Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Окуу китебин алуудагы «оңой олжо»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айрым басмакана ээлери Билим берүү министрлигиндеги окуу китебин басып чыгаруу тендериндеги коррупциялык элементтерге жол берген одоно мыйзам бузуу тууралуу даттанышты.

Алардын кайрылуусуна караганда Моронун (Мария Игнатьевна Моро - орусиялык окумуштуу, методист) авторлугундагы башталгыч класстар үчүн жазылган математика боюнча окуу китебин басып чыгаруу укугу бир эле басма үйүнө берилип, даярдалган. Муну мыйзамдаштырыш үчүн арткы мөөнөт менен тендер жарыяланганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле окуу куралын тандоо, аны ыңгайлаштыруу жана иштеп чыгуу боюнча сынактар өтпөй, мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамдын талабы бузулганы белгиленди.

Билим берүү министрлигинин тендердик комиссиясы мындай дооматты четке кагууда. Мекеме окуу куралдарын басып чыгаруудагы жоопкерчиликти күчөтүш үчүн жаңы жобо иштелип чыгып, тендер ошонун негизинде өткөнү жатканын билдирди.

Тендерден мурда даяр болгон окуу китеби

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл 5-августта белгилүү орусиялык математик Мария Моронун авторлугундагы 1-2-класстар үчүн математика боюнча окуу куралын сатып алууга тендер жарыялаган.

Анда министрлик бул окуу куралынын орус, кыргыз, өзбек жана тажик мектептери үчүн 289 миң даана ыңгайлаштырылган иштелмеси керек экенин билдирген. Тендердин жалпы баасы 90 миллион сомду түзөт. Сынактын шарты боюнча басмаканалар орусиялык окуу куралын басуу укугун алып, аны ыңгайлаштырып, текшерип, иштеп чыгууга, нускалоого жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө чейин жеткирип берүүгө тийиш.

«Полиграф кагаз ресурстары» басмаканасынын башкы директору Көчкөн Төрөкулов окуу куралы тендердин жыйынтыгы чыкканга чейин эле алдын-ала даяр болуп калганына таң калды:

Бул жерде тендер жарыяланганга чейин эле китеп даярдалып, алдын-ала сүйлөшүлүп, министр өзү китептерди көргөзүп жатпайбы?

«Жакында эле министр айым, Гүлмира Каримовна Кудайбердиева өзү КТРК телеканалынан ошол китептердин басылып чыкканы тууралуу маек курду. Бирок тендердин жыйынтыгы чыга элек. Ал тендер айдын башында эле жарыяланган. Тендердин жыйынтыгы 27-августта чыгат. Бирок министр айым өзү «төрт тилде ушул окуу куралы даярдалды» деп жарыялап жатат. Демек, бул жерде тендер жарыяланганга чейин эле китеп даярдалып, алдын-ала сүйлөшүлүп, министр өзү китептерди көргөзүп жатпайбы? Бул деген 90 млн. сом мамлекеттик каражатка жаап-жашырып, алдын-ала эле чыгарып алган китеп болуп жатат. 289 миң даана окуу куралынын ар бири орточо эсептегенде 314 сомдон басылып чыгат экен. Бул эмне деген сумма? Биздин эсеп боюнча ушундай эле бир китеп 154 сомго эле басылып чыгышы керек эле. Бул жерде китептин баасы эки эсе кымбат болуп жатат».

Буга чейин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева окуу куралдарын сапаттуу жана катасы жок басып чыгаруунун жоопкерчилигин күчөтүш үчүн атайын жобо иштелип чыкканын Коомдук биринчи каналдагы маегинде билдирген.

Ошондой эле басмаканалар уруксат алынбаган окуу куралдарын контрафакттык негизде басып чыгарып, сатып жиберишине жол бербеш үчүн китеп басып чыгарууну жөнгө салуучу атайын жобонун негизинде иш алып барышарын жарыялаган.

1-2-класстар үчүн «Математика» окуу китебин башталгыч класстар үчүн басып чыгарууга, Москвадагы «Просвещение» басма үйү менен макулдашуу болгонун айткан. Анын автору орусиялык белгилүү окумуштуу-методист Мария Моро айым.

Гүлмира Кудайбердиева.
Гүлмира Кудайбердиева.

«Бул бүгүнкү күндө биринчи лицензиялык окуу китеби болуп жатат, - деген эле министр. - Биринчи жолу биз бул китепти ыңгайлаштыруу маселесин чечип, Орусиянын Билим берүү министрлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, тиешелүү келишимге кол койдук. Орусиядагы белгилүү «Просвещение» басмаканасы менен да М. Моронун авторлугундагы 1-2-класстар үчүн математика боюнча окуу китебине байланыштуу келишимге кол койдук».

Тендерге байланышкан талаштуу жагдай боюнча билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын жеке өзүнүн пикирине орун бериш үчүн «Азаттыктын» кабарчылары аны бир нече ирет чакырды. Бирок ал «бул тууралуу кеңири айтып берем» деп бир нече жолу убада бергени менен келген жок.

Бирдей талап, эки башка шарт

Бул тендерге катышуу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги басмаканаларга жарыялаган сынактын негизги шарты катары М. Моронун автордук укугун Москвадагы «Просвещение» басма үйүнөн сурап алуу талабын койгон. Басмаканалар биримдигинин өкүлдөрү мындай шартка азыркыга чейин таң калып бүтө албай турушат. Алардын айтымында, «кыңыр иштин кыл жиби катылган кызык» ушул жерде окшойт.

Анткени башка кыргызстандык басмаканалардын өкүлдөрү Москвадагы «Просвещение» басма үйүнө барып, автордук укук сураганда анын өкүлдөрү эксклюзивдүү укук Кыргызстандагы бир гана басмаканага берилгенин айтып, аны басып чыгарууга ошол басмакананын гана укугу бар экенин белгилешкен.

Алар эгерде автордук укукту алуу маселеси күн мурунтан чечилген болсо, анда Билим берүү министрлиги эмне себептен тендерге катышкан басмаканалардан аны талап кылган шарт койгонуна таң калышты.

Басмакананын юристи Кубат Бейшеев «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамдын шарты одоно бузулуп жатканын мисал келтирди:

Бул эмнени билдирет? Бул алдын-ала эле утуучу бар дегенди түшүндүрөт.

«Бизге жеткен маалымат боюнча «Аркус» деген басмакана тендер жарыяланганга чейин Москвадагы «Просвещение» басма үйү менен мурда эле автордук укукту алып, китепти ыңгайлаштырып, которуп басуу боюнча эксклюзивдүү келишим түзүп алган экен. Бул эмнени билдирет? Бул алдын-ала эле утуучу бар дегенди түшүндүрөт. Калгандары болсо тендерге жөн эле номиналдуу катышуучу болот. Мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамга ылайык, ар бир мамлекеттик мекеме ар бир тендердин катышуучусуна бирдей шарт түзүп берүүгө тийиш. Бирок бул жерде Билим берүү министрлиги тендер жарыялаганга чейин эле ошол окуу китеби иштелип чыгып жатат. Ага өзүнчө тендер жарыяланышы керек болчу. Ага биздин авторлор, биздин басмаканалар катышышы керек эле. Мында бир эле «Аркус» деген басмакана менен сүйлөшүп алып жатат. «Мына, эми китепти сатып алабыз» деп жатат. Анан азыр тендер жарыяланып, анын жыйынтыгы 22 күндөн кийин чыгат. Бул жерде автордук укукту берген күндө дагы, (эгерде берсе) окуу куралын ыңгайлаштырууга, которууга жана иштеп чыгып, нускалап басууга башка эч бир басмакана жетише албайт. Бул атайын абдан кыска коюлган мөөнөт».

Тендердик комиссия эмне дейт?

Билим берүү жана илим министрлигинин бул сынакты өткөрүү боюнча тендердик комиссиясынын төрайымы Чынара Курбанова министрлик Моро сыяктуу орусиялык авторлордун окуу куралдарын басып чыгаруу боюнча Орусиянын Билим берүү министрлиги жана Москвадагы «Просвещение» басма үйү менен макулдашканын ырастады. Бирок эмне себептен тендердин шартында автордук укукту алуу шарты коюлганы боюнча суроого так жооп бере алган жок.

Бирок ал жагдайларга карабастан тендердик комиссиянын төрайымы Чынара Курбанова тендердин бардык катышуучуларына бирдей шарттар түзүлгөн деп эсептейт.

«Шарттар бардыгына бирдей, - деди ал. - Кимдин мүмкүнчүлүгү болсо, ошол басмакана жасайт. Бул жерде тендердин шарттары эмнеге бузулат экен? Анткени айтылган басмакана окуу куралынын 1-бөлүгүн өз алдынча басып чыгарып жатат. Биз автордук укук «Аркуска» берилдиби же жокпу, аны билбейбиз. Балким, ал башка дагы басмаканаларга берилсе керек. Биз азыр аны билбейбиз. Ошондуктан тендер жарыяланган да. Бул китептер азыр даярдалып жатат. Бирок биз Москвадагы «Просвещение» басмаканасы менен келишим түзгөнбүз. Ошонун алкагында биз китеп сатып алууга буюртма берип жатабыз. Автордук укукту алуу боюнча ошол жакка чалып, сурап көрүш керек. Китепти ыңгайлаштырып, иштеп чыгуу, нускалап, басып чыгаруу жана жеткирүү боюнча жоопкерчилик басмаканага жүктөлөт. Жаңы жобо боюнча жоопкерчилик күчөтүлүп жатат. Айрым басмаканалар ошого каршы чыгып жатышат».

Башталгыч класстар үчүн математика боюнча окуу куралын басып чыгарыш үчүн тендерге катышууну көздөгөн айрым басмакана ээлери «жеңүүчү алдын-ала эле аныкталып калган» деп шектенүүгө негиз бар деп эсептешет.

Буга далил катары алар билим берүү жана илим министринин Моронун авторлугундагы 1-2-класстар үчүн математика боюнча окуу куралы даяр экенин айткан маалыматын жүйө келтиришти. Анткени ушул күнгө карата бул окуу куралын Кыргызстанда басып чыгаруу укугун Москвадагы «Просвещение» басма үйүнөн бир гана басмакана - «Аркус» басмаканасы алган. Басмакана болсо китепти буга чейин эле басып чыгарууга даярдап койгон экен.

Иван Фадин: Окуу китеби даяр экени ырас

«Аркус» басмаканасынын жетекчиси Иван Фадин Моронун математика боюнча окуу куралынын үлгүсү даяр экенин ырастап, бирок ал тендерге катышуудан мурда Кыргызстандын китеп базарына сатууга багытталган деген жүйөнү келтирди:

Биз бул китепти басуу укугун алганбыз. «Просвещение» басмаканасы менен биздин келишимибиз бар.

«Бул китептердин тажрыйбалык үлгүсү даяр. Эгерде министрлик бизден ал китептерди сатып алуу боюнча биз менен келишим түзсө, анда биз аны жеткирип беребиз. Эгерде министрлик бизден сатып албай турган болсо, анда биз бул китептерди эркин сатууга чыгарабыз. Биз бул китепти басуу укугун алганбыз. «Просвещение» басмаканасы менен биздин келишимибиз бар. Биз ал окуу куралын которууга, ыңгайлаштырууга жана керектүү өлчөмдө нускалап чыгарууга укук алганбыз. Билим берүү министрлиги үчүн жана китеп базары үчүн бул окуу куралы канча талап кылынса, биз ошол санда аны басып чыгара алабыз. Окуу куралынын ыңгайлаштырылган иштелмеси бекитилди. Биз азыр эми мындан ары аны басууга бергени жатабыз».

Тендердин шарты боюнча окуу куралын которууга, ыңгайлаштырууга, текшерүүгө жана иштеп чыгууга болгону 22 күн бөлүнгөн. Бул тендер 5-августта жарыяланып, анын жыйынтыгы 27-августта аныкталышы керек. Анан дагы 90 млн. сомдук сынак бир этап менен гана болуп, окуу куралын тандоо боюнча авторлор арасында сынак жарыяланбаганы айрым басмакана ээлерин күдүк ойлорго түрткөн. Ошондой эле алар министрлик Моронун окуу куралы кандайча тандалганын ачык негиздеп бербегенин белгилешти.

Жергиликтүү авторлорду жекирген тендер

«Принт Экспресс» басмаканасынын башкы директору Бакытбек Султанов Моронун окуу куралына гана басым жасоо бул жерде кимдир-бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы бар экенин көрсөтө турганын, муну менен жергиликтүү авторлордун укугу бузулуп жатканын айтты:

Кантип эле Кыргызстанда ошондой математик жок болсун? Бизде укмуш күчтүү математиктер бар.

«Биздин билим берүү министринин мында кызыкчылыгы барбы же жокпу, билбейм. Бирок «орусиялык математик М.Моронун гана окуу куралын сатып алабыз» дегени «Кыргызстанда ошондой окуу китебин жаза ала турган математик жок» дегенди түшүндүрөт. Кантип эле Кыргызстанда ошондой математик жок болсун? Бизде укмуш күчтүү математиктер бар. Илимдер академиясында Физика-математика институту бар. Жогорку окуу жайларында математика факультеттери бар. Анан биздин кыргыздын математиктерин чийип салып эле, Морону алып келгени бизге абдан табышмак болду. Бул эгемендикке шек келтирүү. Эмне себептен 30 жылдан ашуун убакыттан бери мектептерде окутулуп келе жаткан белгилүү математиктер Бекбоевдин, Кыдыралиевдин окуу китептерин кайра басууга болбосун? Эмнеси начар экен? Ошол эле окуу китептеринин негизинде билим алган биздин балдар дүйнөлүк олимпиадалардан алдыңкы орундарды алып келбеди беле? Мейли, Моронун усулу күчтүү, бизде андай математик жок деген жүйө менен аны басууга артыкчылык берилсин. Бирок анда ал китепти басууга автордук укукту алуу жагы сүйлөшүлгөн болсо, анда эмнеге бизге кайра дагы барып, «аны алгыла» деген талап коюлуп жатат?»

Анткен менен Билим берүү жана илим министрлигинин бул сынакты өткөрүү боюнча тендердик комиссиясынын төрайымы Чынара Курбанова мыкты авторлор арасында эми сынак жарыялана турганын айтып, бирок Моронун математика окуу куралынын усулдук колдонмосуна артыкчылык берилгенин айтты. Анын айтымында, мунун бардыгы жаңыдан бекитилген стандарттардын негизинде жүрүүдө:

Чынара Курбанова.
Чынара Курбанова.

«Башталгыч класстар үчүн математика окуу китебинин усулдук колдонмосу жок болчу. Ошого байланыштуу биздин мектептер үчүн ыңгайлуу окуу китеби катары ошол китепти сатып алууга буюртма берип жатабыз. Бизде жаңы стандарттар бекитилди. Мындан ары авторлордун иштеп чыккан окуу куралдары ошол стандарттардын негизинде тандалат. Балким бизде деле ошондой талаптарга жооп берген авторлордун окуу китептери бардыр? Эми анын бардыгы сынактан өтсүн да. Ал окуу китептерине карата эксперттер корутунду чыгарып берип, сынактан өткөндөн кийин анан биз ошол авторлордун окуу китептерин тандап алабыз. Эски китептер болсо жаңы стандарттардын талабына жооп бербейт. Мындан ары ошол жаңы стандарттардын негизинде гана талапка ылайык келген окуу китептерин алабыз».

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги быйыл башталгыч класстар үчүн мазмуну орусиялык авторго таандык болгон окуу куралын басып чыгарууга 90 млн. сом бөлгөн. «Аркус» басмаканасынан даярдалып чыккан бул иштелмеге адаттагыдай Билим берүү академиясы тарабынан эмес, И.Арабаев атындагы университеттен корутунду чыкканы белгилүү болду. Бул орусиялык автордун окуу куралы Кыргызстанда биринчи жолу ири нуска менен төрт тилде басылганы турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG