Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:41

Таштандыдан таалай тапкан сүрөткер


Вик Мунис.
Вик Мунис.

Белгилүү фотограф, сүрөтчү, теги бразилиялык, учурда Нью-Йоркто жашап жаткан Вик Мунис режиссёр Люси Уокердин ал тууралуу тарткан «Таштанды» аттуу даректүү тасмасынан кийин («Оскар» сыйлыгына номинацияланган) бүт дүйнөгө аты чыкты.

Жакыр үй-бүлөдөн чыккан Мунис 18 жашында мушташып жаткандарга арачы боло коём деп, кокусунан жамбашына ок жеп, «ооз басырык» үчүн ок аткан байбача ага бир топ акча карматат. Ошентип, тагдырдын тамашасы менен анын көктөн тилегени жерден табылып, өнөрүнүн өтөөсүнөн чыгыш үчүн ал Нью-Йоркко жөнөйт. Ал жакта досунун колдоосунда студия ачып, өз дээринде катылган таланты, өжөрлүгү, тырышчаактыгы менен тез эле оозго алынат.

Чыгармачылык жолун алгач айкелчи катары баштап, кийинчерээк көңүл чордонун графика менен фотографияга бурат. Көркөм сүрөт менен фотографияны айкалыштырган анын бул багыттагы эксперименттери тростник плантацияларында 16 саат бою тынбай иштеген мандикерлердин балдарынын оор турмушу чагылдырылган «Шекер балдар» деген түрмөккө бириктирилип, Нью-Йорктогу Заманбап искусство музейине көргөзмөгө коюлат.

Салттуу эмес материалдарды (кургак пигмент, чаң, кумшекер, шоколад, алмаз, икра, балдар оюнчуктары, таштанды, журналдардын айрындылары ж.б.у.с.) пайдалануу менен Ван Гог, Пикассо, Малевич, Климт, Мондриан жана Матисс өңдүү көрүнүктүү сүрөтчүлөрдүн чыгармаларынын утурумдук көчүрмөсүн жаратып, аны фотоаппаратка түшүрүү аркылуу көрөрмандар үчүн шедевр картиналардын сырын жаңыдан ачат. Синди Шерман, Жефф Кунс жана Мюнис сыяктуу постмодернисттердин эмгектеринен эргүү алган ал өз чыгармаларында таанымал бейнелерди ийкемдүү пайдаланып, аларды башка өңүттөн чечмелейт.

Вик Мунистин эмгектеринин бири.
Вик Мунистин эмгектеринин бири.

Биз сөз кылганы жаткан тасмада жараткан эмгектери дүйнөнүн музейлерин кыдырып, эл аралык абройлуу сыйлыктарга илинип, заманбап инсталляция (ар кошкон элементтерден куралып, көркөм бүтүндүктү түзгөн композиция) менен фотографиянын чебери катары кадыр-баркка жетишкен Мунис өзү туулуп-өскөн шаары Рио-де-Жанейрого жол тартат.

Максаты – «Таштанды картиналарын» жаратыш үчүн эң ири таштанды Жардим Грамашодо акыр-чикир иргеп тиричилик кылгандардын (коомдон четтеп калгандардын) арасынан алгылыктуу моделдерди табуу эле.

Ал бөлөк баш калкалачу жери, аткарар жумушу, кылар аргасы калбай, жер үстүндөгү эң ыплас, эң булганыч, эң сасык, ден соолук үчүн ашкере кооптуу, тирүүлүктүн тозогундай жайды байырлаган адамдарын арасына келет. «Грамашо багында» баңгилер, ууру-кескилер, каракчылар, киши өлтүрүүдөн кайра тарпаган зөөкүрлөр да бар экенин уккан Вик Мунис таштандынын өзүнчө эле бир шаарын жана анда кудум курт-кумурскадай үймөлөктөшүп жүргөн миңдеген кишилерди көргөндө келмеси оозунан түшөт. Анткени ал акыр-чикир иргеп (кайра иштетүү үчүн экинчи чийки зат чогултуп), таштандынын арасынан тапкан азыктарды жеп, мынча көп адам жан багат деп элестеткен эмес.

Көрсө, мындай адам чыдагыс шартта чоң кишилер гана эмес, эне сүтү оозунан кете элек наристелер да жашайт экен.

Ошентип, ал таштандычылардын турмуш-тиричилиги менен тааныша баштайт. Алардын арасынан беш-алты модел тандап алып, жакын арадагы өз өнөрканасына аларды эки жумага алып кетет.

Сырттан көз салган кишиге адам үчүн мындан өткөн мүшкүл, мындан өткөн моралдык-психологиялык чоң сокку болбосо керек. Бирок Кудайдын каарына калгандай мындай каргашалуу жерге аргасыздык айдап келгенине карабай, алардын эч кимиси алгач өз тагдырларына анча наалыганы байкалбайт. Ушунусуна да шүгүрчүлүк кылгандай кеп салышат. Атасы таштап кетип, жети жашында биякка апасын ээрчип келген 18деги эки балалуу Сулем: «Баңгизат сатканга же көчөдө сойкулук кылганга караганда мында иштеген жакшы эмеспи», - дейт. Ал эми «99 али 100 эмес» деген өзүнүн өзгөчө философиялык түшүнүгү менен жашаган таштандычылардын башчысы Уолтер тескерисинче, таштандычы экенине сыймыктанат. Себеби анын кишилери жылына жүз миңдеген тонна акыр-чикирди иргеп алып, жер кыртышын, сууну, абаны, кеңири мааниде алганда бүтүндөй планетаны ашыкча уулануудан сактайт.

Вик Мунистин иштери.
Вик Мунистин иштери.

Тасма даректүү болгондугуна карабай, талантуу режиссёр ар бир каарманын бизге кудум көркөм чыгармагыдай кылдаттык менен тааныштырып отурат. Натыйжада алардын ар биринин өтмүшүнөн кабардар болобуз, ар биринин жан дүйнөсү ачылат, үмүт-тилеги, ой-кыялы белгилүү болот. Балдарды жакшы көргөн Сулем бала бакчада иштегиси келсе, китепти өзгөчө кастарлап, таштандыдан үч миңдей китеп жыйган Замби келечекте чоң китепкана ачууну максат кылат. Ал эми Макиавелли менен Ницшени туу тутуп, «элдин досу» деген атакка ээ болгон якобинчи Жан Поль Маратка окшошкусу келген Тиао алдыда таштандыны кайра иштетүүчү чоң ишканаларды курууну, өз тагдырлаштарынын социалдык маселелерин чечүүнү көздөйт.

Бир сөз менен айтканда, «адам санынан чыгып калгандардын» дээрлик көпчүлүгү чынчыл, түз, ыйман-ынсаптуу экендигине күбө болобуз. «Кедейлик - уят эмес, ал эми бай жана атактуу болуп туруп абийирден куржалак калуу - уят», - дейт Уолтер. Тилекке каршы, Уолтер айткан уятсыздар бүгүн дүйнөнү чегирткедей каптап баратат.

Вик Мунис студияга келгендерди тек модел катары эле пайдаланбай, алардын ар бирин чыгармачылыгына жигердүү катыштырат. Т.а. алар сүрөткердин жетегинде таштандыдан өз көркөм бейнелерин өздөрү жаратат. Болгону эки жумага жетип-жетпеген убакта алардын жан дүйнөсүндө, аң-сезиминде чоң өзгөрүү жүрөт. Алардын ар биринде Горький айткан адамдык улуу сыймык, улуу сезим ойгонот. Алардын ар бири буга чейин өздөрүн чүнчүтүп, чөктүрүп, басынтып келген өксүк комплекстеринен арылат. Эгер шарты келсе алар да Вик Мунис сыяктуу залкар сүрөтчү (архитектор, музыкант, мугалим ж.б.у.с.) боло ала тургандыгына ишене баштайт. Эми алардын эч кимиси мурдагы тиричилигине кайткысы келбейт.

Башта тек Жер шарындагы эң ири таштанды тууралуу фото сүрөттөрдүн түрмөгүн даярдоону максат кылган өнөрпөз өз моделдери менен кадимкидей туугандашып, алар ынак досторго айланат. Эң кызыгы, Вик Мунис гана алардын тагдырын, турмушун өзгөртпөй, алар да сүрөтчүгө чоң таасир этет. Бул жөнүндө өзү: «Мен аларга эмес, алар мага жардам беришти», - дейт. Чындыгында ушул долбоордон кийин Вик Мунис дүйнөдөгү атактуу кайрымдуу кишилердин катарын толуктайт. Жардим Грамашодо жараткан инсталляциялары аукциондо 250000$га сатылып, түшкөн акчаны бүт бойдон таштандычыларга берет.

Вик Мунистин сүрөттөрүнүн бири.
Вик Мунистин сүрөттөрүнүн бири.

Ал көбүнесе коомдун эң аялуу катмарынын бейнесин түзүп, социалдык, экологиялык курч маселелерге коомчулуктун көңүлүн бурат. Алсак, «Таштанды» даректүү тасмасы тартылгандан кийин Жардим Грамашодогу үрөйдү учурган жагдай бүт дүйнөгө жарыя болуп, Бразилия өкмөтү 30 жылдан бери Рио-де-Жанейрону ууландырып келе жаткан мындай кооптуу жайды жабууга аргасыз болду.

«Эч нерсең жок туруп көп нерсе тууралуу кыялдануу, бүт нерсең түгөл болуп кыялданбай койгондон миң мертебе артык», - дейт Вик. Демек, кыял (кеңири мааниде искусство, рухий дөөлөт) гана дүйнөнү жаңыртып, жаңылап, кулпуртуп, өзгөртүп турат.

Эмгектери дүйнөнүн дээрлик бардык музейлерин кыдырып, Пикассонун сюрреалисттик картиналарынан кем бааланбаган Вик Мунис учурда Бразилия менен АКШнын көптөгөн билим берүүчү жана социалдык долбоорлоруна катышып келет. Ал 2011-жылы ЮНЕСКОнун Ак ниет данакери болуп дайындалган. Вик Рио-де-Жанейродогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн «Эскола Видигалды» – өнөр жана технологиялар мектебин курууга кол кабыш кылган. Ал эми 2015-жылы Гейтс фондунун «Өмүрдү сактоо өнөрү» деп аталган ири долбооруна өзүнүн «Колониялар» долбоору менен катышкан.

Аким Кожоев

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG