Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Байбичелер бийкечтерге айланганда...


А. Шишкин «Шайыр өнөктөштөр». Автору Ирина Сабилина.

Карантин түрдүү кесиптеги адамдардын колу-бутун бууп, жумуш кылдырбай, бекерчиликтен тажатканы бүгүн көпчүлүк кыргызстандыктарга тааныш.

Бирок 200дөн ашуун өлкө менен территорияны каптаган бул алаамат бүргөдөй болсо да "чымыны барлардын” чыгармачылык шыгын ойготуп, атактуу сүрөткерлер менен бедизчилердин эмгектеринин үлгүсүн өздөрүнөн кем эмес жасоосуна шыпаагер болду. Ооба деңиз!

Ишенбесеңиз март айынын этегинен бери социалдык желелерде жүрүп жаткан “Изоизоляция” саамалыгынын катышуучулары жараткан чыгармалар менен таанышып көрүңүз. Ал үчүн "Facebook" дүйнөлүк желесиндеги “Изоизоляция” флешмобуна кошулуп, өнөктүктүн мүчөлөрү өз постторунда жарыялаган чыгармалардын фотосүрөттөрүн бир сыйра байкап көрүңүз.

Бүгүн береги флешмобго өз эмгектери менен катышкан адамдардын саны 560 миңден өттү. Алардын арасында кесипкөй сүрөткер, бедизчилерден башка да ар кыл кесиптин ээлери, студенттер, мектеп окуучулары, пенсионерлер да бар.

Ал эми постко тиркелген чыгармалардын (сүрөт, скульптура) автору же авторлору бир же эки адам, бир үй-бүлө же достор, коңшу-колоңдор болушу мүмкүн.

Мындай эл чыгармачылыгынын натыйжасында жаралган эмгектер түрдүү темада. Арасында көркөмдүгү жактан түп нуска – оригиналынан кем эмес иштер да жок эмес. Аларды карап отуруп бирде суктанасыз, бирде ыракат аласыз, бирде бооруңуз эзилгенче күлөсүз. Баарынан да адамдардын тапкычтыгына, изденүүсүнө таңданасыз; ага сарптаган убактысын, чыгымын билгенде, “баракелде” дейсиз.

Менин эсебим боюнча, эң популярдуу эмгектерге Ян Вермеердин “Зумрут сөйкөлүү бийкечи”(1665), Грант Вуддун “Америка готикасы” (1930), В. Серовдун “Шабдалылуу кызы”(1887), Эдвард Мунктун “Кыйкырыгы” (1893-1910), Фрида Калонун “Тикендүү шуручан автопортрети” (1940) ж.б. сүрөттөр кирет.

Жеке художнитерди алсак, европа живописинин жаңычыл реформатору атыккан Караваджонун сюжеттүү полотнолорундагы каармандарынын, Вена модерни агымынын көрүнүктүү өкүлү Густав Климттин (1862-1918) назданган сулууларынын, Пабло Пикассонун кубистик манерада тартылган адамдарынын, Владимир Любаровдун элеттиктердин турмушуна арналган ажайып сүрөттөрүнүн образына кызыгуу чоң. Ошон үчүн алар флешмобдо көп кайталанат.

Мени эң таң калтырган айрым чыгармаларга токтоло кетейин.

Алардын биринчиси, француз романтизминин беделдүү өкүлдөрү Франсуа Жирардон менен Том Реньодендин “Аполлон жана нимфа сулуулар” деген скульптуралык композициясы.

"Аполлон жана нимфа сулуулар”.
"Аполлон жана нимфа сулуулар”.

Мармар таштан чегип жасалган композициянын ортосунда байыркы грек жана рим мифологиясындагы жарыктын кудайы, искусство менен музанын колдоочусу Аполлон отурат. Аны сурайылдай сулуу алты аял (нимфа) жууп-тарашууда. Үчөөнүн колунда суу куюлган кумура, экөөнүн колунда түбү чункур табак. Апполондун жана үч аялдын денесинин уяттуу жерлерине ак кездеме оролгон.

Мунун баарын бирден терип айтып жатканымдын жүйөсү бар. Анткени Галина Блейх “жасаган” скульптуралык композияда мифологиялык жети фигура тең художниктин 90 жаштагы апасы!

Байбиче алты башка аялдын жана Аполлондун модели; байбиче драмалык актёр ирети ар бир образга скульптор жүктөгөн функцияны түшүнүп, ролун куп келиштирип аткарган! Маселе көркөмү кемтиксиз жети фигуранын ролун эзелки сымбаты менен эбак кош айтышкан ону кем 100 жаштагы байбиченин чоң чеберчилик менен ишенимдүү аткарганында!

Галина Блейх “жасаган” скульптуралык композиция.
Галина Блейх “жасаган” скульптуралык композиция.

Жети фигуранын чачын жасаганга полиэтилен, сүлгү, жышыгыч (мочалка), скотч пайдаланылган. Аларды кийинтүү үчүн аялдардын ич кийимдери, шейшеп колдонулган.

Үч кумура жана Аполлондун жанындагы лира кагаздан кесип жасалган. Ага орундук катары кадимки кресло кызмат кылат. Булар үйдө колдонулган эле буюм-теримдер! Мына эмгек, мына чыгармачылык изденүү! Мына тапкычтык! Атаңа баракелде!

Нидерланд художниги Герад Дауд (Геррит Доу) 1661-жылы тарткан “Шамчан аял” (автору Анжелика Рамазанова) да ажайып.

“Шамчан аял”, Герад Дауд (Геррит Доу).
“Шамчан аял”, Герад Дауд (Геррит Доу).

Оң колундагы шам өчүп калбашы үчүн сол колу менен желди тоскон кемпирдин образын 70 жаштагы Надежда Макарова байбиче жаратты.

Француз живописчиси Жан Батист Грёздун “Кир жуугуч аялына” (1761) “экинчи өмүр берген” Наталия Алтыпина мурдагы сүрөттү композициялык жактан бир кыйла байытып, жанрдык жаңы чыгарма жараткан десем аша чаппайм деп ойлойм.

“Кир жуугуч аял”, Жан Батист Грёз.
“Кир жуугуч аял”, Жан Батист Грёз.

Пабло Пикассонун жандырмагынан табышмагы көп сүрөттөрүн модель түрүндө чоң ынтаа менен жараткан художниктердин чеберчилиги кимди болсо суктандырбай койбойт.

Катруся Косилкованын “Ыйлап отурган аялы” улуу устаздын боз кендир бетиндеги парадоксалдык формаларынын гармониясынан пайда болгон аялдын жүзү кандай ойку-кайкы оймо-чиймелерден куралганын түшүнүүгө сонун ачкыч болору шексиз.

“Ыйлап отурган аял”, Пабло Пикассо.
“Ыйлап отурган аял”, Пабло Пикассо.

Пикассонун сюрреализм стилиндеги “Чымчыкчан аял” (1970) аттуу сүрөтүнүн оргиналдуу нускасынын тирүү моделин Анна Зобс жараткан. Кеп аялдын профилине мүйүздөй өскөн мурдундагы эки көзүн өз кызынын бетинде өтө чебер тартып койгонунда.

Тагыраак айтканда, эрдинин тегерегин ээгинин астына чейин көөлөп салганда эки моделдин беттерин катар-катар тизип койгондой көрүнүп калыптыр.

“Чымчыкчан аял”, Пабло Пикассо.
“Чымчыкчан аял”, Пабло Пикассо.

Орустун туңгуч живописчи кыздарынын бири Зинаида Серебрякова (1884-1967) тарткан орус аялдарынын сүрөттөрүн канча карасаң да кумарың канбайт.

Анын “Ашканада. Катянын портрети” деген эмгегинен натуралдуу натюрмортторду карап отурган жүзү периштедей тестиер кыздын идеалдуу образын көрөбүз.

Бул сүрөттөгү композицияны Елена жана Игорь Скрипченко деген жубайлар 14 жаштагы кызы Василисаны модель кылып жаратышкан. Эрди-зайыптын чыгармасында түп нускадагы бир топ заттар жетишпейт деген чакта да, алардын эмгеги, аракети кимди да болсо суктандырат деп ойлойм.

Мен москвалык художник Владимир Любаровдун элеттиктердин турмуш-тиричилигине арналып, жылуу-жумшак юморго чыланган ажайып сүрөттөрүн да флешмобдун катышуучулары өз жакындары, бала-чакалары менен куштарлана чыгармага айлантып жатканын эсиңиздерге сала кетмекмин.

Атактуу художниктердин белгилүү сүрөттөрүнө кынап койгондой окшоштуруп, тирүү букеттерден жасалган натюрморттор да өзүнчө сөзгө арзыйт.

Өкүнүчкө карай, биздин художниктердин, деги эле кыргызстандыктардын эмгектерин бул флешмобдон жолуктурбадым. (Балким жүз миңдеген эмгектердин арасында кимдир бирөөлөрдүн чыгармалары бардыр?!).

Бирок, өмүрү Кыргызстан менен түбөлүк байланган С. А. Чуйковдун жумурай журтубузга белгилүү “Советтик Кыргызстандын кызы” деген сүрөтүндөгү бийкечтин образын жаратуу аракети болду. Өткөн кылымдын ортосундагы илим-билимге умтулган кыздарыбыздын айкын символу деп саналган бул атактуу сүрөттү шылдыңдаган ал иш жөнүндө сөз кылуунун өзү авторуна ашыкча сый-урмат көрсөтүү болмок мен тарабынан.

Карантин маалында үйүңүздөгү аргасыз камоону кызыктуу кылуу үчүн эле эмес, көркөм чыгарма жаратуу шыгыңызды ойготуу же өзүңүздү бир сынап көрүү үчүн эринбей "Фейсбукка" кирип, “Изоизоляция” флешмобунда жарыяланган эмгектерге көз чаптырып көрүңүздөр.

Илхамыңыз келип, Леонардо де Винчи, Караваджо, И. Босх, Э. Мунк, А. Муха, К. Малевич сыяктуу чоң дөө-шаалардын калайык журтка тааныш сүрөттөрүндөгү каармандарды же композицияларды кайталоого даабасаңыз, өзүбүздүн эле Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейиндеги эмгектерди алыңыз.

Мисалы, залкар художник С. А. Чуйковдун “Чабандын кызы”(1948-1956) атактуу бедизчи Т. Садыковдун “Койчу баласынын”(1957), же бешиктеги баласын аваз кылып отурган эненин (“Жаш эне”, 1958), же А. Бейшеновдун “Эки дос” картинасындагы достордун же С. Төрөбековдун “Суусамырдын балдары” сүрөтүндөгү мектепке барып-бара элек курактагы төрт бала менен бир кыздын тирүү образын жасап көрүңүз. Болбосо көңүлүңүз сүйгөн сүрөтүңүздү алыңыз. Жаратыңыз.

Сиздин аракетиңиз ийгиликтүү болбогон учурда да живопись, скульптура ааламындагы сыйкырдуу дүйнөгө бир чөмүлүп, эстетикалык ырахат аларыңыз калетсиз!

Бул саамалык художниктер жараткан романтикалуу, идеалдуу образдар биздин арабызда, биз менен кошо жашап жүргөнүн айкын кылды деп ойлойм. Ал үчүн оболу “Изоизоляция” саамалыгынын катышуучулары үлгү катары алган эмгектерди, алардын негизинде жаралган чыгармаларды кунт коюп бир караңыз. Анан күзгүгө барып, жүзүңүзгө, тулку боюңузга назар салыңыз же тегерегиңиздеги адамдардын кебетелерин байкап көрүңүз. Ошондо сиз да атактуу художниктердин эмгектеринен өзүңүздү, колуктуңузду, балдарыңызды же кайсы бир таанышыңызды сөзсүз табасыз...

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG