Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

“Манастын” Бээжинге жеткен канаты


"Манас" операсы. Бээжин. (ТИМдин сүрөтү)
"Манас" операсы. Бээжин. (ТИМдин сүрөтү)

Былтыр Кытайдын эң эле атактуу жана абройлуу “Тяньцао” ("Асман тиреген көпүрө") театрында улуу кыргыз эпосу «Манастын» негизинде опера коюлду.

Чынын айтыш керек, бул эмне деген опера, ким жазды, кандай жазды жана кытай опера сүйүүчүлөрү кандай кабыл алды – бул тууралуу эч бир кабарыбыз жок эле. Дегеле биздин саясий ушактан башкага кызыкпаган борпоң басма сөз же бир маданий коомчулук кандайдыр реакция кылып, же кызыкканын, же кубанганын билдире албады. Мен, маселен, бул жаңылыкты Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде иштеп жаткан кытайлык кесиптештеримден угуп, адегенде ишенген жокмун. Азыркы Интернет заманында калп сенсациялар менен фейк-жаңылыктарга таң калып деле кереги жок го.

Бирок баары чын болуп чыкты. Чын эле Бээжиндин мамлекет каржылаган эң чоң театрында биздин элдик эпостун мотиви боюнча опера коюлуп, аны кытай композиторлору менен хореографтары бир көргөн киши экинчи эч качан эстен чыгаргыс кылып, сахнага алып чыгышыптыр.

"Манас" эпосу
"Манас" эпосу

Баса белгилеп кетейин: биздин А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Фере жазган опера эмес, кытайлык композиторлор жараткан жаңы «Манас» операсы. “Тяньцао” театрынын сайтына кирип (театрдын расмий аты “Аткаруучулук өнөрлөрдүн улуттук борбору”), жаңы опера тууралуу болгон материалдын баарын аңтарып чыктык. Чынында эле Кытайдын музыкалык турмушундагы чоң маданий окуя катары кабыл алынган экен. Чоң форматтагы оригиналдуу улуттук опера “Манас” Кытайдын мамлекеттүүлүк күнүнө карата коюлганы да бул операнын кадыры жана мааниси тууралуу кабарлап турат.

“31-сентябрь биз үчүн ушунчалык бактылуу күн болду”, - дейт ушул улуттук борбордун башкы директорунун орун басары Лью Юньчжи премьера болгондун эртесинде. Ал эми анын кызматташтары (хореграфтар, дирижерлер, көркөм жетекчилер, негизги ролду ойногон ырчылар, балет артисттери) кыргыз эпосунун терең мазмуну, “Памир тоолорунда жашап келген ушул чакан элдин эркиндик үчүн каармандык күрөшү” (басма сөз жыйынында айтылган сөз) биринен сала бири белгилейт.

Операдан бир көрүнүш
Операдан бир көрүнүш

Басма сөз жыйынында айтылган сөздөргө караганда операны сахнага чыгарган ишмерлер Кыргызстанга да келишиптир. Кызыл-Суу автономиялык облусуна да нечен жолу каттап, жергиликтүү элдин салт-санаасы менен маданиятын кеңири изилдешиптир. “Улуу эпостун сюжетин опера аркылуу толук берүү мүмкүн эмес. Ал эми эпоско келсек, анын башка көркөм чыгармалардан айырмаланган жана өзүнө гана таандык болгон артыкчылыгы бар. Ошондуктан биз бул жолу мыкты опера жаратыш үчүн төрт-беш жолу Шинжаңга барып кайттык”, - дейт жогоруда аталган Лью Юньчжи мырза.

Биз издеп тапкан маалыматка жана кытай тили боюнча адис Канатбек Абдыжапар уулунун котормосуна караганда, “Манас” операсынын аткаруучулар жамааты өтө чоң экен. Алардын арасында кытай музыкасынын атактуу жылдыздары, ырчы Юань Чэнье (баритон), ырчы Лью Шань (альт-контральто), Ванг Чуаньюе (тенор), ошондой эле ырчылар Яо Хун, Ю Чжинжэнь, Ли Шуан, Жуань Юцюн ж.б. бар.

Кытайдын эң негизги телеканалдарынын бири BTV берген маалыматта алып баруучу операга мындайча баа берет: “Опера Манас баатырдын жеңишинен башталып, үчилтиктин “Манас” жана “Семетей” бөлүктөрүнүн негизги сюжеттери камтылат. Атадан балага, өлүмдөн төрөлүүгө чейинки окуялар сүрөттөлөт. Эпосто зор көркөмдүк менен сүрөттөлгөн айбанаттар менен мифологиялык жаныбарлар, ошондой эле реалдуулук менен фантазиянын эриш-аркак айкалышы, адамзат дүйнөсү менен сыйкыр дүйнөнүн укмуштуудай аралашуусу баяндалат. Эбегейсиз кооз, шаан-шөкөттүү тарыхый көрүнүштөр тартууланат”.

Ал эми театрдын сайтында сунуш этилген кыскача резюмеде операнын мазмуну мындайча берилет: “Биздин замандын X кылымында Памир тоолорун мекендеген кыргыз эли душмандар тарабынан курчалып турган. Баатыр Манас хан ар кайсы урууларды бириктирип, көп сандуу аскери менен Бээжинге карай душмандарына кол салууга алыскы жүрүшкө аттанат.

Манас аскерлери менен кайра кайткан учурунда негизги душманы Коңурбайдын соккусуна учурайт. Чубак баатыр ж.б. баатырларынан ажырайт. Манастын жесири Каныкей көптөгөн кыйынчылыктар менен уулу Семетейди чоңойтот. Бир канча жылдан соң, Семетей журт башчылыгынын ордуна отурат. Күндөрдүн биринде Айчүрөк сулуу ак кууга айланып Семетейдин ак шумкарын ээрчитип кетет. Ошондо Семетей Чубактын уулу Канчоронун коштоосунда айдай сулуу Айчүрөктүн мекенине кууп келет. Түшүнбөстүктү жөнгө салгандан соң, Айсан ханды душмандардын зулумунан куткарып, Айчүрөккө үйлөнөт.

"Манас" операсында образ жараткан кытай актерлору
"Манас" операсында образ жараткан кытай актерлору

Ырамандын Ырчы уулу бир жолу түш көрүп, түшүндө Манас баатыр аян берет, ал аянда Манастын эски душманы Коңурбай кол салууга аттанып жаткандыгы айтылат. Муну уккан Семетей Манастын күмбөзү жайгашкан мөңгү чокулуу тоонун капчыгайында Коңурбайга тузак даярдайт. Атасынын күлүгүн минип алып душмандын кол салуусун каршылайт, кагышууда Коңурбайдын колун кесе чаап, каардуу душманды бүт бойдон кууп чыгып, улуу жеңишке жетет. Мындан соң Канчоро Семетейди "Манастын элесин эскерүү максатында" деп тескери ишке күүлөп тукурат. Акырында Канчоро өзүнүн чыныгы жүзүн ачып, Семетейге кол салат. Айчүрөк Семетейди сыйкырдуу түрдө куткарып алып көздөн кайым болот.

Манас баатырдын оң колунда май, сол колунда кан кармап турган кези аркылуу кыргыз элинин адилеттүүлүгү, ынтымакка болгон ынтызарлыгы, эр жүрөк баатырлыгы чагылдырылат. Ушинтип опера аягына чыгат. Манастын урпактары уланып, “Манас” баатырдык эпосу кылымдарга даңазаланат».

Ошондой эле операда кыргыз элинин оригиналдуу улуттук бийлерин көрүүгө болот. Операнын реклама иретинде чыгарылган трейлерине караганда кытай хореографтары кыргыздын улуттук бийи кандай экенин абдан мыкты үйрөнүшкөнү байкалат. Биздин Абдылас Малдыбаев баштаган композиторлор жазган аты уйкаш операдан да бир катар музыкалык мотивдер чыгармачылык менен пайдаланылыптыр. Ал гана эмес бир эпизоддо кадимки эле “Мөлмөлүм” деген ырдын мотиви да бий бийлеш үчүн пайдаланылган экен.

Деле көргөндүн көз жоосун алган картиналарды жакшы көргөн кытай сүрөтчүлөрү кызыл-тазыл декорацияларды, төбөсү көктү тиреген сепилдерди, айрыкча Манас баатырдын сөөлөтүн укмуш визуалдык жана лазердик ыкмалар менен куп көркүнө чыгарышкан сыяктуу. Маселен, баатыр Манастын Аккуласы сахнанын дээрлик жарымын ээлейт экен.

Эмне дейбиз? Кут болсун опера. Ал эми кытай маданиятынын ишмерлерине ыраазычылыктан башка эмне айтмакчыбыз? Ыраазычылык жана ыраазычылык. Балким кайсы бир замандарда бул операны кыргыз сахнасынан да көрүп каларбыз. Айтор, эмнеси болсо да кыргыз маданияты дүйнө араласын, чабыты кенен болсун, канатын Манас атабыздын Алпкаракушундай кенен жайсын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG