Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 12-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 18:04

Туйлаган туйгун туурунан учту


Нурзат Орозалиева.

Туйлаган, тыбырчылаган комузчу эле, арабыздан кеткен Нурзат.

Чыгармачылык чыйырын жаңыдан баштаган кезде кээси аны «эркек» десе, кээси «кыз» деп талашып жүрдү. Шымы кеп бекен, чачын да өстүрбөдү. Кырктырып салчу. Эркекке гана жарашаар кыска чач эле. Калпак кийчү. Жарашчу. Сахнага чыкса да, теледен көрүнсө да шымчан чыкчу.

Аты-жөнүн Нурзат Орозалиева деп титрге жазып же оозеки тааныштырганда гана «опе-ей, ошондой беле» дечү ишенбей жүргөнү. Кийинчерээк гана эл алдына үлпүлдөгөн үкү топу кийип чыкты. Көйнөк да кийди. Ал да жарашып жатып калды. Бирок ал да кеп бекен, анын комузда кол ойноткон чеберчилигине кыргызды кой, орусу, немиси, французу, түркү, америкалыгы, кытайы, айтору, кимиси гана таң калбады? Баары кол чаап дуулдачу эле го...

Комуз күүсүнө көрүүчүнү кызыта-кызыта алакан чаптырган өзгөчө касиети бар эле, Нурзаттын. Комузда кол ойнотконунан мурда колундагы комузун чимирилтип жиберип тосуп алганычы. Комузу колунан ыргып, өйдөгө кетсе да чертиле берчү. Ооба, абада калкыган комузунан кол тийгендей үн чыкчу. Нурзаттын сыйкырдуу манжалары комуздун үч кылына жандуу касиет киргизе салып, көккө ыргытып, кайра тосуп алчу. Анын ошол сырдуу касиети залды дуу кылбай койчубу?

Ыраматылык Ашыралы Айталиев менен Тууганбай Абдиев «Айтыш» коомдук фондунда бизге илгерки эл шайырларынын мүнөзүн айтып калышар эле. Кезинде Атай Огомбаевдин үч кыл комуздагы чеберчилиги айрым өз замандаштарынын көзүнө өөн көрүнчү экен. Айрыкча кара күү черткен залкар комузчулардын кээси Атайга мурун чүйүрүп: «Ушундай кантип болсун, комузду да бычак мизи менен чертчү беле», - десе, кээси «Атайдын күүлөрү жеңил-желпи желдирме» деген таризде, улуу залкарлар арасында да Атайдын ченде жок чеберчилигине күңк-мыңк кептер айтылчу экен...

Бирок ага карабай кыргыз музыкасынын тарыхында Атай Огонбаев өзүнүн өлбөс-өчпөс изин калтырып кеткендей эле, Нурзат Орозалиева да өзүнүн чыгармачылык дасмиясын кенен ачып, элине көркөм мурас, музыкалык казынасын калтырып кетти. Устаттан өткөн шакирт деп Нурзатты айтсак жарашар. Ооба, ал атактуу комузчу эжекебиз Самара Токтакунованын чеберчилигин өздөштүрүп, көрөңгөсүн байытуу менен эле чектелип калган жок - өзүнүн авторлук чыгармаларын биринин артынан бирин жаратты.

Мурда эле комузунун тили так чыккан чебер эле, бара-жүрө авторлук чыгармаларында ташка тамга баскандай өзгөчөлүгүн дадил көрсөттү. Өзү күү жаратып, өзүнүн жол жүлгөсүн өлбөс-өчпөс ысымдар арасында калтырып кеткенине бөркүмдөй ишенем. Көөнө кыргыз музыкасынын тарыхында күү жараткандар буга дейре өңчөй эркектердин ысымдарынан эле: Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Айдараалы Жөргөлөк, Токтогул Сатылганов, Атай Огомбаев, Шекербек Шеркулов, Мураталы Күрөңкеев... деги койчу, санаса бүтпөс ысымдар. Арасында бир да аялзат ысымындагы күү жараткандар учурабайт. Анан эле, стоп! Нурзат Орозалиева муңдуу да, шаңдуу күүлөрүн биринин артынан бирин жаратып, кыргыз музыкасынын тарыхында бурулуш жасады...

Йе, баса. Мен анын Кудай-таала берген тубаса талант экенин айткым келген, кыргызга. Ооба! Эки көздү чылк жумуп алып, чертмекте ойногондогу экстаз абалындагы эргүүсү жөнүндө чачырата кеп кылгым бар. Ага көбү «кыз баласың, анткен жарашпайт, минткен жарашпайт» деп акыл айткандарын көп уктум. Бирок андай билермандардын биринин кеби да кулагына кирген жок. Ошол касиетин мен да колдоп келдим, кенедейинен. «Кудай-таала сенин касиетиңди кандай жаратса, ошондой көрсөт, элге, – деп көкүтчүмүн кайра. – Былжырай беришсин, айткандар айта берет», – дечүмүн шыкактап.

Анын комуз чертип атканда бутун бутуна учкаштырып алгандагысын кара букаранын көбү кайдан түшүнсүн. Тилдейт да. Бутун бутуна учкаштырып алганы колунда комуз ойнотууга эптүү, ыңгайлуу экенин айтар эле Нурзат.

Анын башкалардан айырмалап турган дагы бир өзгөчөлүгү – күүнүн ичине кирип кетчү. Музыканттардын көбү музыканын сыртында калып, ичине кире албайт. Эки көзү чекчейип залдагы элде. А буга келгенде Нурзат музыка менен жуурулушуп, ичинде жашачу. Сахнада күү чертип атса, залда бир киши отурабы, миң киши отурабы – ага баары бир эле. Эки көздү чылк жумуп, бою термелип, өзү менен өзү болуп калчу. Өз дүйнөсүнө сүңгүп, музыканын ичине кирип кеткендегиси ошол болучу. Кээде комузун чимирилтип чертип атып, залдагы элди селт эттирип кыйкырып жибермейи бар эле. Буттары тыбырап, жерди да тепкилеп ийчү, сахнадан. Мунусу да эч кимде жок тентектиги эле.

Мен анын тентектигин сүйчүмүн. Ошонусу менен көзүмө сүйкүмдүү көрүнчү. Ансыз Нурзат Нурзат болбой калчудай туюлчу. Ошонусу үчүн мен аны менен элге сыймыктанчумун. Сыймыктанганда да кандай сыймыктанчумун! «Нурзат деген апамдын иниси Сүйөркул таякемдин кызы», дечүмүн.

Ал экөөбүз бир айылда жашачубуз. Үйлөрүбүз жакын болчу. А кийин бир көчөдө коңшу болуп калдык. Биз кенедей кезибизден таяке-жээндик катышыбыз бекем эле. Ата-эненин көзү барында катышыбыз үзүлчү эмес, кийин алардын көзү өтүп кеткенден кийин балдары – биз ысык боло албадык. Кайсы биринин көзү өтүп кетсе гана топурак салуу парзын ойлоп, баарын тирликке шылтап жүрүбүз...

А бирок Нурзат экөөбүздүн келим-кетим мамилебиз, чыгармачылыктагы алакабыз үзүлбөй келди. Жөлөк-таяк издешип калчубуз...

Нурзат экөөбүз бала күндөн жакын болдук. Ал комузун койнуна катып алып, биздикине жүгүрүп келет. Үстүнө жеңил кийинип алган болот. Көк муштум болуп тоңуп калган. Койнунан комузун сууруп чыгып, мешке жакын жөлөп коёт. «Комузум жылысын, кылдары тоңуп калды» дечү. Анын комузу жылыганга чейин мен аккордеонумду кара чемоданынан сууруп чыгып, каңкылдатып баштайм. Ал кезде телевизордон үй-бүлөлүк ансамблдердин өнөрүнө суктанбагандар аз болсо керек. Бир маалда Нурзат экөөбүз ээн бөлмөлөрдүн бирине кирип өнөрүбүздү далайга дейре «өөрчүтүп», бугубуз тарагансып калчу.

Сүйөркул таякемдердин үйүндө – Нурзат, биздин үйдөгүлөрдөн кыйраткансып мен жакын элем музыкага. Бирок кийин музыканы таштап койдум. Себеби Нурзатка окшоп музыканын ичине кирип кете алганым жок, сыртында калдым...

Нурзат ошондо эле эркек балдар арасында эшек минип, жаман-жуман тумак көрүнсө ошону жулмалашып «улак тартышкан», көк жылгаяк муз үстүндө хоккей ойноп, шайба кууган эркек мүнөз тентек болучу. Ошондон улам го, кийин ал телевизордон же сахнадан шым кийип чыкканы, бутун бутуна учкаштырып алганы менин көзүмө эч кандай өөн көрүнчү эмес. Ал эмес кырктын кырынан өткөн курагына чейин деле эркектердин моюнун бурап күрөшө кетмей шоктугуна жарпым жазыла каткырчумун.

Анан да куйкум сөздүү куудул эле. Чукугандай сөз таап айта салчу касиетинен улам кийин аны «Айтыш» коомдук фондуна келип, төкмө ырчылар менен айтышка чыгууга шыкактап койсом, шар көндү. Төкмө ырчылар арасында төбөсү көрүнгөн кыздар чыкпай жүргөнүнөн улам, Нурзатты чыгармачылык таймашка салууну Т.Абдиев менен А.Айталиев да кош колдоп кубаттап жүрдү. Кийин Нурзат эл алдына төгүп ырдап да чыкты. Ортодо рак деген балээ көп нерседен четтетип койду белем, төкмөлүк өнөрдөгү дарамети толук ачылбады...

Экен-токон ара-чолосу келсе ЭлТР каналында «Чак түш» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу болуп жүрдү. Төкмөлүк өнөргө ошентип баш-оту менен кире алган жок, дарыланып жүрдү. А чыгармачылыктын мүшкүлү үзгүлтүктү каалабайт экен, төкмөлүк өнөрү жетилип калган кезде, оору аны желкеден басып, төшөккө жаткырды. Ошого карабай өткөн жылы мартта «Сезимдеги толгоо» аттуу чыгармачыл кечесин өткөрдү. Бара албадым!!!

А эгер бул жолку концерти анын эң акыркы чыгармачыл кечеси болуп каларын туйсамбы... бүгүн көкүрөгүм мынчалык тызылдап оорубайт эле. Мен ага кат жазыптырмын: «Иштен чолом тийгидей эмес, концертиңе келүүгө. Бирок сенин чыгармачыл портретиңди ача турган бир макала жазам, сөзсүз». Бирок ошол бойдон убадамды аткарбай келген жаным, эми гана – Нурзаттын көзү өткөн соң жазып отургандагым, азиз окурманым!..

Арийне, туйлаган туйгун туурунан учкан соң, кереги бар беле шунун?! «Туйгун - куштун төрөсү» деп айтылат экен. Ал өзүнүн кооздугу, келбети үчүн айтылып калган дешет. Канаттуу куштун арасынан туйгундар чанда гана чыгарын уктум. Оболу, Нурзаттай таланттар чанда чыгар, чанда туулар...

Сен жөнүндө жаза турган сөз арбын алдыда, Нурзат! «Сезимдеги толгоо» аттуу акыркы концертиңе бара албасам да, сени акыркы сапарга узатуу зыйнатына көкүрөгүм өрттөнүп отуруп барып келдим, Ат-Башыга. Жайың жаннаттан болсун! Кечир мени... Кечир мени, көзүң барында чыгармачыл бейнең жөнүндө кеп кылбаганыма...

Олжобай ШАКИР

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (9)

XS
SM
MD
LG