Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Коомду өзгөрткүбүз келсе музыка сабагын окуталы


Скрипкачан кыз.

Наристе чагынан классикалык, элдик музыканы, жалпы эле рухий баалуулуктарды өзүнө сиңирген адам келечекте коомго пайдасы эле тийбесе, зыяны тийбейт.

Жанга медер – жарым кашык музыка

Аскерден жаңы эле келип, тиричилигиң менен да анча ишим болбой, убакыттын көбүн достор менен өткөрүп, «урунарга тоо, урушарга жоо таппай» жүргөндө, мен аскерге кетер жылдары ачылган биздин айылдагы «Нооруз» деп аталган альпинисттик базага жергиликтүүлөрдөн жумушка алат экен деп кулагым чалып калды.

Дароо беш-алты бала болуп барып жазылдык. Келишим түзгөн-түзбөгөнүбүз эсимде жок. Ачыгын айтсам, ал кезде бизди жумуштун акчасына караганда, башка нерсе көбүрөөк кызыктырды. Айылдан бир кыйла төмөн, чакан токойчонун күн чыгыш ыптасынан орун алган альпбазада туристтерден башка дагы тилмеч, ашпозчу болуп иштеген шаардык кыздар көп эле. Буга чейин ал жакка кечкисин гана, дискотеканын бетке кармап барып жүрсөк, эми минтип күнү-түнү алардын жанында айланчыктап жүргөнгө шылтоо табылды.

Эми ойлоп көрсөм, ошол туристтик фирманы негиздеген Машков атуу киши Жерге-Талдын эң четиндеги айылда коноктор үчүн шаардагыдай эле шарт түзгөн экен. Эки типтеги (фин жана орус) мончосун айтпаганда да, бассейн, күндүн табы менен жылый турган душ, теннис, күн кур эмес дискотека, музыка, эң таң калтырганы, күн сайын Дүйшөмбүдөн жаңы жашылча-жемиштер вертолёт менен ташылып турчу.

Деңгээли бир топ жогору турган арыктан бир билек сууну башкантып, аны эки куб метрдей жерге чуңкур казып тунутуп, түтүк аркылуу альпбазага жеткирип, эки-үч жерден чоргоодон кадимкидей чуурултуп суу чыгартып койгону да биздин түшүбүзгө кирбеген окуя болгон. (Кийин мунун баарын можахеддер келип талкалады, алардан калганын чек арачылар рейдерлик жол менен басып алды.)

Токсон экинчи жылкы ошол жайда биз, кара жумушчулар, да альпинист-туристтерге кошулуп, ресторандагыдай эле тамактанып жүрдүк. Бирок, мен жогоруда кеп салгандай, биздин бүйүрүбүздү кызыткан, бизди азгырып, албуут сезимдерибизди ойкуштанткан сарысы сары, агы ак, адеми кыздар болду. Жайдын ысыгында жеңил-желпи кийинип, баралына келип турган алардын ары тумсак, ары назик денелери, сыйкырдуу көз караштары дээрлик баарыбыздын делебебизди козгоп, ышкы отуна мас кылган болчу. Бирок шаар көргөн эчкиден корк дегендей, оңой эле колго тийчүдөй көрүнгөн ал бийкечтер күз келгенде көпчүлүгүбүздүн тилегибизди таш каптырып, сумсайтып кете беришти.

Алардын арасында москвалык бетин сепкил баскан Света деген бир сары кыз бар эле. Өңү серт, келбети да комсоо болгондуктан, эч кимибиз ага кызыкчу эмеспиз. Ал өзү да элге көп аралаша берчү эмес. Бизге кошулуп, дискотекада бийлегенин да байкабаптырмын.

Берлиоздун фантастикалуу музыкасы

Бир күнү кокустан эле өзүбүз тоготпой жүргөн ошол Светага баарыбыздын күнүбүз түшүп калды. Өйдө жактагы Муз-Тоого чыгуу үчүн бул жерде климатка ыңгайлашып жаткан корейлердин арасында бир чоң төлгөчү бар экени биз эмес, бүт айылга угулуп, элдин бир даары (айрыкча аялдар) келечегин, эртеңки тагдырын билүү үчүн дүрбөп калды. (Эх, карапайым эл, эмнеге гана ишенбейбиз да, эмнеге гана алданбайбыз!)

Эми баарыбыз корей тилин билген Светаны имерчиктечү болдук. Ыңгайлуу учурду пайлап, Света ашканада жалгыз музыка угуп отурганда ага барып, тиги «көзү ачык» корей экөөбүзгө таржымачы болуп беришин өтүндүм. Кең залдын чок ортосунда катып калгандай кыймылсыз отурган Света алгач менин эмне деп жатканымды түшүнбөгөндөй, кийин «чүш!» дегенсип сөөмөйүн көтөрдү:

- Берлиоздун “Фантастикалык симфониясы”, мурда радиодон бир-эки жолу уккан элем, эми минтип биринчи жолу кассетадан эшитип жатам! – анын үнү ушунчалык толкунданып чыккандыктан, мен андан ары сөзүмдү улай албай, мукактанып туруп калдым.

Мени абдан таң калтырганы, ошол мүнөттөрдө анын өңү-башынын кескин өзгөрүп кеткени болду. Анын жүзү тамылжып, бир башкача ыракатка баткандай балкып турду. Асман түспөлдөнгөн көгүлтүр каректери көшүлүп, улам барган сайын анын бүткүл тулку-бою магдырап эрип бараткандай туюлду. Ушул өзгөрүүнүн баары, ушул кубулуунун баары тиги магнитофондон чыгып жаткан, менин кулагыма бирде ачуу чаңырыктай, бирде кулак-мээни жеген дүңгүрөк-даңгырактай угулган үндөн (музыкадан) экенин түшүнгөнүмдө андан бетер акылым айран калды.

Ырас, мен буга чейин классикалык музыка бар экенин, ага кишилердин кайсы бир тобу кызыгарын билчүмүн. Бирок анын адамды бүт арбап алар мынчалык касиетке, мынчалык кудурет-күчкө ээ экени такыр оюма да келбептир. Ал эми Света атактуу композитордун аталган чыгармасы ойнолуп бүткөндөн кийин да бир топко чейин анын таасиринен чыга албай, азыр эле өзү туш болгон музыканын ажайып дүйнөсүнөн бошоно албай турду. А мен ошол сааттан баштап Светага эле мамилем өзгөрбөстөн (ал лагердеги сулуулугу менен дымак күткөн кыздардын баарынан өйдө экенин түшүндүм), классикалык музыкага да кызыга баштадым.

Кыргыздын чыгаан акындарынын бири Сүйүнбай Эралиев өзүнүн «Сага айткан сыр» деген айтылуу эссесинде: «Философия мен үчүн көңүл жакын болуп, бирок никеге тургусу келбеген аял сыяктуу бойдон калды», – дегени бар эле. Тилекке каршы, канчалык аракет кылбайын, классикалык музыка да мен үчүн толук сырын ачпай, кол жеткисиз бийиктиктей же ачкычы катылуу капкалуу шаардай сезиле берет. Адамзаттын энчисине буюрган улуу бир кубулуштун, касиет-кудуреттин чексиз ааламына Света өңдүү аралаша албагандыгым үчүн, анын ар бир кайрыгын түшүнүп, жүрөгүмдөн өткөрө албаганым үчүн өкүнгөн күндөрүм көп болот. Адам ар нерсени бала күнүнөн аңдап-билип, каны-жанына сиңирбесе, кийин өздөштүрүшү кыйын болорун ушундан улам баамдадым.

Жерге-Талда көп мектептерде музыка менен сүрөттөн бөлөк предметтердин мугалимдери сабак өтчү. Атүгүл аталган сабактар «эптеп өтүлсө болот» дегендей, таптакыр адистиги башкаларга (мисалы, айыл чарба окуу жайын ж.б.у.с. бүтүргөндөргө) жүктөлөр эле. Ошентип, басымдуу бөлүгүбүз башкасын айтпаганда да жөпжөнөкөй нота, ыргак, темп деген эмне экендигин түшүнбөй эле мектепти аяктаганбыз.

Көпчүлүк мектептерде билим берүү деңгээли мышык ыйлай турган абалга туш келген азыркы учурда классикалык музыка (же сүрөт өнөрү) тууралуу кеп кылыштын канчалык зарылдыгы бар дегендер четтен табылат. Тескерисинче, дал ушул предметтерге айрыкча көңүл буруп, жаш жеткинчектердин табитин керек болсо бала бакчадан өстүрүүнүн заманы келди.

Белгилүү педагог Сухомлинский «гүл кармаган кишиден түңүлбө» деген экен. Демек, наристе чагынан классикалык, элдик музыканы, жалпы эле рухий баалуулуктарды өзүнө сиңирген адам келечекте коомго пайдасы эле тийбесе, зыяны тийбейт. Ал эми биздин академия, университет деген окуу жайларыбыздын басымдуу бөлүгүнүн дүңгүрөгөн аты эле болбосо, бул жаатта эч кандай иш алып барбайт. Мен бир дагы университетте (адистешкендерди айтпаганда) салттуу же классикалык музыка же искусствонун башка теги боюнча дарс окутканын уга элекмин. Мектептерде болсо көркөм маданиятка жүрнары мамиле жасалып жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Тескерисинче, музыка, сүрөт, адабият ж.б.у.с. сабактар көбөйтүлсө, аларды көрүнгөн педагогдун моюнуна арта салбай, кесипкөй мугалимдер окутса, зор утушка ээ болмокпуз.

Мындан бир канча жыл илгери Жолдош Турдубаев экөөбүз «Дүйнөлүк көркөм маданият» деген аталыштагы чоң китепти кыргызчага которгон элек. Ушундай маанидеги, бүгүнкү күн үчүн абдан керектүү окуу куралдарын дагы да көбүрөөк даярдап, мектеп программасына киргизүү – учурдун кечиктирилгис талабы.

Дегеле биз бул жаатта иш жүргүзүү үчүн руханий бай мураска эгедер немистерден үлгү алсак болот. (Айтматовдун да эң көп окурмандары немистер болгон.) Аларда дээрлик үч миллионго жакын киши хордо ырдап, оркестрде ойноп же ансамблдерге катышып, музыка менен чындап алек болушат экен. 80 миллион калкы бар Германияда музыка ышкыбоздору (бош убагында өзү же жакындары үчүн гана ырдап же аспапта ойногон) 14 миллионду түзөт. Немистердин жактырган музыкалык аспабы – фортепиано, андан кийинкиси гитара менен скрипка.

Учурда Германияда өкмөт каржылаган миңге жакын коомдук (муниципалдык) музыкалык мектеп бар. Бирок алар баардык каалоочуларды сыйдыра албагандыктан, өлкөдө музыкалык менчик мектептер улам барган сайын көп ачылууда. Азыр ФРГде 340ка чамалуу ушундай окуу жайы ишмердик жүргүзөт. Бүгүн немис музыкалык мектептеринде 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Он жыл аралыгында алардын саны жарым миллионго көбөйгөн. Мунун негизги себеби – элдин классикалык музыкага кызыгуусунун артып жатышы. Классикалык концерттер дайыма аншлаг менен өтөрүн сыналгыдан же Интернеттен көрүп жүрөбүз.

Германияда жалпы билим берүүчү мектептердин окуу программасына музыка сабактары милдеттүү киргизилген. Мындан тышкары, көпчүлүк немис мектептеринде музыкалык ийримдер иштеп, факультативдик сабактар өтүлөт, хор жана фольклор ансамблдери, жаз жана рок тайпалары уюштурулган.

19-кылымда жана 20-кылымдын башында илим-билимге жетишкен өлкөлөрдө музыка менен сүрөт өнөрүн түшүнбөгөндөрдү интеллигент деп эсептешпесе керек эле. Өкүнүчкө жараша, бизде учурда искусствонун мен сөз кылып жаткан салааларын жетик аңдап-баамдаган, аларды тыкыр чечмелеп бере алган Амирбек Азам уулу сыяктуулар саналуу гана.

Классикалык музыка адамдын психологиялык абалына гана эмес, анын физикалык абалына да чоң таасир этерин илимпоздор эбак далилдешкен. Ал жүрөктүн жыйрылуу жыштыгын азайтып, кан басымды төмөндөтөт. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, классикалык музыка (мисалы, Моцарттын чыгармалары) мээ кабыгынын дээрлик бардык бөлүктөрүн жигердештирип, кишинин интеллектуалдык деңгээлин жогорулатат, маалыматты ыкчам өздөштүрүүгө түрткү берет, акыл-эстин ишке жарамдуу болушуна да таасир этет. Көңүл бурууну, эс-тутумду жана математикалык шык-жөндөмдү арттырат, кулактын угушун жакшыртып, көздүн көрүшүн курчутат.

Ал эми Листтин «Венгер рапсодиясы», Огинскийдин полонези (“Мекен менен коштошуу”) менен Бетховендин «Фиделиосу» шакыйна кармаганда табылгыс шыпаа болсо, Сибелиус, Григ жана Чайковскийдин пьесалары уйку качканда жардам берет. Эгер эс-тутумдун начардыгынан жабыркасаңыз, анда Вивальдинин «Жыл мезгилдери» түрмөгүнө кирген чыгармаларын байма-бай угуп турушуңуз шарт.

Аким Кожоев, жазуучу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG