Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

АКШ Сириядагы козголоңчулардын объекттерине сокку урду


Пентагондун имараты
Пентагондун имараты

Пентагон АКШ Сириянын чыгышындагы Ирандын колдоосуна ээ козголоңчулар колдонгон объекттерге сокку урганын билдирди.

25-февралда тараткан маалыматта аба соккулары Ирактагы америкалык жана коалициянын аскерлери жайгашкан базага ай башында жасалган чабуулга жооп катары урулганы жазылат.

Соккулар Сирия менен Ирактын чек арасындагы көзөмөл өткөрмө бекетиндеги бир нече объектке жасалды. Аларды Иран колдогон козголоңчулар, анын ичинде "Кайтиб Хизбалла" жана "Кайтиб Сайид аль Шуха" топтору колдонуп келишкен.

АКШнын Коргоо министрлиги козголоңчулардын арасындагы жоготуулар тууралуу ачык маалымат берген жок. Ал эми Сириядагы адам укуктарына көз салган уюм билдиргендей, Ирактан курал-жабдык алып келаткан үч жүк ташуучу унаага жасалган аба соккудан расмий Багдадга байланышы бар "Популярдуу элдик мобилизация" отряддарынын 17 мүчөсү каза болду.

"Популярдуу элдик мобилизация" отряддары - бул негизинен шиит ирактыктардан турган топ. 15-февралда Ирактын Күрдистан жарым автоном аймагынын борбору Эрбил шаарындагы эл аралык аэропорттун жанындагы аскердик базага ракеталык сокку урулган.

Анда бир ирак жараны мерт болуп, бир америкалык аскер жана коалициянын башка жоокерлери жараат алган. Андан бир нече күн өтпөй Багдаддын түндүгүндөгү америкалык аскер базага ракеталык сокку урулуп бир адам жарадар болгон.

Ушул жума башында Багдаддын АКШнын элчилиги жайгашкан районуна да ракеталык чабуул коюлду.

XS
SM
MD
LG