Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Жылаңач сүрөт "Нуреевдин" жолун бууду


Москвадагы Мамлекеттик "Большой" театры «Нуреев» балетинин 11-июлга пландалган премьерасын кийинкиге калтырды. Маалыматтарга караганда, Орусиянын маданият министри Владимир Мединский спектакль «салттуу эмес сексуалдык баалуулуктарды даңазалайт» деген жүйө менен премьераны жылдырууга көрсөтмө берген. Айрым сынчылар бул кадамды цензура деп сыпаттаса, министрлик жана театр жетекчилиги муну төгүнгө чыгарышууда.

10-июлда Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги өз булагына таянып, маданият министри Мединский «спектакль салттуу эмес сексуалдык баалуулуктарды даңазалоого» окшойт деп абдан нааразы болгонун жазган. Бирок эң кызыгы кийин агенттик баштапкы маалыматын өзгөртүп, министр жөн гана балеттин бет ачарын кийинкиге жылдыруу сунушун колдогонун жазды.

Маданият министрлиги мекеме жетекчисинин кийлигишкенин төгүндөсө, айтылуу "Большой" театрынын (Чоң театрдын) жетекчилиги ТАССтын кабарын "чагым" деп атады.

Эмнеси болсо да, режиссер Кирилл Серебренниковдун көптөн бери күтүлгөн спектаклин публика бул сезондо көрө албай тургандай. Айрым маалыматтар боюнча, министрге кумсалыгын жашырбаган даңазалуу бийчинин жылаңач сүрөтүнүн спектаклде фон катары пайдаланылышы жакпай калган.

Салттуу эмес сексуалдык катнаштарды жашы жетелек өспүрүмдөр арасында пропаганда кылууга каршы мыйзам Орусияда 2013-жылы кабыл алынган. Өткөн айдын соңунда Адам укуктары боюнча Европа соту ал мыйзамды дискриминация деп тапкан.

"Большой" театрдын директору Владимир Урин апта башындагы пресс-жыйында труппа бет ачарга 20 күн калганда Жапониядагы гастролдон кайтып келгенин айтып, спектакл даяр эмес, чийки болчу деп түшүндүрдү:

Владимир Урин
Владимир Урин

- 20 күн ичинде балетти чогултуу мүмкүн экенин түшүнүп турганбыз, себеби негизги бөлүктөрү даяр болуп калган. Бирок Кирилл Серебренников келгенде бул жөнөкөй спектакль эместигин түшүндүм. Бул жерде балеттен тышкары хор, опера солисттери, чоң массовка керек экен.

Премьеранын жылдырылышынан саясий себепти издөөнүн кереги жоктугун айткан директор бет ачарды эмки жылга которуу чечими режиссер жана хореограф менен биргелешип кабыл алынганын билдирди. Урин ошондой эле театр каржылык жактан эч кандай чыгымга учурабаганын белгиледи.

Кирилл Серебернников
Кирилл Серебернников

Бул окуя Серебренников негиздеген театралдык студиянын кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголгон учурда болуп отурат. Май айынын этегинде режиссер өзү «Жетинчи студия» жана «Гоголь-центрдин» мурдагы жетекчилеринин финансылык мыйзам бузууларга байланышкан иши боюнча суракка чакырылган.

Ал эми айрым маалымат каражаттары Мединскийге президент Владимир Путинге жакын диниятчы, епископ Тихон "кысым" көргөзгөн, министр театрдын директорун православ активисттердин пикети менен коркуткан деп жазышты.

Орусиянын маданият министри Владимир Мединский
Орусиянын маданият министри Владимир Мединский

Театралдык сынчы Анна Монгайт да министр өз демилгеси менен эле спектаклге чабуул койгон деген ойго анча ишенбейт:

- Большой театр министрге баш ийбейт. Театр президентке түздөн түз баш ийет, директорун президент өзү дайындайт. Анын үстүнө буга чейин Мединский Большойдун ишине кийлигишип, балет-оюндардын мазмуну боюнча көз карашын билдирген учурлар болгон эмес.

Режиссер Владимир Мирзоев болсо Нуреев азыркы орусиялык бийлик үчүн ыңгайсыз каарман, Кремл мындай курч дискуссияга өзү катышкысы келген жок деген пикирде. Ал эми министр солдаттай болуп эле үстү жактагылар кандай буйрук берсе, аны аткарган, - дейт режиссер.

Рудольф Нуреев – даңазалуу советтик балет артисти - 1961-жылы Париждеги гастролдордо жүргөндө саясий башпаанек сурап, СССРге кайтып келбей койгон. Бул үчүн мекенине чыккынчылык кылды деп жети жылга сыртынан кесилген. Нуреев Батышта чоң ийгиликтерге жетишип, эң белгилүү театрларда бийлеп, кийин Париждеги Гранд-операнын балет труппасын жетектеп турду.

Артист 1993-жылы СПИД оорусунан көз жумган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG