Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 16:36

Нурлан Абишев Алматыны жылдын төрт мезгилинде тең сүрөткө тартат. Сүрөткер өзгөчө сүйүүсүн эки кызынын Алматыда төрөлүшү, калаанын жылдын төрт мезгилиндеги кайталангыс элестерин холстто түбөлүк сактап калуу ыкласы менен түшүндүрөт.

Алматынын абалын он эки ай бою байкап, шаардын Күндүн нуру менен кошо өзгөрмө ландшафтын түбөлүк кармап калгысы келген сүрөтчү-пейзажчы бар. 43 жаштагы Нурлан Абиш уулу кесиби боюнча дизайнер, Алматыдагы Жургенов атындагы искусство академиясын бүткөн. Бирок бүгүн аны Казакстанда живосписчи, график, кино сүрөтчүсү, оригиналдуу скульптор катары да билишет. Анын абстракттуу живопись жанрында да кызыктуу эмгектери бар. Деген менен Нурлан Абишевдин пейзаждарысыз бүгүнкү Алматыны элестетүү мүмкүн эмес. Сүрөткер өзү калаага болгон өзгөчө сүйүүсүн тун кызынын төрөлүшү жана аталык сезимдин жаралышы менен түшүндүрдү:

- Он жыл мурун биринчи кызым төрөлгөн. Ошондо мен шаарга башка көз менен карадым. “Тун кызым ушул шаарда жашап жатат, ушул жерде жашоого келди го” деп, Алматыга болгон көз карашым өзгөрдү. Мурунку үйлөр менен көчөлөр мага бөлөкчө көрүндү. Мен эми жалгыз эмесмин, бу дүйнөдө мени бир бөлүгүм бар деген сезим жаралды жана шаардын пейзажын тарта баштадым.

"Алматы". Н. Абишев.
"Алматы". Н. Абишев.

​Нурлан Абишев, өзү айткандай, биринчи кызы туулгандан бери өзүн Алматы шаарынын бир бөлүгү катары сезет. Ошон үчүн сүйүктүү шаарын жамгырдуу күндө да, ак кар баскан кышта да, аптаптуу ысыкта да, уйкулуу түндө да тартат. Шаардын кан тамырынын сокконун сезип, маанайын байкап турганга аракет кылат. Ошого бирде холст бетинде жарык боёктор бийлесе, бирде саргылт жана күңүрт өңдөр күңгүрөнөт.

Алма бышканда эмне дейт?

Сүрөткердин айтымында, алманын мөмөсү бышкан соң дарагын эмгенди токтотот жана дарак да мөмөсүнө эч нерсе бере албай калганын мойнуна алат. "Ошондо алма бутагынан үзүлүп түшөт. Кыш да убакты-сааты бүткөндө дарагынан ажыраган алма тейинде жайга орун берет", деди Нурлан Абишев философиялык нукта сүйлөп.

"Күз. Алматы". Н. Абишев.
"Күз. Алматы". Н. Абишев.

- Анан экинчи кызым төрөлдү. Жашоого көз карашым дагы бир аз өзгөрүп, көбүрөөк философиялык ой жүгүртчү болдум. Мени түрдүү темалар ойлонто баштады. Мисалы, кыш менен жаздын ортосундагы чек ара. Кыш чыгып баратканда кар улам азайып отурат; айдың талаа жана тоо-кырларда ак түс азаят да, көктөм келет. Бул кубулуштун чек арасы кайда? Муну кандай түшүндүрсөм сизге? Көктөмдө дарактын башында алма мөмө катары жок болот, бирок алма дарактын өзөгүндө бар да. Ал өзөктө шире сыяктуу сакталып турат. Ал дарактын сөңгөгү менен акырындап сыдырылып чыгып жатып, алманын формасына айланат. Анан алма качан өз бутагынан үзүлүп түшөт? Алма ширенин баарын дарагынан алат да, “тойдум” дейт. Дарак болсо “бар ширемди алмага бердим” дейт. Мындан ары экөөнүн ортосунда эч кандай карым-катнаш жок. Киндик кесилгендей болуп, алма жерге кулайт. Үзүлүп түшөт. Ушу сыяктуу эле күз бүтүп, кыш башталат. Буга чейин кыш күздүн ичинде жатат. Дарактан алма бөлүнгөн сыяктуу эле кыш күздөн акырын чыгып кетет. Мен береги кубулушту өң, боёк менен көрсөткүм келет. Ошон үчүн кыш жана күз мезгилин сүрөткө салам. Же кээде көчөдө келатып, бир ажайып көрүнүшкө көзүң түшөт: Асмандагы булуттар үй болуп турат. Булуттардын формасы, биз жашаган Күн эч качан кайталанбайт го... Ошол кайталангыс Күндүн элесин эстелик кылып калтырайын деймин. Ушул менин негизги максатым.

Нурлан Абишев өз пейзаждарында жылдын төрт мезгили менен жарыша кубулуп турган Алматынын көрүнүшүнө суктанат. Ар мезгилдин кайталангыс сулуулугун полотно бетинде кармап калганга умтулат. Сүрөткердин картиналарынан бак-дарактарга, имараттарга ак тон кийгизген кыштын ызгаарын; аязда тоңгон Жерге жан киргизип, дарактарга бүчүр байлаткан жана айдың талаага гүлдөрдү чачыладай жайнаткан жаздын ысык демин, айлананы жашыл кымкап менен каптаган жайдын ысык аптабын, дарактардын бутак-шактары саргылт бариктерин күбүй баштаган сары алтын күздүн ажайып кооздугун көрүп, ырахат аласыз.

Лянга ойногон балдар

42 жаштагы Нурлан Абишевдин эмгектеринин арасында айыл турмушун чоң эргүү, терең урмат менен даңазалаган сүрөттөр да бар. Мисалы, “Чүкө ойногон балдар” жана “Лянга ойногон балдар” деген сүрөттөрдө оюндун кызуусуна баткан балдардын абалы чоң чеберчилик менен берилген. Ошого балдарга кошулуп чүкө аткың же лянга тепкиң келип кетет.

"Лянга ойногон балдар". Н. Абишев.
"Лянга ойногон балдар". Н. Абишев.

Ал эми кымыздын жыты таноону жарган “Кымыз майрамы” картинасы – жайлоого гимн! Сүрөткердин элет турмушун жакшы билген себеби - ал айылда чоңойгон.

- Менин кичинекей кезим айылда өттү. Алматыга мектепте окуп калган чакта көчүп келдик. Окуучулук жылдарымдын жарымын айылда, жарымын шаарда окудум. Ошентип балалыгым айылда да, калаада да өттү. Ошого калааны да, айылды да жакшы билем.

Алматы пейзажынын лириги Нурлан Абишев
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:50 0:00

Унутулбаган биринчи сүйүү

Сүрөткердин балалыгы айыл жеринде өткөндүктөн го, аны такай жапайы жаратылыш тартып турат. Ошон үчүн ал ар жылы жайкысын Алматыдан 80 чакырымдай чыгыштагы Чарын капчыгайына ашыгат. Шамал жүздөгөн жылдар талбай эмгектенип, түркүн формага салган байыркы кызгылт-сары бөксөлөрдү сүрөткө салат. Сүрөткердин “Чарын каньону” полотносу 2011-жылы Нью-Йоркто өткөн «SPRING IN FULL COLOR» эл аралык көргөзмөсүндө “Реализм” категориясында күмүш медаль менен сыйланган.

"Чарын каньону". Н. Абишев.
"Чарын каньону". Н. Абишев.

- Чарын каньону аябай кооз. Мен ал жакка дайыма жазында сүрөт тартканы барам. Каньон - Жердин жараатынан калган из, тырык сыяктуу. Килейген жаракалары бар. Ошону сүрөткө түшүрөм. Эгер түн ичинде каньонго барсаңыз, ажыдаар сейилдеп жүргөндөй туюлат. “Уууу” деп жел ойноп турат. Мен ошону сүрөткө салдым. Ошол керемет дүйнө мага абдан жагат.

Нью-Йорктогу көргөзмөнү Бродвейдеги "ASA Art" галереясы Нью-Йорктун Искусство академиясы менен "New York Realism Fine Art" уюмунун колдоосу астында өткөргөн. Бул көргөзмөдө Нурлан Абишевдин “Мен сени сагынганда” деген сүрөтү “Лирика” категориясында алтын медалга татыган. Дили таза, аталык сезими бийик сүрөткер бул картинанын жаралышына казактын лирик акыны Мукагали Макатаевдин "Мен сени сагынганда" (Мұқағали Мақатаев "Мен сені сағынғанда") деген ыры түрткү болгонун айтты. “Кезинде мен ашык болгон кыз бар эле. Ошол кызды эстеп, сагынып тарткан сүрөт”. Перидей аруу сулуулардын образын жаратканда биринчи сүйүүсүнүн ажарын көз алдына элестетип тартканын кайсы сүрөткер мойнуна алат?

"Мен сени сагынганда". Н. Абишев.
"Мен сени сагынганда". Н. Абишев.

Чүкө-тулпар, хрустал-илбирс

Нурлан Абишевдин ысымын Казакстанга дүңк эткирип угузган дагы бир окуя 2012-жылы август айында болду. Ал “Евразия” деп аталган скульптуралык эмгегин - тулпар атты койдун чүкөсүнөн жасады. Ашыктар бири-бирине айкүр турган абалында кынаптап коюлган.

- Бул Нурлан Адилхан деген таякемдин идеясы. Ошол экөөбүз жасадык. “Евразия” деп аталган себеби - биз ашыктарды Евразиянын аймагынан: Орусия менен Казакстандан чогулттук. Бардыгы 9 миң. “Ашыгың алчысынан турсун” деп айтат го. Жанагы 9000 ашык алчысынан турат. Өлкөнүн 20 жылдык эгемендигине карата жасаганбыз. Беш жаштагы бала ашык ойнойт да. Ал 20 жашында мекенин коргой турган жигит болот. Ашыктар тулпар аттын формасында жыйналган: "Казакстан тулпардай күлүк, ылдам жана эркин" деп.

Нурлан Абишев ашыктан жасалган тулпардын айкели менен. 2012-жыл.
Нурлан Абишев ашыктан жасалган тулпардын айкели менен. 2012-жыл.

Орусия менен Казакстандан чогултулган чүкөлөрдөн жасалган бул аттын скульптурасы үчүн учурунда араб байлары 35 миң доллар бермек болушкан. Бирок Нурлан Абишев бийиктиги кадимки аттай айкел өз мекенимде калсын деп, сатпай койгон.

- Бириккен Араб Эмиратындагы көргөзмөдө кардарлар чыгып, "сатып алайын" дегендерине макул болбой койдум. Анда ашык айкел биротоло кетип калмак. Айкел Алматыда “Мега”, “Эсентай” деген соода борборлорунда турду. Азыр Борбордук универсалдуу дүкөндө ЦУМда турат. Аны ээлеп, 70 жылга патенттеп коюшкан. Ошого ашык атты дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө жасап болбойт.

Дүйнөдөгү рекорддорду каттачу Гиннесс уюму жаныбарларды коргогон "жашылдардын" нааразылыгынан улам Нурлан Абишевдин чүкөдөн жасаган тулпарын рекорд деп каттаган эмес.

- Койдун чүкөлөрүнөн жасалган тулпардын айкелин Гиннесс китебине каттоого арыз бергенбиз. Ал беш позицияны утуп, бирок акыркы, алтынчы позицияда айлана-чөйрөнү коргоочулардын "Гринпис" уюму каршы чыгып, катталбай калды. Биз койлорду атайын союп, чүкө чогулткансып. Ашык оюн экенин алар түшүнбөйт го...

Скульптордун экинчи бир даңазалуу иши - илбирстин 12 миң даана хрусталдан жасалган айкели. Бул айкелди жасаш үчүн өнөрпоз эчен ирет Алматы зоопаркына барып, илбирстин мүнөзүн жана пластикасын үйрөнөт.

- Илбирс 12 000 даана хрусталдан жасалган. Хрусталды атайын Египеттен алдыргам. Илбирс Алматы шаарынын символу го. Анткени Алматынын сыртындагы тоолордо илбирс көп. Айкел үчүн атайылап өңү тунук хрусталды тандагам. Себеби “илбирс жаныңдан бир метр жерден өтсө да көрбөй каласың” деп мергенчилерден уктум. Ошон үчүн хрустал да көрүнбөй турат.

Нурлан Абишев фильм тармагында да үзүрлүү эмгектенген художник. Ал төрт көркөм фильмге башкы сүрөтчү болгон. Азыр “Казак хандыктары” жана “Томирис” деген көркөм фильмдердин союжеттеринин иретинин үстүнөн иштеп жатат.

Иллюстратор катары “Төрт булут”, “Амина көчмөндөр өлкөсүндө”, “Казак жомоктору” жана “Айдахардын ойрон болушу” деген китептерди көркөмдөгөн. Былтыр Н. Абишевдин 11 абстракттык ишинин көчүрмөсүн жасап алууга кадырлуу франциялык компаниялардын бири мыйзамдуу негизде укук алды. Сүрөткердин абстракттык иштери Алматыдагы чоң компаниялардын кеңселерине да көрк берип, аларды байдөөлөт кылып турат.

Акыркы жети жылда Нурлан Абишев 360 сүрөт тартса, бүгүн алардын 280ден көбү казакстандыктардын жана чет өлкөдө жүргөн мекендештеринин үйүнүн көркү. Алматыны эстегенде сагынычын жазчу жана кусасын басчу даргөйү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG