Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Мааниси терең ыр картайбайт


Түмөнбай Колдошев.
Түмөнбай Колдошев.

Немис ойчулу, композитор, акын Фридрих Ницшенин «Эй, адамдар, ташта менин образым, менин образдарымдын образы уктап атат!» деп айтканы бар. Ошол таштай каткан жанды ыр, күү, музыка жибитет.

Кечээ Бишкекте же Ошто болгон концертти бүгүн дүйнөнүн чар тарабында жүрүп көрө аласың: ал үчүн «YouTube» бар. «YouTube» веб-кызматы жакында эле обончу-ырчы Түмөнбай Колдошовдун «Сезимдеги аккорддор» аттуу концерттик программасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди.

Бул концертти көрүп отуруп, өнөрпоз ырдын текстине, демек сөзгө аяр мамиле кылганына дагы бир мертебе ишендим. Ырдын мазмуну жөнүндө тегин сөз кылып жаткан жокмун. Мына бул кайрыктарды окуйлу:

«Энекем ай»

Энекем ай, таза аккан суудай/ Таң аткан нурдай/ эрте эле кеч киреби/ Берекем ай, замзамдан ууртам/ Сагынган уулуңдан /Кейибе эч бир эми/ Кейибе эч бир эми.../

«Жалынам»

Жыйнаган бактым болчу/ Жылыткан сайын толчу/ Гүл жыттанган гүлзар болсоң,/ Булбул болуп мага кончу. /Себепсиң жан ырыма/ Жетээрмин кадырыңа /Ырыс менен сага кошкон/ Ыраазымын тагдырыма.../

«Жаным, мага жагасың»

Жаным, мага жагасың, /Жалын болуп жанасың./

Жымыңдаган көздөрүңдөн ананайын,/ Сен ойсоке перисиң./

Кучагыма келесиң,/ Ошондо жакшы болобу?../

Бул ырлардын сөздөрүн жана обонун КРдин Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жазган. Мындай сүйлөмдөрү ар кандай кыйыктардан куралган курактай, ал эми мазмуну жан жыргаткан мукам үнүнө, музыкасына шайкеш келбеген чыгармалардан көпчүлүк поп-музыканттардын репертуары куру эмес. Ырас, алар жарашыкка ылайык шайма-шай кийинет; сахнада өздөрүн суудагы балыктай эркин сезишет; залды «от алдыра» алышат.

Мааниси терең ыр картайбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:59 0:00


Мирбек Атабеков бүгүнкү поп-музыканттардын эң популярдуусу болгондуктан сөз маданияты менен өз муунуна өрнөк болор дарамети чоң. Таланттуу жигиттин үнүндө, обондорунда, артисттик чеберчилигинде кеп жок! Кеп жогорудагыдай келегей саптардан арылууда жана аткарчу ырларынын текстине маани бербегенинде.

Мирбек Атабеков баштаган ырчы-обончулардан өзгөчөлөнүп, Түмөнбай Колдошов ар бир аткарчу ырына астейдил тандайт. Ал жана Алтынай Нарбаева аткарып жүргөн «Бара алган жокмун» деген ырдын автору - чебер акын Алым Токтомушев.

Мен турган тушта – сен туулган кыштак,/Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан./Жалгыз бир кезде жарк этти эске,/Жагоочон күндөр жадымдан чыккан./Барайын дедим, баралган жокмун,/Карарган деңиз, агарган толкун.../

«Рухэш» сайтынын түптөөчүсү, акын, жазуучу, публицист Олжобай Шакир Түмөнбай Колдошовдун текстке кылдат мамиле кылганынын белгиледи:

«Чыгармачылыктын астанасын аттаганда тушоо кесчү чыгармасы менен элдин назарына илинип калган таланттар чанда болот да. Түмөнбай тырмак алды чыгармалары менен эле өз аудиториясын тапты. Тапканда да сөз баккан, ой баккан адамдардын назарына эрте илингенин байкоого болот. Анын артыкчылыгы - эң поэтикалуу текстерди тандаганында. Бизде акындар менен кызматташкан ырчылар, композиторлор саналуу да. Ырысбай Абдыкадыровдон бери жактагы обончу-композиторлор Сооронбай Жусуев, Анатай Өмүрканов сыяктуу чыныгы поэтикалык изденүүдө жүргөн, табериктей сөз тапкан акындар менен иштешкен. Кээде Түгөлбай Казаков: «Биз Омор Султановдун «Сен жөнүндө» поэмасына бири-бирибизден өтүп обон жаратчу элек», - деп айтып калат да. Ал поэма аларга бир топ азык болуп берген. Андан кийинки ырчы-чоорчулардын көбү эле жеңил-желпи, кулакка чоркок угулган тексттердин араанынан чыкпай койду. Сахна өнөрүндө жакшы үнүң же келбетиң артыкчылык эмес. Кыргыз эзелтен жөө жомок менен, сөз менен, оозеки чыгармачылык менен калыптанып келген калк болгону үчүн сөз чоң мааниге ээ. Мына ошол улуттук өрнөктү алып жүргөн обончулардын бирден-бир соңку мууну деп ушул Түмөнбай Колдошовду айтаар элем».

Мааниси терең ыр картайбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:59 0:00

Эми Т. Колдошов обон чыгарган «Жарты кайык» (автор Зайырбек Ажыматов) ырынан алты сап:

Оо, турмуш, мыйзамыңа каныктырдың,/ Жолумду жабык кылдың, жарык кылдың./ Дардаңдап дос-жар күттүм деген менен, /Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын. / Багыты жок жарты кайык, / Баратам турмуш жүгүн артып алып.../

Түмөнбай Колдошов сахнада ырчылардын эзелтен келаткан каадалуу образын улантат. Ошого көпчүлүк поп-ырчылардай бийге түшүп же музыканын ыргагы менен кошо термелип, көрүүчүлөрдү кызытпайт.

Андай милдетти ырдын мазмуну, музыкалык ыргактар аткарат. Эгер Түмөнбай ар бир ырды музыканттардын коштоосунда аткарса, аспаптардын кубулжуган үнү залга шаң берип, ырдын ажарын ого бетер ачары шексиз.

Обончу, композитор Эсенбек Мааданбеков Түмөнбай Колдошовду Самара Каримованын аткаруусундагы «Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам» деген ыры аркылуу билгенин айтты:

«Түмөнбай Колдошовду ырлары аркылуу билем. Анын «Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам» деген жакшы чыгармасы кыргыз элине обончулардын кайрыктуу обондорунун бири катары кошулуп калды. Бул жигит мен билгенден обон жаратканда эң мурда текстке көп көңүл бурганы байкалып турат. «Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам» деген обондун өзү текст аркылуу чыкканы белгилүү. Анын тексти менен обону абдан шайкеш келип, бири-бирин толуктап турат деп айтсам болот. Түмөнбай Колдошовдун «Акыркы жолу көрүшөлүк» деген ыры да тексттин негизинде жазылганы айкын көрүнүп турат».

Эсенбек Мааданбеков- Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин профессору.

«Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам» ырын талантуу акын кызыбыз Фатима Абдалова жазган. Бул ырдын философиялык мазмуну терең жана сөздөрү гүлдөрдөй кулпуруп, түркүн боёк чачып турат.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,/Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам./Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,/Баскан сайын бажырайып ачылган.../

Байыркы грек мифтериндеги ырчы, музыкант Орфей жаныбарлардын курчоосунда. Байыркы Рим доорундагы таш полдогу мозаика.
Байыркы грек мифтериндеги ырчы, музыкант Орфей жаныбарлардын курчоосунда. Байыркы Рим доорундагы таш полдогу мозаика.

Бүгүн өнөр адамдары өз чыгармаларын «You Tube», «Facebook», «Instagram», «Twitter» сыяктуу социалдык түйүндөр аркылуу ташбыйкаттай билүүгө тийиш экенин Самара Каримованын жана башка жаш муундагы ырчылардын мисалы айкын көрсөтөт.

Композитор Акимжан Жээнбаевдин айтымында, Түмөнбай Колдошов көзү тирүүсүндө легендага айланган атактуу Ырысбай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев баштаган обончулардын улуу агымына бир жылгадан келип кошулган булак суусу болду. Обондорунда түштүктүн кайрыктары мол экенин Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер А. Жээнбаев төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

«Ырысбайдын бир ийгилиги – чыгармаларында өзүнчө кандайдыр бир нукту алып кеткенинде. Аны туурап көп обончулар чыкты. Ошолордун арасына ушу Түмөнбай Колдошовду да кошом... «Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам» деген ырын Самара Каримова ырдап жүрбөйбү? Кээ бирөөлөр «чыгыш ырларындай, арабдардыкындай болуп кетиптир» деп айтып жатышпайбы? Мен ошого кошулбайм. Ал («Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам») деген биздин түштүк кайрыктарына окшош. «Паризатты» билесиз да, «Ак Саткын» деген ырдын кайрыктарын билесиз. Ошонун баары түштүктүн кайрыктары. Түштүктүн балдары түштүктүн кайрыктарына кайрылбаганда каякка кайрылат? Өзбекстанга жакындыгыбыздан го, искусствобуз, маданиятыбыз кээде өзбектердикине окшошуп да кетет. Музыка да бир жерде турган оокат эмес. Техника өскөндөй эле маданият да, музыка да өсүп туруш керек. Ар муунда өзүнүн жакшынакай ырлары, күүлөрү болот. Алар акырын барып тарыхка айланышы мүмкүн».

Ырдын мазмуну менен музыкасы бири-бирине бап келгенде, албетте, чагылгандай жарк этип өчпөй, кылымдарды карытар «Издейм сени» (Сөзү Ж. Мамытов, обону Ы. Абдыкадыров), «Ак булуттар» (Сөзү О. Султанов, обону А. Керимбаев), «Асман» (Сөзү К. Урмамбетов, обону Р. Бейшеналиева) сыяктуу мыкты чыгармалар жаралары күмөнсүз. Албетте, ар бир инсандын жакшы көргөн обондорунун сүйүктүү тизмеси бар.

Түмөнбай Колдошовдун өзүнө кайрылып, ырларга обонду кандай жаратарын сураганымда мындай деди:

«Мен негизи текст таап, ал текст менен жашап, аны жаттап, ал менин жүрөгүмө сиңип, анан ал ырды мен сабактарда көркөм окуй баштайм. Ошентип ыр менин кан-жаныма сиңгенде, ырдын стихиясын түшүнгөнүмдө, текстке обон издейм. Качан текст мээме сиңгенде кайрыгы чыгат. Ошон үчүн текстке көз карандылыгым бар».

Филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Түмөнбай Колдошовдун сөзгө кылган аяр мамилеси - анын бала кезинен ата-энеси менен жарыша «Ала-Тоо» журналын окуп чоңойгонунда. Ошол «Ала-Тоо» журналынын сандарын таңгактап, Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштей баштаганда, айылынан алып келип алганын бир интервьюда эскерип айтканы бар.

«Ала-Тоо» журналы аркылуу адабий табити калыптанган жигит алгачкы обонду орустун улуу акыны А. Пушкиндин «Сизди сүйгөм» деген лирикалык миниатюрасына чыгарат. Бул мисалга кайрылган себебим, Ч. Айтматовдун мындай сөзү бар: «...адам тагдыры ал колуна алган биринчи китептен - жан-дили менен кабыл алган биринчи сөздөн бир кыйла даражада көз каранды. Ошол көз ирмемде, менимче, эң негизги ачылыш - кийин анын босогосунда боло турган башка жашоону сезүү. Босогону аттоого даярсыңбы? Тандоо түйшүгү, адамзат өмүрүнүн драмасынын маңызы, ал тандоо жасалган учурдан тартып ар бир адамды дайыма коштоп жүрөт...»

(Улуу рухтун одасы: Дил маектер. Чыңгыз Айтматов жана Дайсаку Икеда./Которгон ф.и.д., проф. А. Мусаев.-Б.: 2016. 13-бет)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG