Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Феликс Мендельсон жана үйлөнүү маршы


Феликс Мендельсон-Бартольди.

Демейде бул же тигил инсандын өмүр баянын, жасаган иштерин эскерип отуруп анын тарыхтагы орду тууралуу ой жүгүртөбүз. А бирок тарыхта калыштын миң бир эки жолу, түрлүү оош-кыйыштары болот эмеспи.

Маселен, атактуу немис композитору Феликс Мендельсон-Бартольди көпчүлүктүн эсинде үйлөнүү тою өткөн сайын көңүлдү көтөрө жаңырган шаңдуу маршы менен калды. А бирок анын ошол марштан көп эсе мыкты да, терең да чыгармалары негизинен музыкага абдан астейдил мамилеси бар адамдарга гана белгилүү. Баса, үйлөнүү маршы убагында Уильям Шекспирдин «Жайкы түндө көргөн түш» деген комедиясына карата увертюра катары жазылган экен. Кийин аны композитор дагы бир нече темалар менен байытып, көлөмдүү музыкалык сюитага айландырыптыр.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушундан улам "Феликс Мендельсон деген ким болгон, кандай композитор эле?" деген суроо туулат. Кыска жооп мындай болоор эле го деп ойлойм: Мендельсон XIX кылымдагы музыкалык романтизмдин эң эле таанымал да, таланттуу да өкүлдөрүнүн бири. Убагында аны "жаңы замандын Моцарты" деп аташканы да тарыхтан белгилүү. Азыркыга чейин дүйнөдөгү эң кооз жана музыкалык керемет штрихтерге жык толгон «Гебриддер» аттуу увертюра, «Шотландия симфониясы» жана «Италия симфониясы» деп аталган атактуу музыкалык полотнолору, «Сөзү жок ыр» аттуу фортепьяно үчүн жасалган шедеври - немис маданиятынын эле эмес, дүйнө маданиятынын орток менчиги десек болот. Ошон үчүн Феликс Мендельсон-Бартольди музыканын тарыхында Моцарт, Бетховен, Брамс жана Шуберт сыяктуу улуу романтик композирлордун катарында аталат.

Дегеле Феликс Мендельсон музыка менен чындап алпурушкан адамдардын арасында өтө сүйүктүү композитор. Ал XIX кылымдын биринчи жарымында жашап, андан бери нечен заман алмашса да анын чыгармалары азыркы учурда өтө көп аткарылат. Кайсы гана улуу дирижер болбосун (мис. Герберт фон Караян, Леонард Бернстайн, Леопольд Стоковски жана башкалар) Мендельсондун чыгармаларын ар дайым репертуарына сөзсүз кошот. Анткени бул композитордун музыкалык тили ушунчалык көркөм, образдары таамай.

Феликс Мендельсон жана үйлөнүү маршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:48 0:00

Мендельсондун чыгармаларынын негизги эстетикалык өзгөчөлүгү жана эмоциялык кудурет-күчү – табияттын ажайып көрүнүштөрүн музыканын тили менен чагылдыра билгени десек анча жаңылбасак керек. Маселен, тарыхчылар «Шотландия симфониясы» жана «Италия симфониясы», ошондой эле гениалдуу «Гебриды» деген увертюрасы (дагы бир аты “Фингалдын үңкүрү”) дал ошол табияттын укмуш көрүнүштөрүнө, айрыкча Шотландиянын деңиз жээктеген аска-зоолоруна, ошого байланышкан мифтер менен жомокторго таасирленүүдөн улам жаралган дешет.

Феликс Мендельсондун эң эле белгилүү деген чыгармаларын тизмелеп отуруу – көп убакытты ала турган жумуш. Анын скрипка үчүн жазылган нечен аспаптык концерттери, ораториялары, вокалдык чыгармалары, ал тургай опералары да бар.

Феликс Мендельсондун бай музыкалык мурасы эч бир эскирген же унутулган жок деп жогоруда айттым. Болгону 36 гана жаш өмүр сүрсө да, “Гебриддердин” автору бир чети кызыктуу да, экинчи жагынан тынчы жок жашоо кечириптир. Маселен, Мендельсон улуу немис акыны жана агартуучусу Гете менен жакын тааныш болуп, ал гана эмес улуу философ Гегель менен да көп жолу кездешип, нечен баарлашкан адам экен.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ырас, улуту чыныгы немис эмес, жөөт болгондуктан көп эле кысымдарга, тоскоолдуктарга туш болгонун айта кетпесек болбостур. Ошондон улам болсо керек, атактуу композитору Рихард Вагнер ага ар качандан бир качан асылганын койбой, ачык эле "жөөт" деп кемсинтип, куугунтукка алганга аракет кылчу экен. А бирок Мендельсондун талантына таазим эткен улуу орус композитору Петр Ильич Чайковский Вагнердин бул антисемитизмине ачык каршы чыгып, талант деген улутту эмес, адамды тандай турганын айтып чыккан экен. Мендельсондун композитордук орошон талантын баалагандардын арасында француз композитору Гектор Берлиоз, немис композитору Роберт Шуман жана башкалар болгон. Баса, Роберт Шуман сиздер жогоруда уккан “Үйлөнүү маршынын” авторун, башкача айтканда, Феликс Мендельсон-Бартольдини "XIX кылымдын Моцарты" дечү экен. Ал эми ХХ кылымдын дагы бир улуу реформатор композитору Игорь Стравинский көп улуу композиторлордун ичинен дал ошол Феликс Мендельсонду, ошондой эле Петр Ильич Чайковскийди башкаларга караганда көп угаарын айтып, "анткени музыкадагы кылдат сезим, ашкере чеберлик жана устаттык, эмоцияларга байлыгы жагынан бул эки композитор башкалардан ар дайым айырмаланып турат" дегени бар.

Айтор, XIX кылымдын Моцарты атыккан Феликс Мендельсон негизинен жогорудагы “Үйлөнүү маршынын” автору катары бүт планетага аттын кашкасындай таанымал болсо да, эмгиче дүйнөгө белгилүү улуу композиторлордун алдыңкы катарында турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG