Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Чайковскийдин симфонияга айланган махабаты


2020-жылы Петр Чайковскийдин 180 жылдыгы белгиленет.

Анын №4 симфониясы - орус музыка тарыхындагы катаал психологиялык драма Бишкекте өткөн "Tengri music 2019" фестивалынын эң башкы композициясы катары жаңырды.

Классикалык чыгарманы кемелине келтире аткарган Москва симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси, айтылуу дирижёр Иван Рудин 4-симфонияда Чайковскийдин романтизми катаал реализмге кантип орун бошоткону жайында ой жүгүртөт.

«Азаттык»: Чайковский бул чыгармасын оңунан чыкпай калган үйлөнүүдөн кийин көңүлү калып жараткан деген кеп-сөздүн чындыгы барбы?

Иван Рудин
Иван Рудин

Рудин: Кандай десем, билесиз... (күлөт) үйлөнүүдөн жолу болбой калгандан кийин Чайковский оголе көп чыгармаларды жараткан.

Акыл-эсти туткундап алчу андай абал анда көп болгон. Бул симфонияда анын башка чыгармаларындай эле акыл-эсин бекем ээлеп алган кайгы-касырет анын башын эле оорутпай, маанайын чөктүрүп, туталантып, өзүн жоготчу абалга алып келген.

Анан да таңкалычтуусу чыгарманын төртүнчү жыйынтыктоочу бөлүгүндө Чайковский “Талаада кайың турат” (хорго ырдалчу орус элдик ыры - ред.) деген элдик чыгарманы пайдаланган.

Эмнеге бул чыгарманы пайдаланганын кадыресе акыл-эс менен түшүнүү кыйын. Аны чыгарманын обону кызыктырган, элдик ыргак-күүнү кандай калыбында болсо ошондой алып пайдаланган, элдик чыгарма симфонияга коошпогон көркөм маани алып жүргөнү деле аны токтото алган эмес.

Мынабу улам-улам кайталанган кайрыктар – адамды беймаза абалга алып келет, бир нерсени каалайсың, бирок ал эмне экенин билбейсиң, чакырат, бирок жок… Мен муну билбейм… Ал кимдир бирөөлөргө ашык болгон окшойт, бу жарыкчылыктан бир нерсе алгысы келет, бирок ала албайт, жете албаганын ойлоп туталана берет, эмне кылат? Анан мунун жыйынтыгы да, кайгылуу болот шекилдүү.

«Азаттык»: Кантип?

Рудин: Эмне толкундатат? Минтип жазышпады беле: “Кайсы көрдөн келгенин билгенде... ”.

Анна Ахматованын ырынан “Мага мындай мактоонун кереги жок...” (1940):

Кайсы көрдөн чыгарыңды билгенде
Уяты жок ырлар чыгат ээ бербей,
Каакым окшоп жел жүрсө эле чачылып,
Уйгакка оонап, уйпаланып келгендей.

Акын адатта адамдар “майда” деп маани бербеген нерселерден деле чоң ой таап чыгарын эске салат.

Мына ушул баа Чайковскийге да тиешелүү, тикелей катышы бар. Аны деле кээде турмуш-тиричиликтин майда-чүйдө нерселери адам акылын айран кылган кайталангыс керемет чыгармаларды жаратышына себепкер болгон. Ушул симфония ошондой сейрек жаралчу шедеврлердин бири.

«Азаттык»: Бул өзү орус музыкасындагы биринчи психологиялык драмабы? Ошондой деп айтып атышпайбы.

Рудин: Чайковскийдин үч симфониясы - №4, №5 жана №6 симфониялары таптакыр башка нерселер жөнүндө. Башка нерселер тууралуу. Башкача айтканда, бул жөн гана симфониялык музыка эмес.

Аны психологиялык же психологиялык ажырым, кандай айтсаңыз ошондой айтыңыз, чыгарма катары сыпаттаса жарашат. Тек талашсыз нерсе катары анда адамдын азап тартышы чагылдырылганын белгилей кетиш керек.

«Азаттык»: Композитор 4-симфониясын жазып жатканда жеке турмушундагы оош-кыйыштарга, ошол кездеги коомдук чайпалууларга туш келген. 1877-1878-жылдары орус-түрк урушу жүрүп жаткан, ал тема Чайковскийдин көпчүлүк замандаштарынын чыгармаларында чагылдырылган.

Мисалы, “Анна Каренинадагы” Вронский өзү каалап ушул урушка кетет (айтса, азыркы массалык маданияттын окуясы болуп аткан “Түрк гамбити” деген тасмада ошол уруш сүрөттөлгөн). Чайковскийде кайсы жагдай алдыга чыккан: пенделик сарсанаасыбы же ошол кездеги тарыхый окуяларбы?

Ичте кайнаган сезимин, армандуу махабатын музыка аркылуу туюндурууга умтулган өнөр адамы эле. Чайковскийдин кандай композитор экенин, анын ашыктыгы эмне экенин чыгармаларынан гана уга аласыз. Дайым эле бактысыз сүйүү эмес, ашыктыктын опол тоодой бактысын да күүгө салган.


Рудин: Менин оюмча, композитор өзү менен өзү болуп, өмүрү өткөнчө өзүн таанып билүү убарагерчилигин тарткан, сезим-туюмдарын чагылдырган. Анын үстүнө ал кишинин жеке турмушу оңунан чыкпаган, жолу болбой калган бир бечара пенде болгон.

Ичте кайнаган сезимин, армандуу махабатын музыка аркылуу туюндурууга умтулган өнөр адамы эле.

Чайковскийдин кандай композитор экенин, анын ашыктыгы эмне экенин чыгармаларынан гана уга аласыз. Дайым эле бактысыз сүйүү эмес, ашыктыктын опол тоодой бактысын да күүгө салган. Бир нерсени ачык айтып коюш керек, анын музыкасынын өзөгү - айныксыз ашыктык, ырдалып бүтпөс махабат тууралуу.

«Азаттык»: Төртүнчү симфония кантип симфониялык музыка жанрына таасир көрсөткөнү тууралу айтууга болобу? Ушундай суроонун жөнү барбы?

Рудин: Бул жерде музыканын өзүн жалпысынан эки шарттуу категорияга бөлүүгө болот. Сүрөттөп берүүчү музыка, башкача айтканда, калганын өзүңүз элестетчү музыка. Айталы, аттын шамал менен тең жарышып чуркашы. Мына кар жаады дейли. Жаңы эле “Шахрезаданы” уктуңуз (Николай Римский-Корсаковдун симфониялык сюитасы.- ред.), Синдбаддын кемеси толкун үстүндө калтылдап, калакчылар жолго даяр турушат. Кыялыңызда кадимки эле “Миң бир түнгө” кирип кетесиз.

Чайковскийдин музыкасы мына ушул 4-симфониядан башталган, кадимки кайра жаралуу, адам сезими, адам тууралуу чыгарма ушул симфониядан өрүш алган. Таптакыр башка ыкмалар колдонулган.

«Азаттык»: Ашыктыктан башка бул жерде адам менен тагдырдын карама-каршылыгы да сүрөттөлөт эмеспи, ушундайбы?

Рудин: Бул симфонияда да Бетховендин белгилүү № 5-симфониясындай эле («Тагдыр өзү эшигиңе келиптир», - деп Людвиг ван Бетховен ушу кезде аябай көп аткарылган айтылуу симфониясында белгилегендей – ред.) тагдыр темасы козголгон. Экөөндө бир тема үндөшүп кетет, билгендер аны билишет. Тагдыр темасы так аныкталган.

«Азаттык»: Сизге жакынбы?

Рудин: Тагдыр темасыбы?

«Азаттык»: Каршы туруу. Тагдыр тамашасына, жазмышка.

Рудин: Оголе оор суроолорду бере баштадыңыз го ... (күлөт). Ички сезим.

«Азаттык»: Сахнанын артында бейкапар тура албайсыз, ушундай го...

Өмүр бою биз өзүбүз менен өзүбүз күрөшүп өтөбүз. Анан албетте, чыгармачылыгыбызда да. Ошондуктан сүрөткер кандайдыр бир каршы турууну же өзүндөгү ошол каршылык сезимин ойгото албаса анын жараткан чыгармалары белгилүү боёктору жок, супсак болуп калат.


Рудин: (оор күрсүнүп) Менимче, бир да сүрөткер, сүрөткер деп чыгармачыл адамды айтып атам, каршы турмайынча өзүн жакшы сезбейт, ансыз өзүнүн тилин таба албайт.

Кандай десем, өмүр бою биз өзүбүз менен өзүбүз күрөшүп өтөбүз. Анан албетте, чыгармачылыгыбызда да. Ошондуктан сүрөткер кандайдыр бир каршы турууну же өзүндөгү ошол каршылык сезимин ойгото албаса анын жараткан чыгармалары белгилүү боёктору жок, супсак болуп калат.

Башкача айтканда, анда кызгылтым, көк же жашыл түс болушу мүмкүн, башка түстүн белгилери жок болсо андан башкача сезимдер, башкача музыка чыкпайт. Анын үстүнө ири сүрөткерлер өздөрүн ар кыл сезим айлампасына салып, катаал сыноодон өткөрөт. Ошондон өзүн бийик, түбөлүк, баш ийбес нерселерге каршы коюу сезими сүрөткер үчүн өзгөчө туюмга ээ.

«Азаттык»: Эмнеликтен Чайковский жарыкты жакшы чагылдырыш үчүн орус элдик маданиятына кайрылат? Фольклор аркылуу таанып-билгиси келет. Ал жерден издегенин таба алдыбы?

Рудин: Ушинтип отуруп музыка таануучулардын кебине кирип кеттик окшойт... (күлөт)

«Азаттык»: А биз ушундай деп ойлогонбуз!

Рудин: Мунун баарына жооп Чайковскийдин алтынчы симфониясында турат.

«Азаттык»: Кандайча?

Рудин: Себеби ал жыйынтыгында издеген жарыгын таба алган эмес. Кыязы Чайковский – азыркы кинонун айныксыз душманы окшойт, биздин кинолордун аягы дайыма бактылуу бүтөт эмеспи.

«Азаттык»: Маанайы пас болуп калганбы?

Рудин: Дайым эле маанайы пас жүргөн. Бирок, аны музыкасынан сезбейсиң, адам маанайы анда башкача чагылдырылган. Чайковский негизи реалист болгон. Кандай болгон күндө да өлүм ак, адамдар аны дайым айта бербегени менен такай ойлошот.

Чайковский да өлүм тууралуу көп ойлонгон. Аңдыган ажалдын демин сезип, аны оюнан чыгарган эмес. Анын 6-симфониясын биз азыр аткарбайбыз, кызыккан адамдар угуп көрсө болот. Композитор 4-симфониясында башталган ички ал-абалын мына ушул алтынчы чыгармасында аягына чыгарган, 6-симфония үмүт жарыгы жок, кайгылуу аяктайт.

Жалпысынан алганда, фольклордук музыка же башка музыкадан болобу, мындай абалдын өзү үмүт отун жандырат, абалың аябай начарлап кеткенде ошол оор жагдайдан өзүңдү алаксытыш үчүн ушундай жарык маанайга көчөсүң, оор сезимдерди унутуп, аз да болсо унутуп калгың келет.

Оор сезимдерден адамды алаксытчу уйку келет, адам уктап калат. Анан ойгонсо эле кайра оор сезимдер аны курчап, калбай ээрчип алат. Ойгоо кезиңде андан качып кутула албайсың, айлаңды алты кетирет. Бүгүн биз бишкектик угуучулар менен ошол сезимди баштан кечирип, композиторду бура бастырбаган ойлорун чагылдырган музыкасына сүңгүп, жан дүйнөбүз аркылуу сезебиз деп ойлойм.

«Азаттык»: Ийгилик жылоолосун, рахмат!

53 жашында бу жалганды таштап кеткен Петр Чайковский 10 опера, 3 балет, 7 симфония (анын алтоосу иреттүү номурга салынган, дагы «Манфред»), 104 романс жараткан, ошондой эле чиркөө музыкасын, хор чыгармаларын жазууга ири салым кошкон.

Орустун улуу композиторунун музыкалык мурасынын үлкөн жетишкендиги деп турмуштун карама-каршылыктуу кубулуштарын музыка аркылуу чагылдырганы, талдоого алганын көрсөтүшөт. Бул анын дүйнөлүк музыка өнөрүнө кошкон бараандуу салымы дагы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG