Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Шостакович же кайра таңшыган обон


Дмитрий Шостакович.
Дмитрий Шостакович.

Дүйнө маданиятынын тарыхында ары кызыктуу, ары таңкалычтуу окуялар абдан көп.

Маселен, америкалык улуу жазуучу Эрнест Хемингуэй Нобель сыйлыгына татыктуу болгон “Чал жана деңиз” аттуу атактуу аңгемесин жаш кезинде жазып баштап, бирок кийин унутта калган чыгармасынан алган экен.

Албетте, оңдоп-түздөп, кайра иштеп чыгып дегендей. Ошол сыяктуу көрүнүш ХХ кылымдын улуу композиторлорунун бири Дмитрий Шостаковичтин чыгармачылыгында да болду.

Атап айтканда, 1938-жылы кайсы бир оркестрдин өтүнүчү менен жазылып, бирок ошол бойдон унутулуп калган чыгарма туура 60 жылдан кийин кайра жанданып, жанданганда да бүт дүйнөгө белгилүү хит катары тарап кетти.

Таралганы да өтө кызыктуу болду: бул музыка адегенде англиялык кинорежиссер Стэнли Кубриктин “Бекем жабылган көз менен” деген фильминде жаңырды, андан соң дүйнөнүн эң эле белгилүү деген оркестрлери чыгарманы дароо илип алып, Интернеттин дүйнөсүнө аралатышты.

Эгер сиз, урматтуу угарман, Интернеттин Youtube тармагына башбагып, Шостаковичтин музыкасын сурасаңыз, эң биринчи көзгө урунганы дал ушул “Экинчи вальс” болот. Ошондо бул музыканы 38 миллион адам угуп, Дмитрий Шостаковичтин 60 жыл мурда жазылган, бирок таптакыр унутулган чыгармасы бүгүнкү күндө кайра жанданып, укмуштуудай рейтингге ээ болгонун көрөсүз.

Азыр сиз угуп жаткан музыка ошол “Экинчи вальс”. Музыканы аткарып жаткан голландиялык белгилүү дирижер жана продюсер Андрэ Рю жетектеген “Иоганн Штраус оркестр” деген тобу.

Мынча болду, бул вальстын жаратуучусу тууралуу да эки ооз сөз айта кетели. Албетте, Дмитрий Дмитриевич Шостакович - улуу композитор, деле 20-кылымдын музыкасындагы эң эле белгилүү ысым.

Ошону менен бирге бул инсан - трагедиялуу инсан. Ток этээрин айтканда, Шостакович Советтер Союзунун бардык ички идеологиялык карама-каршылыктарын баштан кечирип, көп эле саясий догмаларды эч качан кабыл албай, ошону менен бирге ооз жүзүндө, сүйлөгөн сөздөрүндө коммунисттик партиянын чечимдерин айласыз колдоп келген композитор эле.

Биздин Алыкул Осмонов бир ырында айткандай, кудайга нечен жолу калп айтса да, чыгармачылыгында ар дайым чын пикирин, чыныгы көз караштарын туюнткан инсан болчу. Бул жагынан Шостакович менен биздин улуу мекендешибиз Чыңгыз Айтматов абдан окшош десек болот.

Чыкебиз да ооз жүзүндө коммунисттик партиянын саясатын ар дайым колдосо да, чыгармаларында баары бир чыныгы диссидент, совет бийлигинин катуу сынчыларынын бири болчу.

Дмитрий Шостакович да композиторлордун съездинде чоң трибунадан туруп “мени кечиргиле, мен чынында да формалист композитормун” деп билдирсе да, кайра эле симфонияларында өз көз караштарынан тайычу эмес. Ошол көз караштарын трагизмге, түпөйүлдүккө, ички санааркоого толгон атактуу симфонияларында чагылдырып кетти го.

Эмне үчүн сиздер угуп жаткан вальс “Экинчи вальс” деп аталат. Бул суроого азырынча так жооп жок. Жогоруда айтылгандай, бул музыканы композитор вальс катары эмес, джаз оркестри үчүн чакан сюита катары заказ менен жазган экен. Ошондогу аты “Экинчи сюита” болуптур.

Бирок 60 жылдан кийин Шостаковичтин кол жазмаларынын ичинен кокусунан табылган бул чыгарманы нидерландиялык музыканттар “Экинчи вальс” деп атап, оркестрге салгандан кийин бүт дүйнөгө тарап кетти.

Ушул тапта бул вальс Иоганн Штраустун “Көгүлтүр Дунай” деген классикалык чыгармасынан кийинки эле эң популярдуу чыгарма десек жаңылышпайбыз. 38 миллион угуучу Интернеттен укту деген оңой сөз эмес го.

Ошентип, Дмитрий Шостаковичтин толуп аткан кол жазма ноталарынын ичинен кокусунан табылган бул вальс азыр музыкадагы дүйнөлүк хит. Бул дале болсо алтынды дат баспайт, басса да көп баспайт деген накыл сөздүн тууралыгын далилдеп турат.

Шостакович же кайра таңшыган обон (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:22 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG