Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

"Азаттык+": Курсагы ток бала жакшы окуйт


Иллюстрация
Иллюстрация

Учурда Кыргызстан боюнча 2018 мамлекеттик мектеп бар. Ал эми мамлекеттик программанын негизинде башталгыч класстын 442 миң окуучусуна тамак берилет. Буга жылына 430 миллион сомго жакын каражат сарпталат.

Кыргызстанда керектүү тамак-ашты тоё жебеген өспүрүмдөрдүн саны миңдеп саналат. Өсүп жетилип жаткан баланын организмине керектүү азык заттар менен балдар жетиштүү тамактанбаса, алардын ден соолугу келечекте чың болбой калышы мүмкүн деп адистер ар дайым тынчсыздануу менен коңгуроо кагып келишет.

Ушуну эске алган кыргыз өкмөтү кенже класстардын балдарын тамактандыруу үчүн ар бир балага күнүнө жети сом бөлөт. Балдардын курсагы гана тойбостон, толук жетилип өсүүсү жана көңүлдөрү куунак, ар нерсеге ынтызар болуп өсүшү үчүн зарыл азык заттарды санай келгенде жети сомдук тамактын жетишсиз экендиги айтпаса деле белгилүү.

Ошондуктан кыргыз өкмөтү БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчилигине көмөк сурап кайрылган. Өтүнүчтү камсыз кылуу боюнча 2013-жылдан баштап аталган программанын долбоору ишке киргизилген.

Андан тышкары Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги каржылык жардам берип, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 16 мектепке ашкана жабдуулары алынган. Ысык-Көл районунун Темировка айылындагы Кудайбердиева атындагы орто мектебинде да мына ошол чет өлкөлүк демөөрчүлөрдүн жардамы менен ысык тамак берилет. Бүгүн алар окуучулардын тамактануусунан кабар алганы келишти.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчисинин орун басары Кейко Изуши жеткинчектер өлкөнүн келечеги болгондуктан алардын саламаттыгына жаштайынан кам көрүлүшү керек экендигин баса белгилейт.

- Кыргызстандагы ар бир окуучу, жарды же бай үй-бүлөдөн болобу, айтор ысык тамак менен камсыздалышы керек. Бул биздин башкы максатыбыз. Карды ток бала сабагын жакшы окуйт. Билимдүү муун өлкөнү алга жетелейт. Окуучулар - мамлекеттин келечеги. Биз аларга кам көрүшүбүз керек.

"Бүгүнкү окуучу - өлкөнүн эртеңи" деп чет өлкөлүк демөөрчүлөр камкордугуна алып жатканы менен, окуучуларга өкмөт бөлгөн жети сомун эч нерсеге жеткире албаган мектеп жамааты өз алдынча кам көрүүгө киришкен. Буга мектептин чарба башчысы болуп 21 жылдан бери эмгектенип келаткан Кубат Дуулатов окуучулардын менюсуна өзү отургузган алма бактардын мөмөсүн киргизген.

Ал эми биология мугалими Талантбек Алиев эл аралык долбоорлорго кайрылып жана жетпеген каражатты айыл өкмөтүнөн бөлдүрүп алып күнөскана курган. Ал жерде бадыраң өстүрүп, балдардын тамагына кошот.

"Азаттык+": Жети сомго балдар эмне жейт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:51 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG