Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

«Кыргыз ата, кыргыз энени» чакырган кече


Комузчу, обончу, күүчү Кенжебек Алдаяр.
Комузчу, обончу, күүчү Кенжебек Алдаяр.

«Көк Теңир күүсү», «Манас илими», «Кыргыз жан», «Кыргыз ата», «Кыргыз Эне», «Кырк ууру кыргыз», «Огузхан» аттуу жүздөн ашык күүлөрдүн ээси Кенжебек Алдаяр «Кыргыз ата, кыргыз эненин келиши» аттуу сүкүт күү кечесин өткөрдү.

Үч жашында аян алганын айткан күүчү күү дүйнөсү адамдын сезимин козгоп, ичтеги арманды, буюккан кыял-тилекти элестүү айтып берген касиеттүү өнөр экендигин айтып отурду:

«Менин комуздарымды орус улутундагы Сухолов деген киши чаап берген. Ал киши комуздун үнүн ыйлап укчу. Радио угуп жатканда күү чертилип калса кайсы күү кимдики экенин билип койчу. Ал кийин Москвага кетерде комуз үчүн даярдаган жыгачтарын атайын мага таштап кеткен. Ал чаап берген комузга 30 жыл болду. Ошол комуз менен көптөгөн күүлөрдү чыгардым».

Кенжебек Алдаяр өз сөзүндө ар бир күүсүн чыгарарда аян аларын жана анын чыгарган күүлөрү көбүнчө кыргыз элинин тарыхы, баскан жолу тууралуу экенин түшүндүрдү.

«Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык балдар мектебинде билим алганмын, - деди ал. - Биз ал жактан музыкалык аспаптардын баарын үйрөндүк. 18 жашымдан баштап күү өнөрүнө кызыгып, күү чыгара баштадым. Бир жолу атактуу сүрөтчү Майрамкул Асаналиев жолугуп калып «Огузхан» аттуу сүрөт тартканын айтты, ошондон соң «Огузхан» аттуу күүм жаралды».

«Кыргыз ата, кыргыз эненин келиши» аттуу күү кечесине келген көрармандар мыкты күүлөр доорлорду карыткан тарых барактарында сакталарын эске салышты.

Психолог Гүлшан Жолбунова кыргыздын салттуу маданиятын үч кылы менен даңазалаган комузга маани берилбей жатканына кейиди: «Бүгүн жүрөктүн кылдарын черткен терең музыкага күбө болдум. Рерихтин өзгөчө кереметтүү сүрөттөрүнө шайкеш келген күү адамдын ой-кыялын оргуштатып руханий азык алдым. «Манас илими» аттуу күү чертилип жатканда жымжырттыктын ичинде кээде күлгөн, кээде ыйлаган, кээде каткырган, турмуштун кечит-бөгөтүнө дуушар болгон адам баласынын элеси тартылды».

Иш-чара сүрөтчү Николай Рерих атындагы үй-музейде болду. Алтайдан келген хореограф Евгения Кулакова ар бир өсүп келе жаткан муун, жаш жеткинчектер кесипкөй композиторлордун, күүчүлөрдүн эмгектерин угушу керек экенин айтты:

Евгения Кулакова.
Евгения Кулакова.

«Театралдык сахнага ылайыктуу музыканы уктум. Өзүм да чыгармачыл адам катары айтсам, кесипкөй чыгармачыл адамдар Кенжебек Алдаяр чыгарган күүлөрүн кинодо, клиптеринде колдонушса жакшы болот экен. Анын күүлөрү бир эле убакта адамдын жүрөгүн элжиретип, ошол эле убакта кайгыга батырып турат».

Комузчунун буга чейин сегиз бөлүктөн турган ыр-күү жыйнагы чыккан. Анын шакирти, адабиятчы Кенжегүл Кайыпова комуздун таасири балдарына да тийип, улуттук маданиятка кызыгышканын айтып берди:

«Адабиятчы катары кыргыздын салттуулугун, маданиятын изилдеп жүрүп агайга жолугуп калдым. Ошол күндөн баштап агайга шакирт болуп комуз үйрөнө баштадым. Тереземе келген сагызган аркылуу бир күү жаралды. Кызымды да агайга алып келдим. Ал ушу тапта жети күүнү чертип калды. Элибиздин тарыхы комуз күүлөрүндө. Менин балдарым мурда күү угушчу эмес. Азыр үй-бүлөбүз менен комуз кайрыктарын угабыз. Балдарыбыздын рухуна ким экенин туюнтуп комуз үнүн уктурушубуз абзел».

Кыргыздын алгачкы күүсү «Камбаркан» деп аталганы айтылып жүрөт. Расмий илимий маалыматтарга ылайык комуздун тамыры байыркы замандан башталат. Биздин заманга чейин 630-жылы кытай саякатчысы Сюань Цзянь азыркы кыргыз жеринде болуп, жергиликтүү эл жөнүндө «мени тосуп алууга арналган той кулакка жагымдуу, жүрөк менен көңүлдү эргиткен лирикалык күү менен башталды» деп белгилеген. Бирок ушул убакка чейин байыркы кыргыз күү өнөрү тууралуу кабарлаган буюм, маданият эстеликтери табыла элек.

XS
SM
MD
LG