Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

"Биздин мектеп": билим уяңа демөөрчү бол


Чатырда окуган балдар. Кочкор району. 2014-жыл.
Чатырда окуган балдар. Кочкор району. 2014-жыл.

Билим берүү министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жардамдарын натыйжалуу пайдалануу максатында быйыл бир айлык “Биздин мектеп” долбоорун ишке ашыруу демилгесин көтөрүп жатат. Мындай демилгени сындагандар да, кубаттагандар да бар.

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариеванын журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында айтканына караганда, “Биздин мектеп” долбоору, ар тараптан колдоого муктаж болуп турган билим берүү тармагына коомчулуктун кол кабыш кылуусун шарттамак.

- Бүтүрүүчүлөр өздөрү окуп бүткөн мектепке ар кандай багытта жардам берип келатканын билебиз. Аны жөнгө салуу үчүн биздин министрлик өз сайтына кайсы мектептерге кандай жардам керек экенин жайгаштырабыз.

Элвира Сариева алгачкы кадам катары бүтүрүүчүлөр жок дегенде өздөрү аяктаган мектептеги жогорку класстын окуучулары менен жолугуп, кандай кесип тандоо боюнча өз тажырыйбасына таянып, кеңеш беришсе дейт.

Билим берүү жана илим министринин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Кеңешбек Сайназаров министрликтин “Биздин мектеп” долбоорун кубаттады. Сайназаровдун айтымында, бизде мамлекеттик органдар менен коомчулук, ишкер чөйрө менен байланышып, социалдык өнөктөштүк түзүүгө мыйзамдуу шарттар бар:

- Он жылдыкка, жыйырма жылдыкка баргандар ашкере чыгымга учурап, ичип-жеп тарап кеткени жакшы көрүнүш эмес. Андан көрө бири ошол мектеп муктаж болгон китепти, экинчиси окуу куралдарын сатып бергени жакшы. Бул өздөрүнүн мектебин көтөргөнгө жакшы шарт түзүп берүү эмеспи.

Сайназаровдун пикиринде, эгер бүтүрүүчүлөр тарабынан мектептерге көрсөтүлүп жаткан жардамдар жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып кетпесе, анда бул идея ишке ашып, салтка айланып кетет.

Ырасында акыркы жалдары бүтүрүүчүлөр өз демилгелери менен он жыл билим алган уясына колдоо көрсөтүү салтка айланып баратат. Маселен, быйыл он жылдыгы өтө турган Абдыбек Казиев классташтары менен Нарын районундагы Оттук орто мектебине өз жардамдарын берүү аракеттерин кыштан бери эле көрө баштаганын айтты:

- Өзүбүз бүткөн мектептин окуучуларын билим алууга кызыктыруу максатында кыштан баштап ар кандай интеллектуалдык сынактарды өткөрдүк. Жеңүүчүлөрүн өзүбүз топтогон акчанын эсебинен борбор шаарыбызга алып келип, китепканалар, театрлар, музейлер менен тааныштырдык. Эми жарым гектар жерге мектептин эс алуу багын отургузуп бергени жатабыз.

Таластагы Кыргызстан айылындагы мектептин 2003-жылкы бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык салтанатты майрамдоодон баш тартып, ага кеткен каражатка 6 балалуу жесир аялга үй салышууда. ("Азаттыктын" архиви. 23.05.2013)
Он жылдык: тойго эмес, жардамга
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Казиев уюштуруучулар өздөрүнүн бул долбоорун ишке ашыруу үчүн классташтарын эле кыйнай бербей, кээ бир жеке ишкерлерден, коомдук уюмдардан да кошумча каражат алышканын белгилей кетти. Анын пикиринде, азыр жолугуу кечесин шылтоолоп акча чогултуп, ичип-жеп басып кеткен мезгил өтүп кеткен. Азыр мындай кечелерди келечек муундар үчүн пайдалуу нукка буруу зарыл.

“Мектеп ашар менен оңолбойт”

Коомдук ишмер Эдил Байсалов болсо билим берүү системасын татыктуу каржылап туруу мамлекеттин бирден бир милдети экенин айтууда

- Бул өтө уят нерсе. Мындай аракетти мамлекет, өкмөт, аткаминер өзүнүн бирден бир милдетин аткаруудан баш тартып, аны коомчулукка оодара салганы деп түшүнсөк болот. Биздин мектептерди да ошол эле бейөкмөт уюмдар, жеке бизнесмендер камсыздашы керек экен да. Мамлекет эми ушул мектепти да бөлөк бирөөгө түртө салып кутулгусу бар. Мындай билдирүүнү өкмөттүн компетентсиздиги катары бааласак болот. Демек, өкмөт өз милдетин унутуп, коомдук иштер менен алектенип калды.

Министрлик коомчулукту тартуу максатындагы 15 -апрелден 15-майга чейин ишке аша турган “Биздин мектеп” аттуу бир айлык долбоор мектептердин кем каржысын толуктоого жардамы тиет деп үмүт артууда.

Министр Элвира Сариеванын айтканына караганда, азыр мектептерге 11 млн. 890 миң окуу китеби жетишпейт. 1-сентябрга карата китептерди 100% толуктоо үчүн 600 млн. сом жана жыл сайын кошумча 100 млн. сом керек. Бул өңдүү кемтиктерди толуктоо үчүн мамлекет жылына бөлгөн 200 млн. сом каражат түккө турбай калат экен. Ал эми мектеп имараттарынын 80 пайызы оңдоп-түзөөгө муктаж.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG