Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Мечиттер турат көк чийип, мектептер турат жөткүрүп...


Бүгүн жарык көргөн гезиттер саясат, эл турмушу, кымбатчылык, экономикалык жана социалдык маселелерди талдоого алышты. Буга байланыштуу саясый серепчилердин, экономисттердин ойлору ортого салынды.

“Жаңы агым” гезити “Казак бийлиги Алмаз Атамбаевге каршы саясат жүргүзө баштаганын эшиттик, ага ылайык жаздын алгачкы айынан тартып массалык нааразылык акциялары өтмөкчү, баурдастардын “барбаросс” планын ишке ашырууга “Ата Журт” партиясынын тыңчыкмалары көмөктөшөт имиш” деп;

“Укканыбызга караганда Адахан Мадумаров менен Элмурза Сатыбалдиев президенттик шайлоого чогуу аттанганы жатыптыр, буларга “Ак жолдун” лидери Улугбек Ормонов кошулуп, эми аларга Акылбек Жапаров да кошулгусу келип туруптур” деп;

“Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныбек Бакчиев жыл башында Лондонго каттап, ал жактан санаалашы Максим Бакиевге жолукканын билгендер маалымдашты. Анан Максим Бакиев Акүйдөгү таасирдүү фигурага коңгуроо кагып, Бакчиев Мамкаттоого кайра барып олтурмай болуптур. Отуруп калса жакаңызды кармап таң калбаңыз” деп;

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев мыйзамсыз экенине карабастан мамлекеттик резиденцияда жашаган жайын бошотпой, жашап калганга далбас уруп жатыптыр” деп;

“Убактылуу өкмөт издөө салгандардын бири, финансы полициясынын бир кездеги ачендиги Акимжан Муйбиллаев бир айдан бери Бишкекте эле ээн-элкин жортуп жүрү. Укук коргоо органдары “лам” деп ооз ачып койгонго жараган жок. Сыягы бийлик менен “соодалашып”, маселесин оң жагына чечип алса керек” деп;

“Мугалимдердин артынан медиктер да айлыгыбызды көтөргүлө деп чыгып, эң кызыгы алардын анабашында саламаттык сактоо министри Сабыр Жумабеков өзү турду. Өзү өкмөттүн мүчөсү болгон министрдин минтип туу көтөрүп турушу ойлонтпой койбойт” деп кабар таратты.

Ушул эле “Жаңы агым” КТРдин кезектеги “шоусу” башталды, сценарийи кимдики?” деген макала басты.

КТРК байкоочулар кеңешинин төрайымы Эльвира Сариева чууга айланып аткан КТРК орунбасарларын башкы деректир өзү дайындаарын, байкоочу кеңешке эч кандай кысым болбогонун айтса, Коомдук телеканалдын башкы деректиринин орунбасары Кадыр Кошалиев азыр ордунда эле иштеп жатканын, анын ордуна Асанбек уулу Русланды башкы деректир Кубат Оторбаевдин сунушу менен бекитүүгө макулдук бергенине радиодо иштеген 60 адамдын 45и каршы чыкканын, мындан аркы кадамдары президент Роза Отунбаеванын жана Жогорку Кеңештин чечимине ылайык болорун билдирди.

Ал эми 20-январда башкы деректир өз талапкерин, ал эми эмгек жамааты өз талапкерин байкоочу кеңешке сунуштай турганы жана ошол эле учурда Жогорку Кеңеш байкоочулар кеңешин кайра түзүшү мүмкүндүгү айтылууда.

“Кыргыз руху” гезити акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрүн канткенде алдуу-күчтүү кылса болот деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды.

Саясый серепчи Марс Сариев:- Грузиядагыдай күч түзүмдөрүн түп тамырынан өзгөртүү зарыл. Мындай кылуу үчүн чоң акча керек. Тилекке каршы андай каражат бизде жок,-деп;

Саясый серепчи Токтогул Какчекеев: Акаев, Бакиев доорунда милицияга бир туугандарын, куда сөөктөрүн, жакындарын жыйнай беришкен. Ондогон милийсалар өз иштери менен иштөөнүн ордуна апийим ташып калышкан. Ошол эле учурда иштин көзун билген адамдарды кетирүү аракеттери жасалып келген. Мындай болбош үчүн өз ишин так билген, профессионал адистерди алып келүү керек,- деп жооп берди.

“Форум” гезити экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев менен маек курду. Ошондон үзүндүлөй кетели.

- Бакиевдин убагындагы башкаруу системасы туура эмес болгон. Анткени бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбү жалпы калктын эсебинен толтурулуп келген. Тескерисинче салык төлөй турган негизги ишканалардын баары салыктан бошотулган. Мындай көрүнүш коррупциясы өтө өнүккөн, экономикасы начар өлкөлөргө мүнөздүү. Карапайым калк салык төлөп, байлардын баары салыктан куткарылып турган. Эми дал ушул көрүнүштү калыбына келтирип, байларды салык төлөөгө мажбурласа 2-3 жылы жок эле 2-3 айдын ичинде бюджеттин киреше бөлүгү бир жарым, эки эсеге дейре өсөт. Ошондуктан 16 млрд. акча мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө жетпейт деген жөн эле шылтоого шыноо,-деп айтты белгилүү экономист.

Айылчы Сарыбаев ошону менен бирге мамлекеттик башкаруу системасын, министрлерди эки эсеге чейин кыскартыш керектигине токтолуп, Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу аппараты көбөйгөн сайын андагы аткаминерлердин айлыгы да көбөйүп, анын тетирисинче социалдык тармактар талкалана бергенин, эгер билим берүү системасын оңдобосо талкалануу мындан ары да улана берерин, мечиттер барган сайын арбып, ар кайсыл диний агымдар дагы агып кирерин, айтор өлкө кедерине кетип, элдин кешиги кедейерин кеп кылуу менен, мугалимдердин бүгүнкү митингдери бийлик башында отурганга кагылган өзгөчө коңгуроо экендигин айтты.

Аталган гезит Ош окуясы боюнча “күнөөсү бар” деп комиссиянын бүтүмүндө аттары аталган айрым атуулдарга кайрылып, алардын өздөрүнө кайрылганда Жогорку Кеңештин дептутаты, генерал Исмаил Исаков: - Ош окуясы терең изилденген жок. Бул окуяда сырткы күчтөр абдан чоң роль ойногон. Ошол Ошто от чыгып, биз тынчтык орнотуу үчүн башыбызды канжыгага байлап жүргөн кезде комиссиянын мүчөлөрү кайда жүрүштү эле? Бизди күнөөлөп жаткандарды Кудайга койдук. Ким күнөөлүү экенин тамга ташка баскандай көрсөтө турган убакыт эртең эле келет,-деп,

Ош окуясынын катышуучусу Руслан Бекназаров: - Мен комиссиянын чыгарган чечимине каршымын. Курал таратканымды далилдеп беришсин. Буларды сөзсүз сотко берем. Биз ошол кезде чыр-чатакты басалы деп Жогорку Кеңешти эки күн кайтардык. Анан ошондой адам Жалал-Абадга барып, комендант Кубат Байболовдун карамагында чыр басылганча жүрдүк. Биз ал жерде чыр-чатакты басалы деп жүргөндө азыркы комиссиянын курамы өз үйлөрүндө жылуу-жумшак жаткан, анан тынчтык орготууга салым кошкон адамдарды күнөөлөгөнү түшүнүксүз,-деп жооп берди.

Аталган басылма андан ары Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев жөнүндө “Куйругунда калбыры барлар министр болсо мейлиби?” деп,

“Жакында эле 3 милийсаны атып өлтүргөндөрдүн колундагы Калашников автоматы 7-апрелге чейин Жаныш Бакиев башкарган Мамлекеттик күзөт кызматына тийиштүү болгон. Айтмакчы, кызматынан айдалган милийса начальниктери Кулуев менен Исаев Бакиев убагында да азыркы кызматтарында отурушкан. Өткөн жылы жазында “Форум” гезитин күчкө салып тартып алгандардын башында дал ушул Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери Кулуев менен Исаев турган, булар 7-апрелден кийин кызматынан бошотулуп, ордуна чыныгы профессионалдар келгенде балким мындай болбойт эле” деп жазды.
XS
SM
MD
LG