Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:57

Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын 62%ке жакыны йоддун жетишсиздигинен улам ар кандай оорудан жабыр тартышат. Мектеп жашындагы балдардын 44% да йод жетишпей оорушат.

Буга эмне себеп? Табигый азык-түлүгү мол Кыргызстанда калк эмне үчүн витамин жетишсиздигинен жабыр тартат? Же тамактануу маданиятын өзгөртүү зарылдыгы бышып жеттиби?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусу мына ушул туура тамактануу көйгөйүнө арналды.

Талкууга Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин балдар жана өспүрүмдөр бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн доценти Жамила Сманалиева жана ЮСАИД-Спринг долбоорунун адиси Сайкал Бозова катышты.

“Азаттык”: Мария айым, cаламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин жогоруда айтылгандай, кош бойлуу аялдардын 62%и йод жетишпегендиктен ар кандай оорулуу болсо, беш жашка чейин тоё тамак жебеген балдардын саны 13%ке жакын деп айтып, бул Кыргызстандын калкынын туруктуу өнүгүүсүнө кедергисин тийгизиши мүмкүн экендигин билдирди. Табигый азык-түлүгү мол Кыргызстанда эмне үчүн витаминдин жетишсиздигинен улам ооруга чалдыгып жатышат? Буга эмне себеп?

Мария Кушубакова: Буга биринчиден-экономикалык абал себеп. Экинчиден, дээрлик бардык үй-бүлөлөр балдарына сок, кефир же шербет сыяктуу суусундуктардын ордуна дайыма чай беришет. Бул туура эмес тамактануунун бир үлгүсү. Андан тышкары көпчүлүк ата-энелер балдарына уйдун же эчкинин сүтүн беришет. Бул балдардын ашказанын оорутат. Ушундан улам алты айга чейин эне баласын сөзсүз өзү эмизип баксын деген мыйзам кабыл алынган. Андан тышкары мектеп жашындагы балдар өз убагында тамактанышпайт. Өз убагында тамактанбаган балдардын салмагы гана аз болбостон ар тараптан өнүгүүсүнө да терс таасир тийгизет.

Буга биринчиден-экономикалык абал себеп. Экинчиден, дээрлик бардык үй-бүлөлөр балдарына сок, кефир же шербет сыяктуу суусундуктардын ордуна дайыма чай беришет. Бул туура эмес тамактануунун бир үлгүсү.
Мария Кушубакова.

“Азаттык”: Сайкал айым, сиз эл аралык уюмдун долбоорунда иштеп жаткан адис катары маалымат берсеңиз, жаш келиндерге жана жаш балдардын организмге зарыл витамин жана башка азыктарга жетпеси кандай критерийлер менен аныкталат? Тойлордо дасторконуна чыны коерго жер калтырбай дүйүм тамакты жайнаткан кыргыз элинин балдары эмне үчүн тое тамак жебейт?

Сайкал Бозова: Мен эң оболу ата-энелер "1000 алтын күн" деген талапты туура аткарышы зарыл экендигин айткым келип турат. Бул кыргыз элинин эзелтен тутуп келген салты. Элибиз боюнда бар аялга баланын өсүшүнө жана өзүнүн организминин керектүү азык заттар менен дайыма камсыз болуусуна өтө терең көңүл бурушкан. Азыр ушул багытты Саламаттыкты сактоо министрлиги колго алып, атайын жолдомо даярдады. Анда кандай азыктар менен кантип тамактаныш керек деген талаптар жазылган. Анткени, боюнда бар аял дайыма кошумча бир порция тамак ичиши керек. Ага үй-бүлөсү да жооптуу болуп, шарт түзүп бериши керек. Аял төрөгөндөн кийинки 1000 күндүн ичинде эненин гана сүтүн ичиши зарыл. Алты айдан кийин эненин сүтүнүн кубаттуулугу азайып, баланын организминин өсүшүнө шарт түзө албай калат. Ошондо балага кошумча тамак берүү керек. Анда дагы жөн эле колго тийген тамакты бере бербей, баланын ар тараптан жакшы жетилишине өбөлгө бере турган витаминдүү азык-түлүктөрдү тандап даярдап бериши зарыл.

“Азаттык”: Жамила айым, медициналык жактан алганда адамдын дени сак болушу үчүн кантип туура тамактануу зарыл? Организмге зарыл заттарды кантип тандап тамактануу керек?

Биздин тамак-аш азыктарыбызда темир же йоддун жетишсиздигинен көмүскө ачкачылыкка дуушар болобуз. Бул бай дагы, кедей дагы мамлекеттердин көйгөйү. Анткени, биз азыр жалаң кайра иштетүүдөн өткөрүлгөн азыктарды жейбиз.
Жамила Сманалиева.

Жамила Сманалиева: Биздин тамак-аш азыктарыбызда темир же йоддун жетишсиздигинен көмүскө ачкачылыкка дуушар болобуз. Бул бай дагы, кедей дагы мамлекеттердин көйгөйү. Анткени, биз азыр жалаң кайра иштетүүдөн өткөрүлгөн азыктарды жейбиз. Мисалы, кант кайра иштетүүдөн өткөрүлүп, чакмак болуп бөлүнөт. Суу май деле ошондой. Кайра иштетүүлөрдүн бардыгы минералдык заттардын жоголушуна алып келет. Кыргызстанда өрүк, жаңгак, төө буурчак өстүрүлгөн аянттарыбыз абдан көп.

Мисалы, 100 грамм жаңгактын тутумунда 25 миллиграмм темир бар. Жүз грамм жаңгак жесек темирдин бир күндүк нормасын алган болобуз. Төө буурчактын да 100 граммында 20 миллиграммга чейин темир болот. Демек, жергиликтүү азыктарды туура колдонсок организмибизге зарыл заттарды алат элек. Анан тамакты кууруп жасаганда да көп заттар жоголот. Ошондуктан, жаңгакты табигый түрүндө жесек же канттын ордуна бал жесек жакшы болот эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG