Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

«Кыргыз жерин» элине калтырган обончу


 Төө-ашуу.
Төө-ашуу.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, маркум обончу Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгынын урматына жалпы өлкө боюнча «Апаз Жайнаков жумалыгы» уюштурулду.

Иш-чара социалдык тармактарда онлайн форматта өткөрүлдү. Эскерүү кечесине катышууну каалагандардын жашына чек коюлган жок. Катышуучулар обончуга арналып жазылган акын-жазуучулардын ырларын көркөм окуп, обондорун музыкалык аспаптарга салып ойноп, обондорун музыкалык аспаптарда ырдап, обондорун эстрада жанрында ырдашып, эскерүү сөздөрүн, обончуга таандык ырларды #Жайнаковжумалыгы хэштеги менен социалдык баракчасына жайгаштырышты.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев кыргыз улуттук музыка өнөрүндөгү чыгаан таланттын ысымы анын калтырып кеткен чыгармалары аркылуу түбөлүккө жаңыра берерин айтты:

Кайрат Иманалиев.
Кайрат Иманалиев.

«Апаз Жайнаков аз жана саз өмүрүндө өлбөс-өчпөс из калтырды. Анын ар бир чыгармасынын күчтүүлүгү, кайрыктарынын тереңдиги өзүнчө. Башкасын айтпайын, «Кыргыз жери» деген чыгармасы не деген керемет?! Биздин Эл артистибиз Саламат Садыкова Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин коштоосу менен ырдап чыкканда суктанбаган адам калган эмес. Бул ыр жалаң эле бизде эмес, башка өлкөлөрдө ырдалганда да көрүүчүлөр суктанып, таң калганын көргөнбүз. Бул ырды уккан алыста жүргөн мекендештерибиз ыйлашкан. Апаз агай өзү ырларын аткарганда ар бир ырынын көркүн чыгарып ырдачу. Ал элет маданиятын көтөргөн мыкты обончуларыбыздын бири».

Апаз Жайнаков Баткен облустук музыкалык драма театрын түптөгөн. Ал театрга обончунун аты ыйгарылган. Театрдын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков бул жумалыктын башкы уюштуруучусу катары иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн кабарлады:

Курманбек Ниязбеков.
Курманбек Ниязбеков.

«Борбордогу бардык маданий мекемелер, театрлар, ырчылар, мектеп окуучулары агайдын ырларын ырдап бизге жөнөтүп турушту. Агай тууралуу эскерүүлөрдү айтып алыскы Москвадан да жиберишти. Биз ар бир катышуучунун материалын өзүбүздүн баракчабыз аркылуу соцтармактарда бөлүшүп жаттык. Агайды эскерүү - биздин милдет».

«Өрүкзарга кетели», «Аман жар», «Бийге чакыруу» сыяктуу бир катар мукам обондору менен жалпы кыргыз элинин алкоосуна арзыган обончунун уулу Максат Жайнаков атасынын кыргыз маданиятына жасаган эмгеги ар бир музыка сүйүүчүсүнүн жүрөгүндө жашай берерине ишенет.

Максат Жайнаков.
Максат Жайнаков.

«Атам өзгөчө боорукер жан эле, - деди ал. - Ал бизди урушкан, катуу айткан эмес. Туура эмес жасаган аракеттерибизге акырын түшүндүрүп айтчу. Ал чыгармаларын жаратарда 4-5 ай, кээде бир жылга чейин ошол чыгарманын артынан кууп иштечү. Балдарынан эч кимибиз атамдын жолун жолдогон жокпуз. Бирок мен 2010-жылдан бери театрга аралаша баштадым».

Апаз Жайнаков 60тан ашык ырга обон жазган. Анын «Кыргыз жери», «Өрүкзарга кетели», «Булакта», «Айгүл гүлү» аттуу обондору эл арасында кеңири ырдалып жүрөт. Анын жакын досу Ашым Полотов мыкты обондорду жараткан обончу, элет маданиятын көтөрүү максатында Баткен облустук музыкалык драма театрына сахналаштырылган театралдык эмгектерди койгондугун эскерип отурду:

Ашым Полотов.
Ашым Полотов.

«Апаздын эски баяны бар эле, ошонусу менен бир нерселерди кыңылдап калчу. Мектепте окуп жүргөндө футболду абдан жакшы көрчү. Ал Улукмырза Полотовдон билим алды. Ыр дүйнөсүнө аралашканда алгач айылдын клубунда иштей баштады. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билимин улантты. Ошондо экөобүз чогуу окуп калдык. Ал Түмөнбай Байзаковдун сөзүнө жазылган «Кыргыз жерин» ошол убакта, студент кезинде чыгарды. Бөлмөдө кыңылдап ырдап калганда маани деле бербеппиз. Кийин дал ошол чыгарма дүң этип чыгып кетти».

Кете берди кыл талант...
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Полотов өз сөзүндө Апаз Жайнаков обон жаратарда акын-жазуучулардын тексттерине кылдат көңүл буруп, ар бир сөз купулуна толгондо гана жаңы обонун жаратканын айтты.​ Анын жараткан обондорун Саламат Садыкова, Анапия, Дилбар Райымбековалар, «Достук» тобу ырдап жүрүшкөнүн кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу Апаз Жайнаков 1960-жылы 6-мартта Баткен районунун Орто-Боз айылында туулган. Ал 2013-жылдын 9-октябрында Баткен облустук музыкалык драма театрын жетектеп турганда көз жумган. Ысымы өзү жетектеген театрга ыйгарылган. Көзү тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак.

XS
SM
MD
LG