкалып турат.

Иш-чара шайлоо алдында партиялар тууралуу элге маалымат жеткирүү максатында уюштурулган. Жармаңкеде ар бир партия программасын, маалыматтар камтылган колдонмолорду, гезиттерди таратышты. Айрымдары өлкөнүн мындан ары өнүгүшү тууралуу китеп да басып чыгарышкан экен.

Экинчиден, ар бир жармаңкеде шайлоо өнөктүгү учурундагы партиялардын жүрүм-туруму, кара пиар, саясатчылардын бири-бири тууралуу ушак-айың сөздөрдү токтотуу зарылдыгы айтылууда. Бирок мындай аракеттерден эч кандай майнап чыкпай жатканын “Бир бол” партиясынын өкүлү Досалы Эсеналиев белгиледи:

- Кара пиар менен алектенгендер дайым болгон. Андай аракеттерге азыркы күндө да күбө болуп атабыз. Кээ бир гезиттерде, сыналгыда, айрыкча социалдык тармактарда ар түрдүү ыкма менен кара пиарды колдонуп жаткандар азыр да бар. Ушуга окшогон кара пиар ыкмаларын саясий технологдор шайлоо алдында колдонууга аракет кылышат, бирок биз ошондон карманууга чакырганбыз. Эгер биз ушундайлардан арылсак саясий маданияттын жаңы деңгээлине чыгат элек.

Жармаңкеге 400гө жакын киши келди. Көпчүлүгү партиялардын аймактагы өкүлдөрү болбосо, алардын программаларына кызыгып, таанышуу үчүн келген шаар тургундары аз болду.

Айрым тургундар партиялар тууралуу эмес, өлкөдөгү акыркы саясий кырдаалдар боюнча суроо бергени келишкен. Каракол шаарынын тургуну Жолболду Осмоналиев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин сындады:

- Аткаминерлер кабинетте отуруп алып эле бир нерселерди жасап атышат. Баш мыйзамды 2010-жылы кабыл алганда эл менен кеңешкен эмес, ошондуктан кайра-кайра өзгөрүүлөргө туш болуп жатат. Эгер эл менен эсептешкенде мындай болмок эмес.

Капчыкты аңдыган шайлоолор

Аймактарда жармаңке уюштуруу менен бийликтер, бейөкмөт уюмдар, ошондой эле саясий күчтөр алдыдагы шайлоого канча партия катышат деген суроого жооп издеп жаткандай. Учурда алардын саны ондун тегерегинде болот деген божомолдор бар.

Коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев көп партиялар каражаттан аксап, арасында шайлоодогу жети пайыздык босогодон өтө албайбыз деп кооптогондор бар экенин белгиледи.

- Акыл көрөңгөсүнө эмес, акча көрөңгөсүнө көбүрөөк каралып жатат. Талапкерлердин көбү ким? Капчыктуулар. Ошол эле учурда акылдуу, кыргыздын патриот жигиттери бар да. Алар акчасы жогунан партиянын тизмесине кирбей калууда. Ошондуктан азыр да партиялардын көбү акчага басым жасап жатат. Анткени буга чейинки шайлоолор бизди акчага көндүрүп койгон экен.

Уюштуруучулар бул жолу деле мурдагыдай тажрыйба байкалып жатканын, шайлоого бараткан партиялар тууралуу карапайым калкка толук маалымат жетпей, жарандар чындап өзү ишенген, багытын туура деп эсептеген партияларга добуштарын бере албай келишкенин белгилешти.

Ысык-Көлдөгү жармаңкеге “Ата Мекен”, Социал-демократтар, “Замандаш”, “Бир бол”, “Республика-Ата Журт”, “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек”, “Мекен ынтымагы” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары катышты. Жаңы түзүлгөн “Биримдик” жана “Кыргызстан” партиялары да катышары айтылганы менен, алар жармаңкеге келишкен жок.

XS
SM
MD
LG