Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:23

Кыргызстанда көркөм өнөр таануу мектебинин азыркы акыбалы кандай? Эмнеге сапатсыз айкелдер тургузулуп жатат? Жаштар көркөм өнөр таануучулук кесипке тартылбай жатышынын себеби эмнеде? Ушул суроолорго көркөм өнөр таануучу Арзыгүл Кутуева жооп берди.

"Азаттык": Азыркы тапта көркөм өнөрдүн ар түрдүү багыттары пайда болду. Катардагы эле адам чыгармачыл ой жүгүртүү же ичиндеги катылган талантын элге көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ушундай кымгуут учурда Кыргызстандагы көркөм сүрөт өнөр мектебинин акыбалы кандай? Анын ири өкүлдөрү барбы?

Арзыгүл Кутуева: Кыргызстанда жалпысынан алып караганда көркөм сүрөт өнөрүнүн бардык тармагы өнүгүү жолунда. Акыркы мезгилде авангард багыты менен классикалык реалисттик мектептин өнөрпоздору бирдей өнүгүп келе жатат. Себеби бизде өтө күчтүү реалисттик академиялык мектеп бар.

Бул - Улуттук көркөм сүрөт академиясы. Ал 25 жылдан бери иштеп келе жатат. Түзүмү өтө кеңири, жер-жерлерде мектептери, академиялары бар. Ал тургай алыскы аймактарда да өнөрканалары бар. Балдарды кичинекейинен, 6-7-класстан эле кабыл алып, көркөм табитин өстүрүүгө басым жасайт. Акыркы чейрек кылымда андан өтө көп бүтүрүүчүлөр чыгып калды.

Мындан сырткары дагы Семен Чуйков атындагы окуу жай бар, университеттерде да классикалык көркөм сүрөт кафедралары ачылууда. Анан эң эле башкысы, Кыргызстанда сүрөтчүлөр үчүн чыгармачылык эркиндик бар. Ар бир окуу жайдын бүтүрүүчүсү, байкашымча, өз стилин, сүрөт тартуудагы өз эн тамгасын таап, аны эл аралык аренага алып чыгууда.

Эмен паркындагы айкелдер. Бишкек. 08.4.2013.
Эмен паркындагы айкелдер. Бишкек. 08.4.2013.

Биздин сүрөтчүлөрдүн эмгектери Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен өзгөчөлөнүп, айырмаланып турат. Бир топ эл аралык кароо-сынактардан алдыга озуп чыгышууда. Маселен, живопись багытында жакында эле Сүйүтбек Төрөбековдун жана анын шакирттеринин көргөзмөсү абдан ийгиликтүү болуп өттү. Акыркы жылдары Сүйүтбек Төрөбеков менен Догдурбек Нургазиев сыяктуу бир катар сүрөтчүлөрүбүз эл аралык деңгээлдеги бийиктиктерди багынтууда.

"Азаттык": Айкелчилик (скульптура) жанрына да кайрылсак, азыркы учурда жаңы айкелдер коюлгандан кийин коомчулук жактырбай, анын одоно каталарын талкуулаган учурлар абдан көп кездешип жатат. Буга эмне себеп? Же айкелчилик мектеби начарладыбы?

Арзыгүл Кутуева: Ооба, көп сын-пикирлер айтылып, коюлган эстеликтер талапка жооп бербей калып жатат. Себеби, бул да билимге байланыштуу болуп калып жатат. Кыргыз айкелчилигинде Тургунбай Садыковдун таасири аябай чоң. Анын эмгектери айлана-чөйрөгө, архитектурага шайкеш келип, абдан гармониялуу, көркөм мазмуну терең жасалган.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, айкелчи Тургунбай Садыков. 2011.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, айкелчи Тургунбай Садыков. 2011.

Азыркы тапта Кыргызстанда жасалып жаткан айкелдерди ошол Садыков мектебинин шакирттери жасап жатат да. Бирок Улуттук көркөм сүрөт академиясында азыр айкелчиликтин станоктук түрү гана окутулат.

Монументалдык айкелчилик боюнча адистик жок. Ушундан улам монументалдык эстеликтерди койгондо катачылыктар кетип жатат. Негизи эле монументалдык айкелчи архитектураны, айлана-чөйрөнү, ландшафтты, адамдын көркөм табитин, психологиясын, анатомияны жакшы билиши керек эмеспи.

Бизде, тилекке каршы, улуу адамдардын, же тарыхый кишилердин эстеликтери көбүнчө бийликтин буюртмасы менен жасалат. Ага тендер деле өтпөйт. Батышта, маселен бирөөнүн айкелин жасоо тууралуу чечим чыкса, көркөм искусствонун өкүлдөрү, архитекторлор жана башка адистерден турган калыстар тобу конкурс жарыялап, бир нече жыл айкелчилерди иргеп, алардын долбоорун талкуулап жатып, анан жасалат да. Бизде болсо тезирек жасай салуу шарты менен эч кандай калыстардын сынынан өтпөй эле коюлган эстеликтер коомдун сынына кабылып жатат деп ойлоймун.

"Азаттык": Негизи эле Кыргызстанда "көркөм сүрөт өнөр таануучусу" деген кесиптин ээсин табыш өтө кыйын. Эмнеге жаштар бул кесипке кызыгышпайт? Ага кызыктырып, тартуунун заманбап жолдору көп го. Маселен, арт-менежмент сыяктуу өнөрдү кошо үйрөтсө болот беле?

Арзыгүл Кутуева: Чындыгында ушул багыттагы адистердин жоктугуна байланыштуу факультеттер да жабылып калды. Мен өзүм жогорку окуу жайында бул адистикти 2005-жылы бүтүргөм. Менден кийин бир же эки жолу эле бүтүрүүчү чыгарышты. Андан кийин жабылып калды. Бүтүрүүчүлөр билимин андан ары тереңдетүүгө да шарттар жок.

Аспирантурага окуйлу десек, сөзсүз түрдө Орусия же башка өлкөлөргө чыгышыбыз керек. Бул албетте, аябай кымбат. Мамлекет тарабынан да көркөм өнөр таануучуларга көңүл деле бурулбайт. Көркөм өнөр тааныган улуу муундун өкүлдөрү калбай, азайып бара жатат.

Асатилла Тешебаев. "Жашоо - күрөш".
Асатилла Тешебаев. "Жашоо - күрөш".

Негизи эле заман талабына ылайыкташтырып, көркөм өнөр менежменти деген сыяктуу өнөрдү кошо үйрөнсөк жакшы болмок. Менин алган билимим менен чыныгы реалдуу жашоодогу заман талабы дал келбей калды. Көп нерсени өз алдынча үйрөнүп, таанып-билүүгө туура келип жатат. Ушундан улам билимимди өркүндөтүш үчүн жакында Орусияга кетүүгө камынуудамын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG