Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Коррупция сабатсыздыкка салым кошту


Бишкектеги наабайканалардын бири.
Бишкектеги наабайканалардын бири.

Ушул жумада Мамлекеттик тил комиссиясы республика боюнча “Сабаттуу бол” акциясын өткөрдү.

Тилчилердин акциясына муниципалдык кызматкерлер, окуу жайлардын жана мектептердин мугалимдери, бала бакчалардын тарбиячылары, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, жат жазуу жазышты.

Аймактарда акцияны облустук администрациялар жана шаарлардын мэриялары уюштурду. Жат жазуунун жыйынтыгын алар Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга 27-майга чейин берет.

"Сабаттуу бол" айрыкча жаштар арасында сабатсыздыкты жоюуну көздөгөн акция.

Жогорку окуу жайлардын биринин студенти Бактыгүл социалдык тармактарга кээде ката жазып аларын, бирок ага анча маани бербесин айтып берди.

“Өзүм ката жазып жатсам, башка адамдын катасы билинбейт да. Мессенжерден келген ката тексттерди анча деле байкабайм. Мага деле бирөөлөр "ката жазат экенсиң" деп айткан эмес. Мен деле азыр досторум кандай жазса, ошондой жазам. Мисалы, болуп жатат дегенди “болтат”, кандайсыз дегенди “кандайс”, ооба дегенди “оа” деп кыскартып жаза беребиз. Эң башкысы сүйлөшүп жаткан кишиге түшүнүктүү жазсак болду да. Ар бир тамгага көңүл буруп отурсак убакыт кетет”.

​Дагы бир студент Алинур Кенжебек уулу учурда сабатсыз жазуу кааласак да, каалабасак да кадыресе көрүнүш катары калыптанып калды деген ойдо.

“Менимче коом ошону талап кылат. Мисалы, азыр элдин баары, анын ичинде жаштар өздөрү каалагандай сүйлөйт. Албетте, ката жазгандар толтура. Бирок ага эч ким маани бербейт. Мисалы, кээ бир сөздөр ката жазылып калганын байкап калсак, артынан түшүп калган тамгаларды жөнөтүп коебуз. Сүйлөшүп жаткан кишибиз катты шашып жазганды билет”.

Студент бул көйгөй үчүн окуу жайларда тамыр жайган паракорчулукту айыптады.

“Албетте китеп окубаганыбыз себеп. Анан мугалимдер билим берүүгө өтө кайдыгер карашат. Акча берсек, баа коёт. Мектепте деле ошондой. Менимче, сабатсыздыктын күчөшүнө коррупция күнөөлүү. Негизи эле Кыргызстанда билим берүү системасы аябай начар. Мугалимдер окуучуларды билим алууга шыктандырбайт. Дээрлик баары эле мугалимдик кесипти сырттан бүтүп келген. Калыс мамиле кылышпайт. Жакшы окугандарды көтөрүп, начар окугандарды чекеге сүрүп салат. Кесибин сүйгөндөр бардыр, бирок көпчүлүк мугалимдер мектепте акча үчүн эле иштешет. Көбү өз кесибин жакшы көрбөйт”.

Алинур жаштар арасында кыскартылган сөздөр менен кошо "даң-даң", "зыңк" деген сөздөр да көп колдонуларын кошумчалады.


К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы, филология илиминин кандидаты, доцент Алтын Асанова сабатсыз болуунун себептерин санап берди.

“Жаштар даяр текстерди Интернеттен алып окуп коюшат. Бул бир. Экинчиден, мурдагыдай изденүү, мээнет кылып окуу жок. Совет мезгилин айтсам, азыркы жаштар таарынат. Бирок ал учурдун да жакшы жагы бар эле. Азыр баары компьютерге өтүп калышты. Бирок китеп окумай, кагаз жазмай, лекция көчүрмөй сыяктуу версиялар калышы керек. Булар адамдын туура жана сулуу жазуусуна, эске тутуусуна жардам берет".


Кыргызстанда өткөн кылымдын 20-жылдары сабатсыздыкты жоюу боюнча ири кампания жүргүзүлө баштаган. Ал жылы 9 жаштан 49 жашка чейинки өлкө жарандарынын үч гана пайызы сабаттуу деп табылса, 1979-жылдары бул көрсөткүч 99 пайызга өскөн. Серепчилер бүгүнкү күндө калктын сабаттуулугу ошол көрсөткүчтөн алда канча төмөндөп кеткенин айтып жүрүшөт.

Филилогия илиминин доктору Сыртпай Мусаев сабатсыздыктын күч алышын жогоруда студенттер кеп кылган билим берүү системасынын алсыздыгынан жана коомдук баалуулуктардын куну кеткенинен көрөт.

“Бул бүгүнкү эле жашоонун көрүнүшү. Уурулук, акмакчылык, коррупция күчөп атат. Мындай чалкеш заманда тилди бузуп, бурмалап сүйлөө, ката жазуу калыптанып калды. Ал тургай журналисттер, депутаттар, министрлер, министрдин орун басарлары баары эле бузуп сүйлөп жатпайбы. Анан "силер үйрөткүлө" деп айтышат. Депутаттар китеп окубаса аларга кантип үйрөтөбүз? Алардын сүйлөгөн сөзү, жазган тексти таптакыр былжырак. Ошолорду көрүп кийинки муун да бузулуп жатат”, - деди Мусаев.

Мусаев ириде ата-эне сабаттуу болушу керектигин азыркы сабатсыздардын көбү эгемендиктин отуз жылында чоңойгон – китеп окубаган, мектепке барбаган муун жана алардын балдары экенин эске салды.

Буга чейин эл аралык уюмдар Кыргызстанда элет окуучуларынын токсон пайызы окуудан аксап, мектепке барбаган балдардын саны 50 миңге чукул экенин айтып келген.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун акыркы изилдөөлөрүнө караганда республика боюнча учурда 8-класска чейинки окуучулардын 75 пайызы окуган текстин түшүнүп, кайра айтып бере албайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG