Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 19:05

Кыялды бийлеген муза


Украин кызы.

Өз өмүрүндө идеалдуу аял жөнүндө кыялданбаган, идеалдуу аялды самабаган, күтпөгөн, издебеген эркек жок болсо керек.

Айрыкча ашыглыктын ээ-жаа бербеген албуут толкундары көкүрөк-көөдөнүнө сыйбай толуп-ташып, эртели-кеч тыным бербеген боз улан курагында идеалдуу аялга (ак сүйүүгө) болгон эңсөөсү, куштарлануусу артпаган эркек аттууну учуратыш кыйын.

Дегеле идеалдуу аял дегендин өзү барбы, эч бир ашык-кеми жок, төгөрөгү төп келишкен, кынтыксыз, өөнсүз мындай аял бул дүйнөдө негизи эле болобу? Же идеалдуу аялдын бейнеси китептерде, кинолордо, картиналарда ж.б. эле жашайбы?

Петрарканын Лаурасы, Дантенин Беатричеси, Токтогулдун Алымканы, Барпынын Мөлмөлү иделдуу аял болгону үчүн улуу акындардын арзуусуна татып, ырга айланып маңги жашап калдыбы? Же бул залкарлар ой-сезиминдеги, элес-кыялындагы кынтыксыз идеалды гана сүйүүнүн гимнине айландырышканбы? Албетте, бул суроолорго ар кимдин жообу ар кандай болот.

Көрүнүктүү адабиятчы Кеңешбек Асаналиевдин мындай бир сөзү өмүр бою менин жадымда калды. «Мен идеалдуу аял деп Анна Каренинаны эсептейм, - деди эле ал бир жолу дарсында. – Жетимишке кирген мендей чалды кечирип койгула, бирок мен ушул азыр чындап тандасам, Анна Каренинадай аялга гана ашык болмокмун». Эгер маркум агайдын адабияттагы аздектеген идеялы Анна Каренина болсо, меники – Толстойдун антиподу, дагы бир кеменгер жазуучу Достоевскийдин айымдары (мисалы, Аглая Епанчина).

Албетте, бул жердеги айырмачылык тек адабий жана адамдык табиттин ар түрдүүлүгүнөн эле эмес, кеп адабиятты ийне-жибине чейин мыкты түшүнгөн Кеңешбек агайдын тагдыры татаал аялдын трагедиясын, анын жан дүйнөсүн, анын сезим-туюмдарын, анын адамдык, инсандык тереңдиги менен бийиктигин (кала берсе, чабалдыгын да) анын жашоосундагы оош-кыйыштарды мага караганда жакшыраак түшүнгөндүгүндө болсо керек.

Мен аскерде кызмат өтөп жүргөндө ашканада кассир болуп иштеген Людмила деген беларус келин бар эле. Сырткы келбети ички дүйнөсүнө шайкеш келген андай сулуу кызды өмүрүмдө аз учураттым десем апырткандык болбос. Анын илбериңки мүнөзү, сылык-сыпаа мамилеси, жумшактыгы, кандай киши болбосун түшүнүүгө даяр турган дилгирлиги ансыз да көргөн адамды тамшандырган адеми турпатына периштедей тазалык ыроолоп турар эле.

Мен алгач аны көргөндө адамдан да ушундай сулуу туулат экен деп бир таң калсам, анын жөнөйлүгүнө, баарына бирдей мамиле жасаган кичи пейилдигине андан бетер суктандым. Мен сыяктуу катардагы аскерлер гана эмес, бала-чакалуу офицерлер да Людмиланы кезиктиргенде кудум адам баласынан башкача жаралган аруу затты көргөндөй бир саамга дел болуп тигилип калышар эле.

Мен Людмила иштеген ашканада түнү күзөтчүлүк кылгандыктан, күндүз түшкө чейин эс алып, түштөн кийин, эгер ашканада жумуш болуп калса, кол кабыш кылчумун. Негизи көбүнчө бош болор элем. Мына ошол мезгилден баштап түшүнсөм-түшүнбөсөм тааныш офицерлерден орусча китептерди алып окуй баштадым. Людмила экөөбүздү да дал мына ошол китептер жакындаштырды.

Бир күнү ашкананын залында «Время собирать камни» деген китепти (автору азыр эсимде жок) окуп жаткан элем. Ал менин жаныма келип, эмне окуп жатканымды сурады да, өзү кайсы китептерди окуп чыккандыгын айтып, мага бир топ китептерди окууну сунуш кылды. Ал күндөрдө өзү Библияга киришип жаткан экен.

Ошол күндөн баштап экөөбүздүн мамилебиз өзгөрүп, мен ал кыздан рухий боордошумду тапкандай болдум. Людмила жакында эле соода техникумун аяктап, соң бир топ жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыгып, күйөөсү да аскер окуу жайын ушул жылы бүткөндүктөн, биздин бөлүк жайгашкан аскер шаарчасына келишкен экен.

Мени катуу таң калтырган дагы бир жагдай, Людмила менен анын өмүрлүк жолдошунун мүнөздөрүнүн такыр бири-бирине окшобогондугу болду. Людмила шайыр, жайдары, ачык-айрым болсо, жубайы ачылып сүйлөбөгөн түнт, атүгүл өтө тартынчаак эле. Бирок анын көз карашынан, анын дидарынан жакшы адам экендиги байкалып турчу. Антпесе Людмиладай айжаркын кыз бардык тараптан өзүнө төп келбеген кишиге тагдырын байламак эмес да.

Эң кызыгы, бул эки инсанды көргөндө менин эсиме дароо Жамийла менен Данияр түштү. Улуу жазуучу жараткан чыныгы махабаттын каармандарын турмуштан жолуктурганыма бир чети таң калсам, бир чети Жамийла менен Данияр өңдүү карапайым адамдардын сезимин сүйүүнүн өлбөс-өчпөс легендасына айланткан Чыңгыз атабыздын талантына дагы бир жолу таазим кылып, тан бердим.

Аял заты канчалык сулуу болсо, анын тагдыры да ошончолук татаал болорун кыргыздын бир келген чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаеванын өмүр таржымалынан билебиз. Анткени аялдын сулуулугу да гүлдүн үлбүрөгү сыяктуу ашкере назик, өтө сезимтал болот. Аны жат көздөрдөн, кир колдордон сактабаса, ал дагы гүл сыяктуу тез эле соолот, тез эле мертинет.

Мен билген дагы бир сулуу Людмиланы да бучкактап бура бастырбагандар, күндүр-түндүр артынан ээрчиген кумарга опкок, напсиси бузук эркектаналар өтө көп эле. Өздөрү даабай, арага киши салгандар да арбын болду.

- Аким, карачы буларды! Буларда абийир, уят деген барбы деги?! Дагы офицерлер имиш! Өз үй-бүлөсү, аялдары бар туруп асылгандарын эч койбоду! – деп, бир жолу ыйламсырап мага даттанганы эсимде.

Менин кызматтык мөөнөттүм аяктап жатып, Людмилага арнап жаза баштаган чөнтөк дептеримди ага бере албадым. Бир жагынан, орусча сүйлөмдөрдү эптештирип жакшыраак кураштыра албаган сабатсыздыгымдан намыстансам, экинчи жактан, тартындым. Али балалыктын баёо дүйнөсүнүн таасиринен бошоно элек ал кол жазмамда Людмила менен анын өмүрлүк жарына карата чын ыкластан урмат-сыйым, алардын ырыстуу сүйүүсүнө тилектештигим гана камтылган эле.

Менин бактыма Людмила менен таанышканым, Людмиланы көргөнүм аял затынын сулуулугуна, анын актыгына, бийиктигине болгон мендеги ишенимди мурдагыдан да бекемдеп, көкүрөгүмдө өчпөс мөөр сыяктуу түбөлүк сакталып калды.

Андан бери нечен суулар акты, заман өзгөрүп, доор алмашты, асман аңтарылып жерге түшкөндөй, бир заматта баары астын-үстүн болуп жатып калды. Азыр мен Людмиланы ойлогондо, эстегенде бир кездеги үр сымал периште кыз өзгөрбөдү бекен, ак сүйүүгө, өз идеалына болгон ишенимин жоготподу бекен, дүйнөдө саат сайын, күн сайын жүздөгөн, миңдеген адамдарды жолдон буруп жаткан бүгүнкү турмуштун азгырыгы, жасалма баалуулуктары анын да башын айландырып салбады бекен деп кооптоно берем. Анан кайра эле Пушкиндин Руслан менен Людмиласындай махабатка ынак, сүйүү шертине бек, абийирди, ар-намысты туу туткан кишилер көз алдыма тартылып, менде зор ишеним пайда болот, жан дүйнөм тазарып, дилим агарат.

Жакшы адамдар менен байма-бай алака-катышта болуу гана эмес, андай адамдарды эскерүү, эстөө да кишиге дем-кубат берерине, аны жашоого, улуу иштерге шыктандырарына дагы бир жолу кадиксиз ынанам.

Аким Кожоев

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG