Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Жусупбекова: Мектептерге коррупциялык жол менен дайындалган директорлор бар


Надира Жусупбекова.
Надира Жусупбекова.

Мектеп, бала бакча жана башка билим берүүчү жайлардын жетекчилерин дайындоодо коррупцияга жол берилген учурлар бар.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова окуу жайлардын жетекчилери тууралуу уюштурулган талкууда сүйлөп жатып айтты.

"Бүгүнкү күнү эч кимге жашыруун эмес, билим берүү уюмдарынын баарына эле компетенттүү, кесипкөй жетекчилер дайындалып жаткан жери жок. Лобби бар, коррупциялык аракеттер да бар. Жүз пайыз кесипкөйлөр дайындалып жатат деп айта албайбыз. Ошондуктан, мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө көп нерсе көз каранды. Өзгөртүү киргизүүнүн үстүнөн иштеп жаткан жумушчу топ учурда мына ушуну эске алып, ойлонуп жатабыз".

Мектеп, бала бакча, интернат, гимназия жетекчилерин беш жылда бир жолу аттестациядан өткөрүү маселеси "Билим берүү тууралуу" мыйзам долбооруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн бири.

Жусупбекованын айтымында, жетекчилер мезгил агымынан калышпай билимин өркүндөтүп турушу үчүн аттестациядан өткөрүлөт.

"Билим берүү тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 26-январда коомдук талкууга коюлган. Негизинен мыйзамдын 38-беренеси - билим берүүчү уюмдардын жетекчилерин аттестациялоо жана кызматка дайындоо жоболоруна өзгөртүү киргизүү каралган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG