Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Ош: күтүүсүз кызматтан алынган айыл башчылар


“Республика Ата Журт” партиясынын курултайы. 20-октябрь, 2014-жыл
“Республика Ата Журт” партиясынын курултайы. 20-октябрь, 2014-жыл

Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагында “Республика Ата Журт” партиясынын жолугушууларына катышкан айыл башылары кызматынан алынды.

Мындай көрүнүштү алар жергиликтүү бийликтин бир гана партияны колдоого мажбурлаган саясий куугунтугу катары баалашууда. Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов муну аталган партиянын шайлоо алдындагы саясий жүрүшү деп баалап, коюлган дооматты четке какты.

Каз-катар кызматтан алуунун себеби

“Республика Ата Журт” партиясынын жергиликтүү өкүлдөрү 17-июнда Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагында шайлоочулар менен жолуккан. Жолугушууларды уюштурууга жергиликтүү коомдоштуктун айрым эл башчылары көмөктөшкөн. Туура эки күндөн соң Шарк айыл аймагынын башчысы Арстан Жолдошев калкты жолугушууга чакырган алты маале башчысын кызматынан бошоткон.

Шарк айыл өкмөтүндөгү кызматынан алынган эл башчыларынын бири Адылжан Кадыров мындай деди:

- Бардыгы таң калды. Жума күнү бардыгыбызды “куурчактай” эле иштен алып, кайра башкаларын койгон айыл өкмөт башчысынын буйругун жума күнү мечитте имам окуп берди. “Республика Ата Журттан” өкүлдөр келген экен, анан эми биз аларды “жоголгула, кабыл ала албайбыз” деп айтканга акыбыз жок да. Мен өзүм КСДП партиясына мүчөмүн. Анан алар келген соң, биз мааледегилерге жолугушуу тууралуу айттык. Анан эле биз ошол партияга кызмат көрсөтүп жаткансып, кызматтан алганча шашты. Мааледе башчы болгон соң биздин айылга келип калышыптыр, жолугушуп койгула дегенге акыбыз жокпу?

Шарк айылы
Шарк айылы

Ошол эле кезде эл башылары “Эмгек” менен “Өнүгүү” партиялары буга чейин жолугушууларды өткөргөндө деле жергиликтүү бийлик мындай одоно мамиле кылбаганын мисалга алышты. Шарк айыл өкмөтүнүн кызматынан алынган эл башыларынын дагы бири Усмонжан Батыров мында бардык партияларга бирдей мамиле жасалбай калганын айтты:

- Эми мыйзам боюнча кайсы партия келсе дагы элди уюштуруу биздин милдет. Ошондуктан биз адаттагыдай эле башка партиялар сыяктуу эле “Республика Ата Журт” партиясынын жолугушуусуна дагы эл чакырып бердик. Буга чейин “Өнүгүү-Прогресс” менен “Эмгек” партиялары элди ресторанга чакырып, иш-чара уюштурганда деле мындай болбоду эле.

Атаандаштарга тоскоолдукпу?

Ошол эле кезде “Республика Ата Журт” партиясынын өкүлү Бакыт Кадыров бул окуяны жергиликтүү бийликтин атаандаш саясий күчтөргө жасаган тоскоолдугу катары мүнөздөдү:

- Биз эл менен жолугуп кеткен соң бул кызмат адамдарын “эмнеге ал партиянын өкүлдөрүн бизге айтпай, уруксат албай эл менен жолугуштурдуңар” деп жумуштан бошотуп салыптыр. Алар биздин партиянын көз карашын элге таңуулап жаткан жери жок. Болгону биздин партиянын жолугушуусуна эл чакырып, анан өздөрү катышкан болчу. Алардын бар айыбы мына ушул. Анан эми алар бардык партияларга карата эле бирдей мамиле кылып, алардын иш-чаралары жүрүп жатканда байкоо салып эле келишкен эле да. Анан эле бизге келгенде эле ушундай терс көрүнүш болгону таң калтырды.

Аким: айтылгандар карандай жалаа

Бирок бул жагдай туурасында Шарк айыл аймагынын башчысы Арстан Жолдошев менен байланышууга мүмкүн болбоду. Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жергиликтүү бийлик бир дагы партияга тоскоолдук жасабайт деп ишендирди:

Тилек Матраимов
Тилек Матраимов

- Биз айыл башчыларга кысым кылган деңгээлге түшпөйбүз. Анан эми айыл аймагы бул өзүн-өзү башкаруу органы да. Анын ишине биз кийлигише албайбыз. Анан эми шайлоонун алдында партиялардын мына ошондой пиарлары айтыла берет да. Бул жалган. Аларды кызматтан алуу тууралуу сизден биринчи жолу угуп жатам. Менин буга эч кандай тиешем жок. Биз бардык партияларга бирдей мамиле жасайбыз. Биз мамлекеттик кызматкер катары бир дагы андай саясий иштерге кийлигишпейбиз.

Анткен менен борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашимов Шарк айыл аймагындагы эл башыларын шайлоо алдын иштерге карата кызматынан алынышын эскиден калган мурас катары сыпаттады:

Нурмамат Ашымов
Нурмамат Ашымов

- Мына ошол кызматынан бошогондор өздөрүнүн жетекчисин сотко берүүгө акысы бар. Мындай саясий мотив менен кызматтарынан алууга мыйзам жол бербейт. Анан эми ар бир жарандын ар кандай иш-чарага катышууга жана адамдарды чогултууга акысы бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бардык партияларга бирдей шарт түзүүнү камсыздашы керек болчу. Анан эми азыр алар баягы эле эски усулдарды кайра кайталап, чачын ал десе, башын кошо жулуп келген эски өнөкөт дагы деле калгандай.

Кара-Суудагы кызматынан алынган эл башылары президент Атамбаевге аларды саясий мотив менен куугунтуктоого чара көрүүнү суранып, атайын кайрылуу жолдошту.

XS
SM
MD
LG