Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:57

Альт - скрипканын "эжеси"


Америкалык альтчы Денни Шью.

Симфониялык же камералык оркестрде сөзсүз түрдө альт деген кылдуу аспап бар. Бул аспап XVI кылымда оболу Италияда пайда болгон жана бүгүн бир да симфониялык же камералык оркестрди альтсыз элестетүү мүмкүн эмес.

Америкалык акын Ллойд Мосстун “Зиң, зиң, зиң - Гармония” деген ырында момундай саптары бар:

Чыга келди виоленчел “Эсенсиңби?” деп көнгөн,

Созгон мойну ийилип, таазим кылса эп келген.

Өйдө тирээр астында шиш бар аны таяган,

......... ......... ........... ........

Боз торгойдой безенип, бийик созуп ырларын,

Чуркайт тез-тез чыбыгы сылап-сыйпап кылдарын.

Скрипка: Зың! Зың! Зың! Ичке белдүү, мукамдуу.

......... ......... ........... ........

Ллойд Мосстун акын Олжобай Шакир кыргызча ыргакка салган береги ырында коңур үндүү альтка орун табылбай калган. Болбосо симфониялык же кыл аспаптар оркестри ойногондо жоон үндүү виоленчел менен ичке үндүү скрипканын үндөрүнүн ортосундагы айырманы билдирбей, үндү бир деңгээлден экинчи деңгээлге кубулжутуп өткөрүп турган көпүрө ушул альт эмеспи! Ар кандай кыл аспаптар квартети, кыл аспаптар триосу, фортепиано квартети, фортепиано квинтети да альтчысыз толук болбойт.

Альт (оңдо), скрипка (солдо).
Альт (оңдо), скрипка (солдо).

Альттын өзгөчөлүгү тууралуу америкалык профессионал альтчы Дэнни Шью (Danny Sheu) мага жатык тилде минтип түшүндүрдү:

- Альттын башка аспаптардан айырмасы: анын үнү авазы боюнча скрипка менен виоленчелдин үнүнүн ортосунда турат. Ошого камералык музыканы ойногондо же симфониялык оркестрде ойноп жатканда биз үндөрдүн ортоңку бөлүгүндө жаңырабыз; максимум же ля-мажор жана минимум же ля-минор үндөрдүн арасына көпүрө болуп беребиз. Бизде, альтчыларда, көп кызыктуу вазийпабыз бар: ансамблдин башка бөлүгүн текстура менен камсыз кылабыз. Байкасаңыз, жөнөкөй сымал мына бул үндү [оозу менен үндүн ритмин ойнойт], бул артикуляция, бул үн – гармонияны сактап турат. Эгер оркестр ля-мажорду ойночу болсо, эки скрипка анын негизги бөлүгүн, ал эми виолончел ля-минордун “С” бөлүгүн ойнойт. Биз, альтчылар, “Е” бөлүгүн ойнойбуз. Альт эмне үчүн маанилүү? Мен бир эле мисалды айтайын. Эгер оркестрде альтчы музыканттар жок болсо же сиз партитурадагы Е белгисин Е flat белгисине алмаштырсаңыз, биз-алтчылар ля-мажорду ля-минорго алмаштырсак, андай үн мындай кубулжуйт [оозу менен үндүн ритмин ойнойт]. Үн туура өзгөрдү. Себеби, альт ички орто үндү кошту. Альт андан башка дагы артикуляцияны, текстураны жана гармонияны камсыз кылды. Ушул, мен үчүн альттын маанилүүлүгү. Ушинтип тестиер курагымда альтта ойнойм деп жатып, ага байланып калдым.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:10 0:00
Түз линк

29 жаштагы Дэнни Шью теги тайвандык америкалык музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. Ал бала кезде коңшу-колоңдогу бардык балдар скрипкадан сабак алышчу экен.

Денни да беш жашынан тартып, скрипкада ойногонду үйрөнөт. Бирок он бир жашында "башка балдардай болбойм" деп көшөрүп жатып, акыры ата-энесин көндүрөт. Ошондон бери Дэнни Шью менен альттын жаны бир. Орто мектептен соң музыкалык билимин Лос-Анжелестеги Калифорния университетинде улантат, кийин таланттуу студент катары Нью-Йорк консерваториясында аспирантурада (Manhattan School of Music) бекер окуйт.

Денни мырзанын айтымында, симфониялык жана камералык оркестрдин курамын альтчысыз элестетүү мүмкүн эмес. Ага карабай, альт үчүн музыка жазган композиторлорду жана профессионал-альтчыларды карапайым угармандарды кой, бүгүнкү кесипкөй музыканттардын көбү да биле бербейт. Ошон үчүн Дэнни Шью мырзадан кайсы композиторлордун альт үчүн жазылган чыгармалары өзгөчө белгилүү экенин сурадым. Ал альт үчүн концерт жана сонаталар "жакын туугандары" виоленчел менен скрипкага караганда аз жазылганын айтып кебин улантты:

- Бир өңчөй жооп бериш кыйын. Себеби, альт дайыма скрипканын, виоленчелдин жана фортепианонун “көлөкөсүндө” жүрөт. Андыктан соло репертуарда биз анча маанилүү эмеспиз. Бирок биздин өзүбүзгө таандык концерттерибиз жана сонаталарыбыз бар. Ал эми скрипка менен виоленчелдики алда канча көп. Адабияты дагы. Деген менен, эң маанилүүлөрү катары британ композитору Уилям Уолтон (1902-1983) жана атактуу мажар композитору Бела Барток (1881-1945) альт үчүн жазган концерттерди атайт элем. Сонатага келсек, сонаталар көбүнчө альт жана фортепиано үчүн жазылган. Альт жана фортепиано үчүн белгилүү эмгектер немис композиторлору Иоагеннес Брамска (1833-1887) жана Паул Гиндемитке (1895-1963), анан британ композитору Ребекка Кларкка (1889-1979) таандык. Булардан башка да Бела Барток, Эрнст фон Донаньи (1877-1960), Золтан Кодай (1882-1967) бар. Бул үч композитор тең Мажарстандан. Дмитрий Шостакович да альт үчүн соло концерт жазган. Ошондой эле альт үчүн Гиндемиттин абдан маанилүү эмгектери бар.

Денни Шью чех композитору Б. Сметананын мүрзөсүнүн жанында. Прага.
Денни Шью чех композитору Б. Сметананын мүрзөсүнүн жанында. Прага.

Денни Шью жана анын жары Кристина менен Праганын ички жасалгасы өзгөчө Рудольфинум филормониясындагы (1885-жылы ачылган) концертте тааныштык. Түгөйлөр Чехиянын симфониялык оркестринин концертин көрүп, атактуу чех композиторлору Бедржих Сметана (1824-1884) менен Антонин Дворжактын (1841-1904) мүрзөлөрүнө зыярат кылганы келишиптир. Алар мурда Бах, Бетховен, Вагнер, Дебюсси, Моцарт жана башка композиторлордун кабырларына барып, таат кылышкан экен. Ошого Шью мырзадан сүйүктүү композитору тууралуу сураганымда, улуу махабатын сүйгөнүнүн алдында купуя сактап өткөн Иоагеннес Брамсты атады.

- Мен Брамстын симфонияларын өзгөчө жакшы көрөм. Анын пианино үчүн жазган музыкалары да керемет. Брамстын фортепиано үчүн сонатасы ар бир пианистте болушу абзел. Бирок анын симфониялары да өзгөчө стилге ээ. Анткени ал тууралуу көзүнүн тирүүсүндө эле Бетховенден кийинки улуу композитор деп эсептешкен. Брамс өзү Бетховенди теңириндей урматтагандыктан, төрт гана симфония жазган. Бирок, бул төрт симфония эмоционалдык сыйымдуулугу, түзүлүшү жана күч-кубаты боюнча Бетховендин симфониялары менен бир катарда турат. Мисалы, Үчүнчү симфониясында музыкалык адабиятта белгилүү эң жайбаракат кыймыл бар. Ушул кооз жайбаракат пассаж C минор жана симфония F минордо башталат. Анан литаврлардын шаңдуу добушу жаңырат [там-там-там-там...], ал добуш уланып отуруп, кыймыл соңунда жаңырык тейде кайра угулат. Мунун баары биригип, абдан кооз угулат. Мага Брамстын фортепианолук квартет үчүн жазылган Opus 26, Opus 51 жана С минору жагат. Бул аталган чыгармалар Эммануэл Акс (Emmanuel Ax), Жейми Ларедо (Jamie Laredo), Ицхак Перлман (Itzhak Perlman) жана Йо Йо Манын (Yo Yo Ma) аткаруусунда көп жолу жазылды.

Дэнни Шью камералык оркестрдин курамында Нью-Йортогу Лилиан Фукс атындагы музыкалык мектептердин окуучулары үчүн конкурста төрт жолу жеңген. Аны окуткан устаттарынын арасында шотландиялык көрүнүктүү альтчы Пол Коллети (Paul Coletti) жана Ричард О’Нейлл (Richard O’Neill), Лоуренс Даттон (Lawrence Dutton), Роберт Райнхарт (Robert Rinehart), Жонатан Винокур (Jonath Vinocour) сыяктуу белгилүү америкалык альтчылар бар.

Акыркы жылдары Дэнни Шью өзү да АКШ менен Чыгыш Азиядагы фестивалдарга сыйлуу конок катары катышканга жана концерттик ишмердигине удаа эле Калифорния жаштар симфониялык оркестринде, Сан Хосе жаштар симфониялык оркестринде жана башка музыкалык коллеждерде дарс окуп, устаттык өнөрүн да көрсөтүп жүрөт. А негизги жумуш орду - Сан Францискодогу "One Found Sound" камералык оркестри.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG